Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

COVID-19: Жаңы Зеландияда кайрадан чектөө киргизилди


Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардер
Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардер

Жаңы Зеландияда жети кишиден коронавирус аныкталды. Буга чейин бир нече ай өлкөдө СOVID-19 вирусун жуктургандар аныкталган эмес. 17-августта вирус бир адамга жуккан соң бийлик өлкө аймагында үч күн, ал эми Окленд жана Коромандел аймактарында жети күндүк карантин киргизген. Премьер-министр Жасинда Ардер өлкөдө вирус жуктургандар дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди.

Анткени коронавирус аныкталган адамдар буга чейин чиркөө, мектеп сыяктуу коомдук жайларга барышкан. Премьер-министр коронавирусту жайылтпоонун буга чейинки стратегиясын кайрадан колдонорун айтты.

“Албетте, вирустун "дельта" варианты коркунучтуу. Бирок буга чейин иштеген эрежелерди так сактасак кайрадан пайдалуу болот”, - деди ал.

Акыркы күндөрү Түштүк-Чыгыш Азиядагы бир нече өлкөдө коронавирус жуктургандар көбөйүүдө. АКШда да эпидемологиялык кырдаал мурдагыга салыштырмалуу начарлады. Аны мектептерде окуу башталганы менен байланыштырып жатышат. Бул өлкөдө жашы жеткендердин жарымынан көбү вакцина алганына карабай, соңку жети күндө орто эсеп менен 142 миң адамга вирус жукканы аныкталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG