Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

Мэрлик кызматка Бишкек менен Ошто бирден, Токмокто эки талапкер катталды


БШК имараты.
БШК имараты.

Кыргызстанда ири үч шаарда мэрликке талапкерлерден документ кабыл алуу мөөнөтү бүгүн 18-августта кечки саат алтыда аяктады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна билдиргендей, Бишкекте жана Ошто бирден гана талапкер чыкты. Алар – азыр мэрдин милдетин аткарып жаткан Айбек Жунушалиев менен Алмаз Мамбетов.

Жунушалиевдин талапкерлигин Министрлер кабинети жана шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы, ал эми Мамбетовду шаардык кеңештеги "Аманат" көпчүлүк коалициясы көрсөттү.

Токмокто мэр болуу ниетин Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев жана Азат Кубатбек уулу билдиришти.

Самаевди шаардык кеңештеги көпчүлүк, ал эми Кубатбек уулун азчылык коалициясы көрсөтүштү.

Аталган үч шаарда жергиликтүү кеңеш быйыл 11-июлда жаңы шайланган. Депутаттар мэрлерди 26-августта шайлашат. (RK)

XS
SM
MD
LG