Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Министрлик: Атамбаевдин ден соолугун текшерүү үчүн ооруканада орун даяр турат


Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгын текшерүү үчүн ооруканага жаткыруу керек, бирок орун даяр турганы менен аны ал жакка алып барыша элек. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна 19-августта Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Мекеменин Медициналык жардам уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуеванын айтымында, Биринчи Май райондук сотунан Атамбаевдин ден соолугун текшерүү керектиги жөнүндө кат барган. Мындай текшерүү стационар шартында гана өтөрү аныкталгандыктан министрлик Кардиология жана терапия борборунда орун даярдап койгон:

“Кайсы күнү алып келсеңер да биз ал кишини жаткырып, кароодон өткөргөндөн кийин жыйынтыгын соттук-медициналык эксперттерге берүүгө даярбыз деп Биринчи Май райондук сотуна 30-июлда кат жазганбыз. Кат Жаза аткаруу кызматына да жөнөтүлгөн. Биз күтүп жатабыз. Алмазбек Атамбаевди кайсы күнү алып келишсе да өзүнө жана кошо жата турган конвой кызматкерине орун даяр. Алып келишсе эле биз медициналык кароодон өткөрүп, жыйынтыгын дарыгерлерге жазып бергенге даярбыз”.

Өткөн аптада Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу дайындалган соттук-медициналык экспертиза создугуп жаткандыктан анын сот иштери төрт айдан бери токтоп турганын “Азаттык” радиосуна адвокаты Замир Жоошев билдирген. Ал "Саламаттык сактоо министрлиги жана анын эксперттери өзүнө жоопкерчилик алып, “ооруп жатат” деп же “ооруган жок” деп айта албай жатат” деген оюн айткан.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев Бишкектеги №47 колонияда отурат. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна жана 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу соттолууда. Иштер Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда.

Адвокаттары Атамбаевге омурткасынан операция жасалышы керектигин, жүрөгүн да дарылоо зарылдыгын, мындай медициналык жардамды ал колония шартында ала албасын айтып келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG