Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:23

Евробиримдик Беларустун чек арадагы аракетин “агрессивдүү” деп баалоодо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдиги алардан баш калка алыш үчүн Беларус аркылуу өтүп кирүүгө аракет жасаган адамдарга карата мамилеси үчүн белорус бийлигин “агрессивдүү” деп айыптады.

Евробиримдиктин ички иштер министрлери 18-августта чукул жыйынга чогулуп, Беларус “адамдарды өзүнүн саясий максаттары үчүн пайдаланып жатат” деп билдиришти жана түзүлгөн кырдаалга жараша жооп кайтаруу жагын кошумча караштырарын белгилешти.

Быйыл жыл башынан бери Евробиримдикке мүчө Литвага чек ара талаптарын бузуп Беларус аркылуу 4100 адам, негизинен Ирактын тургундары өткөн. Латвия менен Польшада да Беларус аркылуу барган мигранттар көбөйүүдө.

Польша жакында Беларус менен чек арасындагы мигранттардын күчөгөн агымына байланыштуу ал жакка 900 аскерин жөнөттү.

Литва Минскиге дипломатиялык нота жиберип, белорус офицерлери чек ара талаптарын бузуп жатканына нааразылыгын билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG