Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:16

Банктык эсептерге байланыштуу опурталдуу кодекс


Кыргызстанда иштетилген банк карталарынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын банктар бирикмеси Салык кодексинин жаңы редакциясында каралып жаткан сунуштарга нааразылык билдирип чыкты. Уюм өзгөртүүлөр кирсе органдар банктык эсептер жөнүндө маалыматтарды соттун чечими жок ала баштайт деп кооптонууда.

Тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жүйөсү башкача. Кодексти жаңылоону президент тапшырган.

Бирикменин камтамачылыгы

Жаңы Салык кодексине байланыштуу алгачкы билдирүү Кыргызстандын банктар бирикмесинин “Фейсбук” баракчасында жарыяланды. Анда сунушталып жаткан документте Мамлекеттик салык кызматына банктык сыр болуп эсептелген маалыматтарды соттун чечими жок алуу укугу берилип жатканы белгиленет.

Тагыраагы мамлекеттик орган салык төлөөчүнүн эсеп ачышы, жабышы, ага салган акчасы (депозити), эсептик реквизиттерин өзгөртүүсү жөнүндө суроо-талап жөнөтсө, банк ага үч күн ичинде жооп берүүгө милдеттүү болуп калат.

Банктар бирикмеси муну “купуялуулукту бузуу” деп атап, кескин айыптаган. Кийинчерээк уюмдун баракчасында билдирүү кайра өчүп калды.

“Азаттык” Кыргызстандын банктар бирикмесинин төрагасы Анвар Абдраев менен байланышкан учурда, ал сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча расмий түшүндүрмө алып жатканын билдирди.

Анвар Абдраев
Анвар Абдраев

“Бул туура эмес сунуш. Чын эле ошондой нерсе киргизилип жатса анда биз банк сектору каршылык көрсөтөбүз. Эгер ага да болбой "киргизебиз" дешсе анда, бардык мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек. Бир эле Салык кодексин жаңылоо менен иш бүтпөйт. Банктар жөнүндө мыйзамды, Жарандык кодексти, соңунда Баш мыйзамды кошо өзгөртүү зарыл. Азырынча мен бирөөнү күнөөлөгөндөн алысмын, соңку сөздү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышкандан кийин айталы”.

Кыргызстандын өкмөтү Салык кодексинин жаңы редакциясын быйыл жыл башында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен даярдай баштаган. Документ салыктардын бир нече түрүн бириктирүү, администрлөөнү жеңилдетүү жана башка максатта жаңыланары айтылган. Кодекстин долбоору азырынча эч жерде жарыялана элек.

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын директорунун орун басары Адилет Дубанаев андагы өзгөртүүлөр жөнүндө жооп берди. Ал эсептерди текшерип туруу боюнча сунуштар жеке жактарга эмес, юридикалык жактарга тиешелүү экенине токтолду.

Адилет Дубанаев
Адилет Дубанаев

“Биринчиден, бул жөн эле биринчи этаптагы долбоор экенин эскертип коёюн. Бул коомчулук жана салык төлөөчүлөр менен бир сыйра талкуудан өтөт жана алардын көз караштарын эске алгандан кийин кабыл алынат. Экинчиден, азыркы иштеп жаткан “Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамынын 130-беренесине ылайык, банктык сырды түзгөн маалыматтар банк тараптан салык органдарына мыйзамдарга ылайык салык салуу үчүн азыр деле берилет. Анын жол-жобосу Салык кодексинин 126-беренесинде көрсөтүлгөн. Муну биз азыр деле салык көзөмөлүн жүргүзүп жаткан учурда соттун чечими жок эле ала алабыз. Салык көзөмөлүн болсо кандайдыр бир эскертүү берилген учурда жүргүзөбүз жана ошондон кийин банктардан суроо-талап кылабыз. Банктык маалыматты алгандан кийин ал салыктык сыр болуп калат жана эч качан эч жакка жарыяланбайт. Салык кызматы иштеп келаткан 30 жылдан бери ал маалыматтар сыртка чыгып кеткен же туура эмес колдонулган учур болгон эмес. Азыркы жасалып жаткан долбоордо так ошол процессти эле санариптештирүү жолу аркылуу ишке ашыруу көрсөтүлгөн. Мурда кагаз жүзүндө алсак, азыр “Түндүк” системасы аркылуу алуу максат коюлуп жатат”.

Президент Садыр Жапаров буга чейинки билдирүүлөрүндө жарыялагандай жаңы Салык кодекси 1-октябрга чейин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилмек. Демек, ага чейин бир айча коомдук талкууда турушу үчүн документ августтун аягында же сентябрдын башында жарыяланышы керек.

Планга ылайык, жаңы кодекс кабыл алынса, 2022-жылдын башынан тартып ишке кирет.

“Банктарга ишеним азайышы мүмкүн”

Кыргызстанда ушул тапта 23 коммерциялык банк бар. Алардын 16сы чет өлкөлүк капиталдын катышуусу менен иштейт. Аймактарда банктардын 300дөн ашык филиалы бар.

Бул жаатта киргизилген ар бир эреже жана талап системаны көзөмөлдөгөн Улуттук банктын макулдугу менен жүрөт. Аталган мекеме азырынча жаңы сунуштар боюнча так позициясын айтуудан карманууда.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева “Азаттыкка” буларды билдирди:

Аида Карабаева
Аида Карабаева

“Бул азыр жөн гана долбоор болуп жатат. Ошол эле мекемелер аралык топто Улуттук банктын да, коммерциялык банктын да өкүлдөрү бар. Жумушчу топ азыр деле иштеп жатат. Баары иштелип бүткөндөн кийин бирдеме айтса болот. Анда бардык тараптардын кызыкчылыктары, көз караштары эске алынган, макулдашылган долбоор чыгарылат да. Биз колдойбузбу, колдобойбузбу азыр айта албайм”, - деди ал.

Адатта банктардын бардыгынын кардарларынын же алардын эсептеринин санын билүү мүмкүн эмес. Бирок алардагы каражаттардын саны депозиттердин көлөмү аркылуу аныкталчу.

Улуттук банк соңку жылдарды Кыргызстандын депозиттик портфели арбып жатканын билдирип келген. 2015-2016-жылдары жарандар банктарда 100 млрд. сомдой акчасын сактаса, азыр анын анын көлөмү 200 млрд. сомдон ашты.

Адистер мына ушул жагдайдан улам ар бир кардардын эсеби текшерилүүгө өтсө, адамдар каражатын банктардан чыгарып кете турганын эскертүүдө.

Финансист Алишер Акбаралиев банктарда акча сактаган жергиликтүү жарандарды да, чет элдик инвесторлорду чочутат деп эсептейт:

Алишер Акбаралиев
Алишер Акбаралиев

“Биз акыркы 20 жылда көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу саясаты менен алектенип келе жатпайбызбы. Бул үчүн бийлик деле, Улуттук банк деле калкты накталай акча жүгүртүүдөн накталай эмес акча жүгүртүүгө өткөрүүгө толтура аракеттерди жасап келди. Бардыгы акчасын эсебинде кармаса, банктын кызматтарын пайдаланып, алып-сатууларын жана төлөмдөрүн да онлайн жүргүзсө дегенге күч жумшап жүрөбүз. Эгерде эми ошол сунушталып жаткан өзгөрүүлөр киргизилсе, адамдар акчасын банктардан чыгарып кете баштайт. Банктарга ишеним азаят, жарандар кайрадан көмүскөгө качат. Акчасын үйүндө, сейфинде кармайт, же башка тобокел активдерге салганга өтөт. Сырттан келип бизде эсеп ачып, акча кармаган чет элдик жарандар, инвесторлор да акчасын чыгарып кетет. Натыйжада инвестиция, капитал сыртка агылышы мүмкүн. Ошондуктан мен жаңы сунушталып жаткан чараларды банк секторуна болгон коркунуч деп атаар элем”.

Соңку жылдары Кыргызстанга келген инвестициянын көлөмү ансыз да түшүп кеткени маалым.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2019-жылы тикелей инвестиция 1 миллиард 76 миллион долларды түзсө, 2020-жылы ал көрсөткүч болгону 477 миллион 625 миң доллар болгон.

Быйыл жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга сырттан 112 млн. доллар инвестиция келип, былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу дагы 24% азайган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG