Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Акжол Махмудов спорттук формасын сатыкка койду


Сүрөттөгү кызыл формасы сатыкка коюлду.
Сүрөттөгү кызыл формасы сатыкка коюлду.

Токио-2020 олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды алган кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов өзүнүн таймашка кийип чыккан спорттук формасын аукционго койду.

Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына бала чагынан "Олимпиаданын алтын медалын жеңүүнү көксөп жүргөнүн, муктаж болгондорго жардам бергиси келерин, өз өлкөсүндө спорттун гана өнүгүшүнө эмес, элдин жыргалчылыгына салым кошууну кыялданарын" жазган.

Сатыкка койгон кызыл түстөгү трикосунун баштапкы баасы 50 АКШ доллары деп көрсөтүлдү.

Спортчу аукциондун жыйынтыгы август айынын соңунда чыгарын, андан түшкөн каражат толугу менен кайрымдуулукка жумшаларын кошумчалаган.

Токиодо өткөн Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта финалда венгриялык Тамас Лоринцке жеңилип (1:2), күмүш медалдын ээси болгон. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG