Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Ооганстандагы кыргыз жарандары Казакстандын чартердик учагы менен эвакуацияланды


Кабулдун дипломатиялык өкүлчүлүктөр жайгашкан аймак. 15-август, 2021-жыл.
Кабулдун дипломатиялык өкүлчүлүктөр жайгашкан аймак. 15-август, 2021-жыл.

Кабулдагы кыргызстандык 14 жаранды эвакуациялоого Казакстандын Ооганстандагы элчилиги көмөктөштү.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда ыраазычылыгын билдирди.

Тлеуберди өз өлкөсү бул сыяктуу маселелер боюнча жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Тараптар ошондой эле кыргыз-казак мамилелерин да талкуулап, Ооганстандагы аскердик-саясий абалга байланыштуу эл аралык жана аймактык маселелер боюнча да пикир алмашканын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

18-августта Казакстандын Ооганстандагы элчилигинин көмөгү менен кыргызстандык 14 жаран Кабул-Чымкент- Алматы багытындагы чартердик учак менен эвакуацияланган. Ооганстанда кыргызстандык жарандар дээрлик калбаганы кабарланды.

АКШ баштаган эл аралык коалиция Ооганстандагы күчтөрүн 1-майдан тарта чыгарып кете баштаган. Талибдердин аракети ошондон тартып күчөп, анын аягы Кабулду алуу менен аяктады. Аскерлерди чыгарып кетүү жараяны 11-сентябрда аяктай турганы айтылган. Бирок кырдаалга байланыштуу ушул айда Ооганстандан толук чыгарылганы жатат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG