Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Медицина кызматкерлеринин 57% эмдөөдөн өттү


Кыргызстандагы эмдөө учуру.
Кыргызстандагы эмдөө учуру.

Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин 57,5% коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 41 300 (57,5%), экинчи дозасын 31 622 (44%) медицина кызматкери алган.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде иштеген кызматкерлердин 2978и (77,6%) коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн.

Мекемеде жалпы 3095 штаттык бирдик бар, анын 117 оруну бош.

18-август, саат 14:30гө карата Кыргызстан боюнча жалпы 910 миң адам эмдөөдөн өттү.

18-августка карата Кыргызстанда 260 адам коронавирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды. 534 адам сакайып чыкты. Беш адам көз жумду.

Ушуну менен былтыр марттан бери өлкөдө вируска чалдыккандардын жалпы саны - 172 937 адамга жетти. Оорудан сакайгандар - 164 344 киши. Илдеттен 2462 адам көз жумду. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG