Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

Токиодогу паралимпиада оюндарында Кыргызстандын желегин Арыстанбек Базаркулов көтөрөт


Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана спортчу Арыстанбек Базаркулов.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана спортчу Арыстанбек Базаркулов.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бүгүн, 18-августта Кыргызстандын Паралимпиадалык курама командасын кабыл алды. Өкмөт башчысы спортчуларга ийгилик каалап, жаңы жеңиштерге жетишине тилектештигин айтты.

"Спорттогу натыйжалар менен сиздер бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө болорун далилдедиңиздер. Алдыда боло турган Паралимпиадалык оюндарда бүткүл кыргыз эли сиздерди колдойт".

Улукбек Марипов команданын мүчөсү Арыстанбек Базаркуловго өлкөнүн желегин тапшырды.

XVI Паралимпиадалык оюндар 24-августтан 5-сентябрга чейин Токиодо өтөт.

Паралимпиадалык оюндарга жолдомону Кыргызстандан эки спортчу утуп алган. Алар: пара-жеңил атлетика (ок атуу) боюнча Арыстанбек Базаркулов жана азиз спортчулар арасында пара-дзюдо боюнча 57 килограммга чейинки салмакта күрөшүүчү Хайитхон Хусан кызы.

Токиодо 23-июлдан 8-августка чейин өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында кыргызстандык спортчулар эки күмүш жана бир коло медалга жетишкен.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG