Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Депутат Самаев Токмок шаарынын мэрлигине көрсөтүлдү


Урматбек Самаев.
Урматбек Самаев.

26-августта Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлери шайланат. Бүгүн, 18-август шаар мэрлигине талапкерлигин коюунун акыркы күнү.

Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция Айбек Жунушалиевдин, Токмок шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаевдин талапкерлигин көрсөттү. Ошко талапкер көрсөтүлө элек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жунушалиев менен Самаев Бишкек жана Токмок шаарынын мэрлигине жалгыз талапкерлер.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо 11-июлда өткөн.

Урматбек Самаев Жогорку Кеңештин депутаты («Кыргызстан» фракциясы). 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен шайлоого катышкан. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG