Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:38

Кыргызстанда коронавируска каршы эмделгендер 900 миңден ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмделгендер 900 миңден ашты. Бул талап кылынган көрсөткүчтүн 38% түзөт.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтындагы соңку маалыматка караганда, алардын 614 миңи вакцинанын биринчи дозасын, ал эми 304 миңи экинчи да дозасын алгандар.

Өлкөнүн калкы 6,5 миллионду түзөт, анын 3,4 миллионун өкмөт COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү керек болгон максаттуу топ деп аныктаган. Максаттуу топко 18 жашка чейинки курактагылардан жана тыштагы эмгек мигранттарынан башкалардын баары кирген. 3,4 миллиондун 2,4 миллиону, башкача айтканда, 70% эмделсе өлкөдө жамааттык иммунитет калыптанары айтылган.

2020-жылдын март айынан бери бул илдет менен расмий түрдө катталгандардын саны 173 миңге жетти, алардын 2,5 миңдейи каза болду.

Учурда республиканын бардык аймактарында “Спутник V”, Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын бекер алууга шарт бар. Вакцинанын эки дозасын алгандарга атайын сертификат тапшырылат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG