Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:31

Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда иш сапар менен болот


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусуна иш сапары 19-21-август күндөрү болот. Сапар алкагында мамлекет башчы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан иш-чараларга катышат. Өндүрүштүк жана өнөр жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Бүгүн 19-августта мамлекет башчы Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) саммитинин алкагында уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен жолугушат. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.

19-20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отуруму өтөт. Жыйынга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун өкмөт башчысы Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышат.
Байкоочу өлкө катары Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана онлайн байланыш аркылуу Кубанын премьер-министри Мануэл Марреро Крус катышат.

Жыйындын күн тартибинде уюм ичиндеги соода кызматташтыгы, төлөмдөр жана башка маселелер талкууланат.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG