Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:02

ИИМ: Чолпон-Атадагы саммитке байланыштуу жолдор улам жабылып турат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 19-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити өтөт.

Буга байланыштуу Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагындагы негизги автожолдорго убактылуу чектөө киргизилип турарын Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди. Мекеме айдоочуларды ыңгайсыздык жаралганын түшүнүү менен мамиле кылууга, каттамдарды алдын ала тактап алууга, тыгын пайда болбошу үчүн эрежелерди жана жолдо жүрүү маданиятын так сактоого чакырды.

Жыйынга Армениянын, Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын премьер-министрлери Никол Пашинян, Роман Головченко, Аскар Мамин жана Михаил Мишустин жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышат. Байкоочу өлкө катары Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана онлайн байланыш аркылуу Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Крус катышат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын күн тартибинде уюм ичиндеги соода кызматташтыгы, төлөмдөр жана башка маселелер талкууланат.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG