Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

Байден: Аскерлер чыккандан кийин Ооганстанда башаламандык болбой койбойт эле


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден Ооганстандын борбору Кабулду талибдер басып алгандан берки алгачкы интервьюсунда америкалык аскерлер чыгарылгандан кийин бул өлкөдө “башаламандык болбой койбойт эле” деген пикирин айтты. 18-августта Байден ABC News телеканалына курган маегинде Кабул аэропортундагы окуя тууралуу айтып жатып башаламандык баары бир чыкмактыгын белгиледи.

«Биз артка кылчайып дагы териштирип, ойлонобуз. Бирок аскерлерди чыгарып кетүү канткенде башаламандыксыз болмок экенин айта албайм», — деди Байден.

Байден «Талибан» америкалыктарды жана союздаш өлкөлөрдүн жарандарын алып чыгып кетүүгө жардам берип жатканын, бирок алардын эл аралык миссиясына көмөктөшкөн ооганстандыктарды эвакуациялоодо айрым кыйынчылыктар бар экенин кошумчалады.

Буга чейин АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Кабул аэропортунда 4,5 миңге жакын америкалык аскер бар экенин, алар менен талибдер ортосунда каршылык жоктугун, командирлери менен байланыш ачык жүрүп жатканын айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG