Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:20

Мамин: Эмдөөнү кечеңдетүү, табияттын өзгөрүшү экономиканы артка тартат


Чолпон-Атадагы жыйын учуру.
Чолпон-Атадагы жыйын учуру.

Бүгүн, 20-августта Чолпон-Атада Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйыны кеңейтилген форматта уланууда.

Анда сөз сүйлөгөн Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экономикасында 2021-жылы транзиттик каттамдар көбөйүп, Европа - Кытай багытындагы жүк ташуулар жанданганын айтты.

Анткен менен экономиканы кайра калыбына келтирүүдө ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн калкын коронавируска каршы эмдөө темпи жай болгону тоскоол болгон чоң фактор катары белгиледи.

"ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөгү эмдөөнүн ылдамдыгын бирдей ишке ашырбаса, экономиканын ирдениши мүмкүн эмес. Глобалдык деңгээлде азык-түлүктүн кымбаттоосу эң чоң кыйынчылыктардын бири болууда. Тамак-аштын баасынын дүйнөлүк индекси акыркы он жылдагы эң чоң рекорддук чекке жетти. Баанын өсүшү дүйнөдө экономика кайра жандана баштаганы жана климаттык катаал шарттарга түздөн-түз байланыштуу. ЕАЭБге мүчө өлкөлөр экологиялык көйгөйлөр менен да күрөшүүсү керек", - деди Мамин.

Бүгүн өкмөт аралык кеңештин кеңейтилген отурумунда 20 чакты маселе талкууланып, жыйынтык документтерге кол коюлат.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG