Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

COVID-19: 249 адам жаңы катталып, 6 киши көз жумду


Коомдук транспорттогу эскертме. Бишкек. Май, 2021-жыл.
Коомдук транспорттогу эскертме. Бишкек. Май, 2021-жыл.

Коронавируска каршы штабдын 19-августка карата берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда 249 адам вирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Акыркы суткада 498 киши илдеттен айыгып чыкты, 6 адам оорудан көз жумду.

Жаңы катталгандардын ичинен:

  • Бишкек - 84;
  • Ош шаары - 3;
  • Чүй облусу – 77;
  • Ош облусу – 3;
  • Талас облусу - 13;
  • Нарын облусу - 12;
  • Ысык-Көл облусу – 26;
  • Жалал-Абад облусу – 15;
  • Баткен облусу - 16 адам катталды.


Ушуну менен былтыр март айынан бери коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 173 186 адам болду. Оорудан 164 842 киши сакайды. Илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 2468 адам.

2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында катталган коронавирус илдети кыска аралыкта бүт дүйнөнү каптады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 18-августка карата берген маалыматына ылайык, бул илдетке 210 миллиондон ашуун адам чалдыгып, 188 миллиондон ашууну сакайды. Жалпы дүйнө жүзүндө коронавирустан көз жумгандардын саны 4,5 млн. адамга чукулдады.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG