Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Өзбекстан: Гани, Дустум баштаган оогандар биздин аймакта эмес


Ашраф Гани
Ашраф Гани

Өзбек бийлиги Ооганстанда “Талибан” кыймылы баш калаа Кабулду ээлеген соң өлкөдөн чыгып кеткен президент Ашраф Гани жана башка чиновниктер өз аймагында жок экенин билдирди. Бул тууралуу Өзбек Тышкы иштер министрлигине караштуу “Дүние” маалымат агенттиги жазды. Анда Ашраф Гани, Абдул Рашид Дустум, Атто Мухаммад Нур Өзбекстандын аймагында деген кабарлар чындыкка жатпай турганы жазылган.

16-августта америкалык New York Times басылмасы Ашраф Гани аялы жана эки жардамчысы менен бирге Өзбекстандын аймагына барганын жазып чыккан. Ооганстандын Ташкенттеги элчилиги Ганинин Өзбекстанга келгенинен кабары жоктугун билдирген.

Ооганстандын мурдагы вице-президенти, өзбек тектүү саясатчы Абдул Рашид Дустум жана Балх провинциясынын мурдагы губернатору, тажик тектүү Атто Мухаммад Нурдун Өзбекстандын Термез шаарына качып киргени боюнча да кабарлар тараган.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани 15-августта Кабулду “Талибан” кыймылы басып алган соң өлкөдөн чыгып кеткен. Ал "Фейсбуктагы" баракчасына “кан төгүнүүнү болтурбоо үчүн ушундай кадамга барганын” жазган.

Мындан соң анын Тажикстанга учуп келгени кабарланып, бирок расмий Душанбе бул маалыматты четке каккан эле. Азырынча 70 жаштагы Ашраф Ганинин кайда экени белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG