Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:04

Токмоктогу психиатриялык жатак ооруканаларда абал начар


Токмоктогу №1 психоневрологиялык жатак оорукана.
Токмоктогу №1 психоневрологиялык жатак оорукана.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун текшерүүсүнүн жыйынтыгында Токмоктогу психиатриялык ооруканаларда "антисанитария, сынган сантехникалар жана жетишсиз каржылоо" байкалды. Бул тууралуу аталган борбордон кабарлашты.

Текшерүү 13-августта улуттук борбордун директору Бакыт Рысбаев, эксперттер Калмалдин Жапаров жана Мирлан Жакыповдун катышуусунда ишке ашкан.

Токмоктогу №1 стационарда жалпы санитардык абал начар, ар бир бейтаптын тамагына 100, дары-дармегине 12 сом бөлүнөт. Анда иштеген адистердин айлыгы жалпы медициналык кызматкерлердин айлыгы көбөйгөнүнө карабай 4-10 миң сом бойдон калганы аныкталды.

"№1 психикалык ооруканада бир бейтап үчүн стандарт 6,5 метрлик аянт болсо 3-4 метрлик жерде гана жашайт. Жуунуучу бөлмөлөрдө тазалык талаптары эске алынбай баарына жалпы дагара, жышып жуугучтар колдонулат, ашканада гигиеналык талаптар сакталган эмес", - деп жазылган текшерүүнүн жыйынтыгында.

Улуттук борбордун кызматкерлери психоневрологиялык мекемеге бардык аныкталган мыйзам бузууларды кыска мөөнөттө жоюу боюнча сунуштарын жөнөттү.

Эгерде текшерүү аралыгында адистердин сунуштарына көңүл бурулбаса, анда акт түзүлүп, ал документ Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине кароого жөнөтүлөрү эскертилди.

Токмоктогу психиатриялык интернат-ооруканаларда 18 жаштан жогору 479 адам жатат. Алардын дарылануу, тамак-ашы үчүн бюджеттен 49 миллион сом бөлүнөт. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG