Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Кремлдин "Талибанга" карата кубулма саясаты


"Талибандын" Абдул Гани Барадар баш болгон лидерлери Москвадагы "Президент-Отелде".

20 жыл ичинде Москванын "Талибанга" мамилеси курч душмандыктан кубулма өнөктөштүккө чейин өсүп жетти.

Кремль башында бул кыймылды "террорчул" деп таанып, ага Орусияда тыюу салса, соңку жылдары талиб жоочуларынын анабашылары Москванын ардактуу коногуна айланды. Мындай саясий эки жүздүүлүктүн себеби эмнеде?

Чечен согушунда төгүлгөн кандын изи кайда алып барат?

Москва Орусиядагы чечен согушунун маалында Ооганстанды ошол мезгилде башкарып турган "Талибанды" эл аралык терроризмдин очогу деп баалаган. Анткени жоочулар ал жактан даярдалып, чечен жергесиндеги согушка жиберилип турганы белгиленген эле.

2000-жылдары жүздөгөн орус аскеринин шинелин канга боёп, жок кылган көзгө атар жоочуларды Ооганстанда даярдаган "Талибандын" анабашылары соңку жылдары Москвада бир нече ирет болду.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кыймылдын саясий канатын башкаргандарды 2018-жылы, кийинки жылы дагы бир жолу кабыл алды.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвада "Талибандын" лидерлерин кабыл алган учуру. 9-ноябрь, 2018-жыл.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвада "Талибандын" лидерлерин кабыл алган учуру. 9-ноябрь, 2018-жыл.

"Талибан" бийлиги Орусиядан бөлүнгүсү келген ошол кездеги жикчил Ичкерияны 1999-жылы тааныган. Ошого байланыштуу Москва ал мезгилде талибдерге кекенип жүргөн дешет талдоочулар. Азыр аны менен ээн-эркин сүйлөшүп, керек болсо, аны көкүтүп, тымызын колдогон Орусиянын бийлиги 20 жыл мурдагы жагдайды эбак унутуп койгондой.

"Өз ара визиттер жасалып турган. Вице-президент Яндарбиев Ооганстанга барып, Кабул болсо Ичкериянын көз карандысыздыгын тааныган. Ал жакта лагерлерде жоочуларды даярдоо сыяктуу чечен согушунун маалында көптөгөн көмөктөрдү алып турушкан", - деди Евразиялык изилдөөлөр борборунун жетекчиси Иван Сафранчук.

АКШ баштаган эл аралык күчтөр 2001-жылы Ооганстанга кирип, террорчуларды даярдаган "Талибандын" таш-талканын чыгарган.

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын ошол кездеги президенти Жорж Буш менен чогуу Вашингтондогу маалымат жыйында Орусияга коркунуч туудуруп турган "Талибандын" талкаланышын кубаттаган эле.

"Террористтер жана аларга жардам бергендер адилет өч алуу сөзсүз болорун билиши керек. Бүгүн эң маанилүүсү - ооган жергесине тынчтык жана татыктуу жашоо кайтып келди. Азыр болсо Ооганстандын аймагынан эми башка өлкөлөргө карата жана эл аралык туруктуулукка коркунуч туулбайт", - деген Путин.

Террорчул уюм менен достошуу

Орусия 2003-жылы "Талибанды" террорчул уюмдардын тизмесине киргизип, ага тыюу салган. Ал азыркыга чейин бул тизмеде 11-катарда турат. Бирок Москва талибдер менен сүйлөшүүгө барып, бир эле учурда тыюу салып, анан кайра андай террорчул уюмдун башчыларын расмий түрдө тосуп алышы эки анжы ойлорду жаратты.

Муну Жакынкы Чыгыш саясаты боюнча адис Анна Борщевская эки жүздүү дипломатиянын натыйжасы катары баалады.

"Путин башында керек болсо, Американын Ооганстандагы аракеттерин колдоп, бирок көп өтпөй эле кайра Кыргызстандагы АКШ базасын жаптырууга ашыккан. Ал "Манас" аскер аба базасы деп аталчу. Бир жагынан колдоп, экинчи тарабынан "Америка базасын чыгарсын" деген мына ушундай эки жүздүү оюн. Мында башкы приоритет – терроризм эмес, антиамериканизм", - дейт Борщевская.

2018-жылдан бери "Талибандын" башчыларын байма-бай коноктоп, кабыл алган Москва бирок бул кыймылдын карапайым мүчөлөрүнөн шектенип, камоолорду токтоткон эмес. Анткен менен соңку жылдары мамлекеттик медиада "Талибан Орусияда тыюу салынган террорчул уюм” деген эскертме азыраак айтылып калды.

Путин Вашингтон менен мамилеси бузулган сайын геосаясий кызыкчылыктан улам, АКШга ким каршы чыкса, алар ким экенине карабай дос болгонго тырышып жаткандай дейт саясат талдоочулар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG