Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:19

Навальный Батышты глобалдык коррупцияга каршы чара көрүүгө үндөдү


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиянын абакта жаткан оппозиционер лидери Алексей Навальный Батыш өлкөлөрүн глобалдык коррупцияга каршы чара көрүүгө чакырды. 19-августта ууландырылганынын бир жылдыгына карата кайрылуусунда ал дүйнөдөгү ири көйгөйлөрдүн көбүнүн себеби коррупция экенин белгиледи.

Навальный Батыштын лидерлери согушка, жакырчылыкка, миграцияга, климат проблемаларына, куралданууга каршы аракет көрүп жатканы менен андан да орчундуу болгон жемкорлук көйгөйү бар экенин, бирок күн тартибинде бул маселе биринчи орунга коюлбай келе жатканын айтты.

45 жаштагы Алексей Навальный былтыр август айында Сибирдеги Томск шаарында ууландырылып, Германияга жеткирилген. Ал нерв системасын шал кылуучу "Новичок" уулуу заты менен ууландырылганы белгилүү болгон. Бирок орус бийлиги мындай маалыматты четке каккан.

Навальный Берлиндеги клиникага жеткирилип, быйыл январда Москвага кайтканда камакка алынган жана 2014-жылкы кылмыш иш боюнча «шарттуу жазанын эрежелерин сактаган жок» деген доо менен 2,5 жылга эркинен ажыратылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG