Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:10

Өзбекстан ооган качкындарын лагерге жайгаштырууда


1996-жылы Ооганстандан келип, Кыргызстанда жашап калган качкындар. АКШнын Бишкектеги элчилигинин алдындагы митинг учуру. Август, 2021-жыл.
1996-жылы Ооганстандан келип, Кыргызстанда жашап калган качкындар. АКШнын Бишкектеги элчилигинин алдындагы митинг учуру. Август, 2021-жыл.

Өзбекстанда ооганстандык качкындар үчүн атайын лагерь курулду. Учурда ал жерде 100дөн ашуун качкын баш калкалап жатат. Ал эми Казакстан БУУнун Ооганстандагы 100дөн ашык кызматкерин Алматыга эвакуациялады.

Өзбекстанга кире качкан оогандар

Gazeta.uz сайты кабарлагандай Өзбекстандын Ооганстан менен чектешкен Термез районунда ооганстандык качкындарга чатырлардан убактылуу лагерь уюштурду. Учурда ал жерге 100дөн ашуун качкын баш калкалап, жергиликтүү бийлик аларга гуманитардык жана медициналык жардам көрсөтүп жатат.

Качкындарга курулган убактылуу лагерь. Термез району, 18-август.
Качкындарга курулган убактылуу лагерь. Термез району, 18-август.

“Талибан” кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялагандан кийин жайкын тургундар коңшу өлкөлөргө качуунун амалын издеп башташкан. Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Шерабад районунда 15-август күнү кечинде Ооганстандын аскер аба күчтөрүнө таандык учак кулап түшкөн. Өлкөнүн Коргоо министрлиги бул аскер учагы мамлекеттин аба мейкиндигинен өтүп, аймакка кирип баратканда токтотулганын ырастады. Бирок министрлик Өзбекстандын абадан коргонуу күчтөрү учакты атып түшүргөнүн тактаган эмес.

14-15-августта Ооганстандан Өзбекстанга 22 аскердик учак жана 24 тик учак мыйзамсыз өтүп, Термезге конгону айтылат. Аларда жалпысынан 585 ооган аскер кызматкери болгон.

Германия жарандарын Өзбекстан аркылуу чыгарат

Ал арада өзбек президенти Шавкат Мирзиёев шаршембиде немис канцлери Ангела Меркел менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Германиянын жарандарын Ооганстандан эвакуациялоо маселесин талкуулады.

Сүрөт өзбек президентинин маалымат кызматынын сайтынан алынды.
Сүрөт өзбек президентинин маалымат кызматынын сайтынан алынды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, ооганстандык качкындардын Өзбекстан аркылуу Германияга эвакуацияланышы үчүн тыгыз координацияны жана мекемелер аралык кызматташтыкты улантуу маанилүү экени белгиленди.

"Жолугушуунун жүрүшүндө лидерлер эки тараптуу кызматташтыктагы актуалдуу маселелерди талкуулашты жана Ооганстандагы окуялар боюнча региондогу учурдагы абал боюнча пикир алмашышты", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Германия Өзбекстан менен Ооганстандан алгач өз жарандарын эвакуациялоо боюнча келишимге кол койгон. 17 -августта атайын учак Кабулдан Ташкентке 125 кишини алып келген. Андан кийин алар Германияга учары белгилүү болду.

Ал эми Германиянын Коргоо министрлиги мүмкүн болушунча көп кишини эвакуациялоо үчүн Ташкент менен Кабулдун ортосунда аба көпүрөсү курулганын билдирди.

Ооганстандагы БУУнун кызматкерлери Алматыга чыгарылды

Kоңшу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 18-августка караган түнү Ооганстанга жардам берүү миссиясынын мүчөлөрүн ташыган учак Алматы аэропортуна конгонун жарыялады.

"Ички саясий абалдын курчуганына байланыштуу БУУ өзүнүн Ооганстанга көмөк көрсөтүү миссиясын (UNAMA) жана башка агенттиктерин Алматыга убактылуу жайгаштыруу өтүнүчү менен казак бийлигине кайрылган. БУУ менен Казакстандын көп тараптуу кызматташтыгы жана бул уюмдагы толук кандуу мүчө катары милдеттемелеринин алкагында президент Касым-Жомарт Токаев өтүнүчтү колдоду",-деп айтылат казак министрлигинин маалыматында.

Казакстандын мамлекеттик маалымат каражаттары Алматыга конгон учакта 141 киши болгонун жазып чыгышты. Алардын баары Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга көмөк көрсөтүү миссиясынын кызматкерлери.

БУУнун атайын өкүлү Стефан Дюжаррик
БУУнун атайын өкүлү Стефан Дюжаррик

БУУнун атайын өкүлү Стефан Дюжаррик "Талибан" кыймылы Кабулду басып алган соң 300гө жакын кызматкеринин үчтөн бирин Казакстанга көчүрөрүн жарыялаган.

"Бул убактылуу чара катары эсептелинет. БУУ Ооганстан элине коркунуч туудурбастан, өз кызматкерлерине жардам бериши керек",- деди Дюжаррик.

БУУнун Ооганстандагы мекемелеринде 300гө жакын эл аралык жана 3000дей жергиликтүү кызматкер иштейт.

Көчүрүлгөн кызматкерлер убактылуу, Ооганстандагы кырдаал турукташканга чейин жарым жылдай Алматыда болору, алардын бардык чыгымдарын эл аралык уюм каржылары кабарланды.

Кабул аэропорту курчоого алынганы айтылууда

18-августта Казакстандын Ооганстандагы элчилигинин көмөгү менен кыргызстандык 14 жаран Кабул-Чымкент- Алматы багытындагы чартердик учак менен эвакуацияланган. Ооганстанда кыргызстандык жарандар дээрлик калбаганы кабарланды. Бул учак менен ошондой эле 24 казакстандык жаран чыгарылган.

Кабул аэропорту учурда АКШ баштаган эл аралык коалициянын күчтөрүнүн көзөмөлүндө. Алар жарандардын эвакуациясын камсыздап жатышат."Рейтер" агенттигинин маалыматына ылайык, акыркы үч күндүн ичинде 2200гө Батыштын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле талибдерден качкан ооганстандыктар аскердик учактар менен өлкөдөн чыгарылган.

Бүгүн “Талибандын” согушкерлери Кабулдун аэропортуна кирчү бардык көзөмөл-өткөрмө пункттарды ээлеп алып, өлкөдөн учуп кетүүгө уруксаты бар оогандыктарды да киргизбей жатканы кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG