Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:57

Кабулдан чыгып кеткен оогандыктар көбөйдү


Оогандыктар, иллюстрациялык сүрөт

Ооганстандын борбору Кабулдан эвакуацияланган чет элдиктер менен оогандыктардын саны көбөйдү. Борбор калааны “Талибан” басып алган соң бир катар өлкөлөр элчиликте иштеген кызматкерлерин, жарандарын жана айрым оогандыктарды чыгарып кетүүнү улантууда. Аталган өлкөлөр буга чейин адам укуктарын бузуп, зомбулук менен айырмаланган талибдер эл аралык укукту, мыйзамды жана эрени сактарына ишенбей турушат.

“Талибандын” өкүлдөрү 17-августта Кабулду басып алгандан кийинки алгачкы маалымат жыйынында АКШ баштаган эл аралык күчтөргө иштеген оогандыктардан өч албай турганын убада кылган. Бирок буга карабай миңдеген оогандыктар өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылып жатат.

Батыш өлкөлөрүнүн биринин өкүлү талибдер өмүрүнө коркунуч жаратат деген жарандарды учурда Кабул аэропорту аркылуу чыгаруу аракети уланып жатканын билдирди.

“Биз өтө тездик менен иштеп жатабыз. Логистикада маселе жок. 2200дөн ашык дипломат, коопсуздук кызматкерлери жана чет элдик элчиликтерде иштеген оогандыктар чыгып кетишти”, - деди.

Буга чейин Кабул аэропортунда сыртка чыгууну каалаган оогандыктардан улам башаламандык жаралган. Айрымдар учакка жабышып кетүүгө аракет кылган учурда жаракат алып, каза болушкан.

Кабул аэропорту 17-августта иши бир күн үзгүлтүккө учурагандан кийин кайра ачылып, аба каттамдары уланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG