Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

АКШ Кыргызстандагы 150 ооган студентинин окуу акысын төлөп берүүгө даяр


Борбор Азиядагы Америка университети.
Борбор Азиядагы Америка университети.

Кошмо Штаттар Борбор Азиядагы Америка университетинде ооганстандык 150 студенттин окуусун каржылоого даяр экенин билдирди.

Бул тууралуу 18-августта тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцердин жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда министр Казакбаев АКШга Ооганстандан Кыргызстандын 15 жаранын Казакстан менен чогуу коопсуз эвакуация кылууга, андан мурдараак кыргыз жарандарын үчүнчү өлкөгө чыгарып кетүүгө жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

Буга чейин Ооганстандагы абал курчуганына байланыштуу кыргыз бийлиги Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча Конвенциясына мүчө өлкө катары Ооганстандагы памирлик 1200дөй кыргызды кабыл аларын билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза берүүгө даяр деп билдирүү тараткан.

Кыргызстандагы эл аралык окуу жайларда чет өлкөлөрдүн ичинен Өзбекстан, Түркия, Тажикстан, Пакистан, Индия, Казакстан, Ооганстан жана Кытайдан келген студенттер басымдуу.

Ооганстандык студенттердин басымдуу бөлүгү өлкөдөгү Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университети, Нарындагы Борбор Азия университети жана Кыргыз-Түрк Манас университетинде билим алышат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG