Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Чолпон-Атада ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйыны уланат


Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйыны. Чолпон-Ата, 19-август, 2021-жыл.
Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйыны. Чолпон-Ата, 19-август, 2021-жыл.

Чолпон-Атада Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйыны бүгүн 20-августта кеңейтилген форматта уланат. Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын жана Орусиянын өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны кечээ башталып, чакан форматтагы алгачкы жыйын жана эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөн. Өкмөт башчылар менен президент Садыр Жапаров жолуккан.

Жыйында сүйлөп жатып Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ооганстандагы соңку окуялар уюмга мүчө мамлекеттер жайгашкан аймакка таасирин тийгизбей койбосун, соңку кезде аймакта түрдүү жаратылыш кырсыктары да көп катталып жатканын, коронавирус боюнча абал да жакшы эмес экенин белгиледи.

Бүгүн өкмөт аралык кенештин кеңейтилген отурумунда 20 чакты маселе талкууланып, жыйынтык документтерге кол коюлат.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.

Уюмдун ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар.

Соңку жылдары ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирген.

Биримдик ичинде тоскоолдуктар алынбаса Кыргызстан сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүн караштырарын айтып чыккан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG