Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:47

Көчөдөн акча алмаштыруу тыйылышы мүмкүн


Акча алмаштыруучу жайлардагы жана банктардагы курстардын көрсөткүчү. Доллар көтөрүлгөндөгү алгачкы маалыматтар. 10-март, 2020-жыл.
Акча алмаштыруучу жайлардагы жана банктардагы курстардын көрсөткүчү. Доллар көтөрүлгөндөгү алгачкы маалыматтар. 10-март, 2020-жыл.

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жеке менчик бюролорду жабуу жөнүндө сунуштар айтылууда. Жогорку Кеңеште бул тууралуу иштелип чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Эл өкүлдөрү бул аракетин сомдун кунун сактап калуу катары көрсөтүп жатат. Мыйзам долбоору «Улуттук банк, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдарга жана Салык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» деп аталат.

Сунуштун демилгечилери - Жогорку Кеңештин депутаттары Алиярбек Абжалиев, Гүлшат Асылбаева, Салайдин Айдаров, Искандер Гайпкулов, Пархат Тулендыбаев, Айнура Осмонова жана Экмат Байбакпаев.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде бул жайлар дүйнөдөгү экономикалык кризистен жана коронавирустун жайылышынан улам түзүлгөн абалдан пайдаланып, доллардын курсун негизсиз аныктап, жасалма чыңалууну жана валютанын кымбатташын шарттап жатканы айтылат.

Анын авторлорунун бири Искандер Гайпкулов демилгенин маңызын мындайча түшүндүрдү:

Искандер Гайпкулов.
Искандер Гайпкулов.

«Доллардын көтөрүлүшү мына ушул жеке менчик акча алмаштыруучу жайларда болуп жатат. Буларга карата биздин мыйзамдар либералдуу болуп калган. Алар патент менен гана иштешет. Ушундан улам эч кимге отчёт беришпейт. Акча алмаштыруучу жайлар өлкөдө кандай гана кырдаал болбосун чет элдик валютанын курсун көтөрүп, доллардын өсүшүнө стимул түзүп жатышат. Бирок ар нерсенин убакты-сааты болот. Баары өз нугунда болушу керек. Ошондуктан жеке менчик акча алмаштыруучу жайлардын ишин токтотуп, алар көрсөткөн кызматты коммерциялык банктарга өткөрүп беришибиз керек».

Кыргызстанда акыркы үч жылдан бери 69 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар март айында кымбаттай баштаган. Алгач 10-мартта үч сомго кымбаттаса, 20-мартта 85 сомго жетип, кайра арзандаган.

19-мартта Улуттук банк 3,7 миллион долларды сатыкка чыгарганда акча алмаштыруучу жайлардын өкүлдөрү башкы банк бир долларды 84,85 сомдук курс менен сатканын кабарлашкан.

Мындай көрүнүштү Улуттук банк дүйнөдө жана өнөктөш мамлекеттерде каржы рыногунда болуп жаткан олку-солкулукка байланыштырган.

Ал эми сөз болуп жаткан мыйзам долбоорунун авторлору доллардын баасы кескин көтөрүлүп, бир калыпта сакталбай жатышын акча алмаштыруучу жайлардын иши көзөмөлдөнбөй жатканы менен байланыштырышат. Ушундан улам алардын ишмердигин токтотуп, коммерциялык банктарга өткөрүп бериши керек деп эсептешет.

«Акча алмаштыруучу жайлар» ассоциациясынын төрөгасы Чыңгыз Бийлибаев акча алмаштыруу жайлар оболу мигранттарга пайдалуу шарт түзүп жатканын айтты.

«Бүгүнкү күндө карантинге байланыштуу акча алмаштыруучу жайлар иштебей турат. Эл буга чейин акчасын банктан алып, менчик акча алмаштыруучу жайлардан башка валютага алмаштырып алчу. Бирок азыр коммерциялык банктардан алмаштырууга аргасыз болуп жатышат. Ошол эле кезде банктарда акчаны сатууда жана сатып алууда бир топ айырмачылыктар бар. Бир мисал айтайын. Эгер сизге жакыныңыз же тууганыңыз Орусиядан 1000 рубль которсо, аны сиз банктан 1050 сом кылып аласыз. Ал эми сиз тескерисинче рублди сатып алсаңыз коммерциялык банктар 1 сом 10 тыйындан сатышат. Жеке менчик акча которуучу жайдан болсо сиз тескерисинче кымбат сата аласыз. Эгер биздин ишибизди токтотуп салышса банктар монополист болуп алышат. Атаандаштык жоголот».

«Акча алмаштыруучу жайлар» ассоциациясынын мүчөлөрү аталган мыйзам долбооруна каршы элдин колун топтоп жатканын айтышууда. Мындан тышкары алар элге акча алмаштыруучу жайлардын иши канчалык зарыл экенин түшүндүрүүгө ниеттенип турушат.

Акча алмаштыруучу жайларды жоюу маселеси 2015-жылы да көтөрүлгөн. Ошол кезде коммерциялык банктардын өтүнүчү менен Улуттук банк демилге көтөрүп, премьер-министрге тиешелүү сунуш киргизген.

Коммерциялык банктар бирикмесинин башчысы Анвар Абдраев коңшу мамлекеттерде мындай жайлар жок экенин белгиледи. Маселен, акча алмаштыруучу жайлар Орусияда 2010-жылы, Тажикстанда 2015-жылы эле жоюлган.

Анвар Абдраев.
Анвар Абдраев.

«Мамлекет жеке менчик акча алмаштыруучу жайларга карата көзөмөлдү күчөтүп, катаал чара көрүшү керек. Бул биринчиден, сомдун кунунун туруктуу сакталышына алып келет. Экинчиден, ачык-айкын система болушу керек. Үчүнчүдөн, алар канча акча алмаштырса, ошого жараша салык төлөшү керек. Биз акча алмаштыруучу жайларды жабыш керек деп маселе көтөрүп жүргөндө алардын мүчөлөрү «анда акча көмүскөгө кирип кетет» деп айтып чыгышкан. Менимче, андай коркунуч жок. Азыр банк системасы жөнгө салынган. Алар республиканын бардык аймагын камтышкан», - деди Абдраев.

Деген менен айрым финансисттер Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайлар өзүнчө институт болуп калганын, аны жоюп салса каражаттарды алмаштыруу көмүскөгө кирип кетерин эскертип, «бул тескерисинче экономикага зыян алып келет» деген пикирлерин айтып жатышат. Экономика илимдеринин доктору Гурас Жапаров мындай деди:

«Биздин банктарда пайыздык саясат жакшы эмес. Ошондуктан акча алмаштыруучу жайларды жабуу туура эмес болуп калат. Алардын азыркы нугунда турганы эле жакшы. Анткени алар коммерциялык банктар менен атаандаш болуп турат. Атаандаштык бар жерде иш жакшы болот»

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясын алып иштеп жаткан 450 акча алмаштыруучу жай бар.

Улуттук банк өзүнүн көзөмөлдөө ыйгарым укуктарынын алкагында 2019-жыл үчүн жана 2020-жылдын башында 15 бюронун лицензиясын кайтарып алган. Ошондой эле 129 бюронун лицензиясынын жарамдуулугу токтотулуп, 15 оозеки эскертүү берилген жана 220 жазма эскертүү жөнөтүлгөн.

Чыңгыз Бийлибаев: Банктар валюта рыногун монополия кылгысы келет​

Бийлибаев: Банктар валюта рыногун монополия кылгысы келет
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:20 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG