Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Лидер аялдардын алгачкы курултайына даярдык жүрүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда лидер аялдардын алгачкы курултайына даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна уюштуруучулар 18-августта кабарлашты.

“Аялдар тилектештиги” аттуу курултайды активист кыз-келиндер парламенттеги Аялдар укугу жана гендердик зомбулукту алдын алуу боюнча кеңеш жана Депутат аялдар форуму менен бирге уюштуруп жатышат.

25-августта Чүйдөн баштала турган иш-чара Ош жана Нарын облустарында уланып, сентябрда жыйынтыкталат.

Курултай өлкөдө жүрүп жаткан социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөр, пандемия шартында аялдар кыймылынын коомдогу ордун жана ролун анализдөө зарылчылыгына байланыштуу өткөрүлүп жатканы белгиленүүдө. Анда көйгөйлөрдү талкуулоо менен катар ийгиликке жетишкен кыз-келиндердин тажрыйбасын жайылтууга шарт түзүлөт. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, өлкө жетекчилигине гендердик теңчиликке жетишүү, аялдар лидерлигин өнүктүрүү үчүн татыктуу шарт түзүү боюнча реалдуу кадамдарды жасоого чакырык жасалат.

Расмий статистика боюнча, Кыргызстанда аялдар 6,5 миллион калктын 50,4% түзөт. Аялдардын 64% айыл жергесинде жашайт.

Жакында 180ден ашуун уюмдан турган «Зомбулукка каршы БИРГЕ» кыймылынын активисттери президент Садыр Жапаровго кайрылып, шайлоо боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбооруна кол койбоону өтүнүп, эгер ал кабыл алынып калса парламентте аялдар эң көп дегенде 18% болоруна кооптонуусун билдиришти.

Быйыл Кыргызстанда айыл кеңештерине шайлоо алгачкы жолу аялдарга 30 пайыздык квота берүү менен өткөрүлдү. Натыйжада айыл кеңештеринде аялдардын саны 9 пайыздан 38 пайызга өстү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG