Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 05:35

Ооганстан: туу алмаштыруудан тутанган тиреш


Ооганстандын мамлекеттик желегин көтөрүп көчөгө чыккандар. Панжшер провинциясы.

Ооганстанда мамлекеттик тууну алып салып, "Талибандын" желегин илүүгө каршы болгон жарандар көчө жүрүштөрүнө чыгышты.

Талибдер аларга каршы ар кайсы шаарларда ок чыгарганы, каза болгондор бар экени кабарланды. Ошол эле кезде согушкерлер Кабул аэропортуна барчу жолдорду бууп, адамдардын өлкөдөн эркин чыгып кетишине мүмкүнчүлүк бербей жатканы айтылды. Азыр ооган жергесинде коопсуздукту камсыздоону моюнга алып, тынч кызматташтыкты убада кылган "Талибандын" лидерлери кимдер? Анын айткан сөзү кылган ишине дайыма эле төп келеби деген суроолор ачык турат. Кайчылаш пикирдеги тараптардын каршылыгынын себептери эмнеде?

Эгемендик майрамында чыккан нааразылык

19-августта Эгемендик күнүнө карата колуна мамлекеттик желекти көтөрүп, Ооганстандын Жалалабад провинциясынан башка дагы бир нече шаарда митингге чыккандар талибдерге чакырык таштады.

Ооганстан. "Талибан" кыймылынын өкүлү мамлекеттик тууну алып салып, өзүнүн желегин илип жаткан учур. Кандагар. 17-август, 2021-жыл.
Ооганстан. "Талибан" кыймылынын өкүлү мамлекеттик тууну алып салып, өзүнүн желегин илип жаткан учур. Кандагар. 17-август, 2021-жыл.

Айрым ири шаарларда жана четки провинцияларда кагылыштар болгону кабарланды.

Өлкөнүн чыгышындагы Асадабад шаарында Ооганстандын үч түстүү мамлекеттик желегин желбиретип, көчө жүрүшүнө чыккандарга талибдер ок чыгарганын Reuters агенттигине окуянын күбөлөрүнүн бири Мухаммад Салим билдирди.

«Жүздөгөн адамдар көчөгө чыгышты. Башында мен аябай корктум. Барып, чыккым келген жок. Бирок биздин кошуналардын бардыгы чыгып, көчөдөгүлөргө кошулганын көрүп, мен дагы үйдө турган мамлекеттик желекти көтөрүп алып, көчөгө чыктым. Анан октор атылып, биз качтык» - дейт Асадабад шаарынын жаш тургуну Мухаммад Салим.

Интернетте тараган видеодо Нангахар провинциясында мамлекеттик имараттардын чатырынан тууларды алып салып, анын ордуна "Талибандын" желегин илүүгө каршы болгон жарандар көчө жүрүштөрүнө чыкканы көрүнөт. Жергиликтүүлөр Ооганстандын мамлекеттик туусун талибдердин желегине алмашпасын айтып, кыйкырып көчөгө чыгышты. Аларга карата талибдер автоматтардан ок жаадырып, кеминде бир нече киши каза таап, дагы бир тобу жарадар болгону маалымдалды.

Нааразылык жүрүштөрү Жалалабад, Пактия жана Кунар провинциялары менен Кабулдун өзүндө да өткөнү белгилүү болду. Бул окуялар Талибан кыймылы бардык күчтөр менен мунаса табууну убада кылып, каршылаш тараптарга мунапыс жарыялаган учурда жүрүп жатканы талибдердин саясатына ишеним жоктугун көргөздү.

Талибдерге каршы кыймылды бириктирүүгө аракет жасап жаткан биринчи вице-президент Амрулла Салих Твиттерге улуттук желекти көтөрүп чыккан көчө жүрүштөрүн кубаттаган билдирүү калтырды.

"Мамлекеттик желекти көтөрүп көчөгө чыккандарды колдойбуз. Алар биздин улуттун ар-намысын коргоп чыгышты", - деп жазды ал.

Кабулда жана башка ири шаарларда базарлар, дүкөндөр жана башка соода жайлары жарым-жартылай иштегени менен ишканалар, банктар, мамлекеттик мекемелер жабык турат.

Жоочулар Кабулдун аэропортуна кирчү бардык көзөмөл-өткөрмө бекеттерди ээлеп, ага өлкөдөн учуп кетүүгө уруксаты бар оогандыктарды да киргизбей жатканы айтылууда. Талибандын жана НАТОнун өкүлдөрүнүн ырасташынча, аэропорттун айланасында жалпы 12 адам өлтүрүлдү.

Буга чейин, 18-августа Ооганстандын Жалалабад провинциясында Эгемендик майрамына карата мамлекеттик тууну көтөрүп, демонстрацияга чыккандарды талибдер аткылаганы кабарланган. Натыйжада бир нече адам окко учканы маалым болду. Бирок курмандыктардын саны тактала элек.

18-19-августтагы кандуу окуялар талибдер Кабулду ээлегенден кийин коопсуздукту убада кылгандан берки карапайым калкка каршы курал колдонгон биринчи учур болду.

Жозеф Боррелл. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары
Жозеф Боррелл. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары

«Жекшембиден бери биз Ооганстандын жер-жерлеринде жаңы оор реалдуулукка туш болдук. Мага түз жана так айтканга уруксат бериңиздер. Бул - катастрофа. Бул - ооган эли, Батыштын аброю менен баалуулуктары жана болочок эл аралык мамилелер үчүн катастрофа»,- Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча Жогорку комиссары Жозеф Боррелл түзүлгөн абалды ушинтип сүрөттөдү.

Евробиримдик ушул күнгө карата Ооганстандан 106 кызматкерин жана алардын үй-бүлөлөрүн алып чыкты. Бирок дагы 300дөн ашууну Кабул аэропортунда кармалып турат. Алардын катарында эл аралык күчтөр менен кызматташкан ооган жарандары да бар.

Ооганстандын көпчүлүк бөлүгүн колго алган "Талибан" кыймылы 15-августта Кабулду ээлеп, ага чейин өкмөттө, армия менен коопсуздук күчтөрүндө жана чет элдик элчиликтерде иштеген оогандыктарга кечирим берип, мунапыс жарыялаган.

Молдо Омордун шакирттери

Ошондой эле талибдер өзүнүн гана каалоосун таңуулоодон баш тарта турганын айтып, эми өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоону моюнга эле.

Абдул Гани Барадар. "Талибан" кыймылынын саясий кеңсесинин башчысы .
Абдул Гани Барадар. "Талибан" кыймылынын саясий кеңсесинин башчысы .

«Мен бардык можахеддерден талап кылып, аларга кеңеш айтам. Биз жетишкен бул уникалдуу, күтүүсүз жагдай Кудайдын жардамы менен болду. Бирок бул нерсе бизди текебер кылбашы керек. Бизде мурда эч качан бүгүнкүдөй жоопкерчилик болгон эмес. Биз элдин коопсуздугун камсыздап, анын келечекке болгон үмүтүн актап, ага кызмат кылууга күн сайын даяр болушубуз абзел»,- -деген "Талибандын" саясий кеңсесинин башчысы Абдул Гани Барадар.

Мындай кепилдикке карабай, талибдер өз эрежелерин таңуулап, жер-жерлерде “шариятка ылайык” деген өз түшүнүктөрүнө карап, текшерүүлөрдү жүргүзүп, айрым адамдарды өзүм билемдик менен жазалап жатканы айтылууда.

Кыймылдын саясий кеңсесин жетектеген молдо Абдул Гани Барадар курамына кирген Талибандын башчылары катаалдыгы жана мыкаачылыгы менен аты чыккан бул кыймылдын негиздөөчүсү - молдо Омордун шакирттери.

Молдо Омор. "Талибандын" негиздөөчүсү. Болжол менен 2013-жылы өлтүрүлгөн.
Молдо Омор. "Талибандын" негиздөөчүсү. Болжол менен 2013-жылы өлтүрүлгөн.

Алар жакында жашырынып жүргөн жеринен Ооганстанга кайтып келип, жоочулардын очогу болгон Кандагарда жаңы өкмөт түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканы кабарланды.

Талибдер Ооганстанда биринчисинде төңкөрүш аркылуу бийликке келип, 1996-жылы ага чейин бийликтен кулатылган мурдагы президент Мухаммад Нажибулланы бир тууганы менен кошо эл алдында мыкаачылык менен өлтүргөнү белгилүү.

1996-жылдан 2001-жылга чейинки талибдердин беш жылдык башкаруусу учурунда Ооганстанда телекөрсөтүүгө, киного, музыкага, искусствого тыюу салынып, кыздардын билим алышы чектелген.

Тарыхый жана маданий эстеликтер талкаланып, ташбараңга алуу, манжаларын кесүү жана эл алдында кыйнап, мазактоо сыяктуу жоосундар ишке ашкан.

Мындан сырткары "Ал-Каида" сыяктуу террорчул уюмдар Ооганстандан түнөк таап, жоочулар лагерлери уюштурулуп, алар дүйнөнүн ар кайсы жеринде жардырууларды ишке ашырып, дүрбөлөң кылганы эл аралык медиада чагылдырылып турду.

Азыр Ооганстанда экинчи ирет жаңыдан түзүлө турган "Талибан" өкмөтүн ким жетектей турганы аныктала элек.

Жоочулардын азыркы жогорку башкы кол башчысы болжол менен 1961-жылы Кандагарда айылдык имамдын үй-бүлөсүндө туулган Хайбатулла Ахунзада молдо Омордун жетекчилиги маалында шарият сотторунун бирин жетектеп турган.

Ал 2013-жылы молдо Омор өлгөндөн кийин кыймылды жетектөөгө келген Ахтар Мансур 2016-жылы өлтүрүлгөндө анын ордуна келген. Ачык булактарда анын аскердик, саясий, диний-укуктук иштерди жана тармактык түйүндөрүн караган төрт орун басары бар экени көрсөтүлгөн.

Катардын борбору Дохада негизделген "Талибандын" саясий кеңсесинин башчысы Абдул Гани Барадар ооган аралык тынчтык сүйлөшүүлөрдө талибдердин делегациясын жетектеп жүргөн. 2018-жылдан баштап, байма-бай Орусияга жана Кытайга барган талибдердин делегациясынын да башында турду.

Абдул Гани Барадар Ооганстанды үчүнчү өлкөлөргө кол салуу үчүн пайдаланууга жол берилбестигин айтып, бардык күчтөрдүн катышуусундагы, бардыгына ыңгайлуу өкмөт түзүү идеясын көтөрүп келген.

Мындан сырткары Талибан кыймылы Ооганстанда билим берүүгө, маданиятка жана сөз эркиндигине мамиле мурдагыдан айырмаланып, жумшак, бирок шарияттын алкагында болорун убада кылды. Ооганстандагы Фарьяб университетинин саясат таануу жана укук факультетинин деканы Мухаммад Исмаил Кайымогли “Азаттыкка” курган маегинде мындай ою менен бөлүшкөн:

«Калк 20 жыл мурда “Талибан” өкмөтүнүн жаман тажрыйбасы болгону үчүн азыр дагы “басып кирсе ошол кездегидей иштер болот” деп коркуп, аэропортко барышты. Бирок азыркы талибдер мурдагыдай эмес. Алар өздөрү дагы “биз эски эмеспиз, мурда каталарыбыз көп болгон” деп жатышат. Азыркылардын мурдагылардан айырмасы теле-радиого тийишпейт. Аялдар, кыздар окусун, мектептер болсун, университеттер иштесин деген көз карашта. Азыр иштеп жаткан мыйзамдарды жокко чыгарбайбыз, бул ооган калкынын байлыгы, биз аны коргойбуз деген сөздөрү бар. Алардын айткандарына ооган эли үмүт артып турат».

Ошол эле кезде эл аралык коомчулукту жана Ооганстандын кошуналарын кызыктырып жаткан дагы бир жагдай - талибдердин маңзат соодасына мамилеси. "Талибан" Ооганстанда маңзат өстүрүүгө жана сыртка сатууга каршы экенин жарыялап, анын ордуна башка айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоого жардам керек экенин билдирди. Бирок тыюу кандай жол менен ишке ашары азырынча белгисиз.

“Борбор Азиядагы баңгизат саясаты” борборунун башчысы, эс алуудагы полковник Александр Зеличенко талибдер мурда да баңгизат колдонууга тыюу салып, бирок апийим өстүрүп, героин өндүрүүнү чектебегенин эске салды. Зеличенконун пикиринде, талибдердин бул жолку чечими чоң сыноодо турат:

«Эгер Талибандын мурда бийликке келген кездеги тажрыйбасын эске алсак, алар анда “акыл-эсти тунарткан баңгизатын колдонуу- арам, күнөө” дешкен. Ошентип, аны колдонгондор менен күрөшө баштаган. Бирок, логикалык жактан алганда, маңзат колдонууга тыюу салынса, аны өндүрүүгө да жол бербеш керек болчу. Алар бул тармакты дээрлик үч жыл ачык калтырып, анан маңзат өндүрүүчүлөрдөн салык алууга аракет жасашкан. Азыр эми мага жакканы, талибдер кескин түрдө маңзат өндүрүүгө тыюу салынарын жана анын мыйзамсыз экенин жарыялашты. Иш жүзүндө кандай болорун эми көрөбүз. Азыр дал апийим жыйналып жаткан мезгил. Алар аны менен бюджетти толтурууну көздөйбү же маңзатка каршы күрөшүп, чын эле наркотрафикти жабабы?», - деп суроо салды Зеличенко.

Британ премьери Борис Жонсон талибдерге ишенич жоктугун айткандардын бири. Ал жоочулар убадасын иш жүзүндө аткармайынча, Батышты алардын жаңы түзө турган өкмөтүн тааныбоого чакырган:

Борис Жонсон. Улуу Британиянын премьер-министри.
Борис Жонсон. Улуу Британиянын премьер-министри.

"Биз эч бир тараптын Талибанды бир жактуу таанып коюшун каалабайбыз. Көз караштарыбыз окшош тараптардын ортосунда бирдиктүү позиция болушун көздөйбүз. Биз Ооганстан кайра террорчулардын чордонуна айланбашы үчүн колдон келгенди кылабыз", - деди Жонсон.

Ал эми Орусия, Кытай жана Пакистан Талибан менен сүйлөшүү жүргүзүп, элчиликтерин калтырган. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусиянын аймагында тыюу салынган Талибан кыймылынын убадалары үмүт берерин айткан, Москва азырынча талибдердин бийлигин таанууга шашпай турганын белгилеген.

Сергей Лавров Талибандын жоочулары менен эмес, анын саясий канатынын башчылары менен диалог жүргүзөрүн айткан жайы бар. Бирок ал кыймылдын куралдуу түзүмү менен саясий канатынын ортосундагы иделогиялык айырмачылык эмнеде экенин чечмелеген эмес.

БУУ Талибанды жана бардык тараптарды гуманитардык жардам жеткирүүгө шарт түзүүгө жана ооган жарандарынын өмүрүн сактоого чакырды. Өзгөчө аялдар менен кыздардын укуктарын коргоого үндөдү.

Талибдер башкарган жылдар кандай болгон?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:14 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG