Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:10

Ооганстандан чыга албай калгандардын муңу


Ооганстан- Пакистан чек ара бекети. 19-август.
Ооганстан- Пакистан чек ара бекети. 19-август.

Талибан кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, жарандык согуш аягына чыкканын жарыялагандан кийин жайкын тургундар коңшу өлкөлөргө качуу амалын издей баштаган. Айрым өзбек жана казак тектүү ооганстандыктар үйдө камалып, жардам күтүп жатканын айтышууда.

Рейтер агенттигинин маалыматына ылайык, акыркы күндөрү Батыш мамлекеттеринин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн 2200гө жакын кызматкерлери, талибдерден качкан ооганстандыктар аскердик учактар менен өлкөдөн чыгарылган.

Кабул аэропортунун жанында күткөн эл. 19-август.
Кабул аэропортунун жанында күткөн эл. 19-август.

Бирок талибдердин көзөмөлүндө калган карапайым эл чет өлкө түгүл, көчөгө чыккандан кооптонуп жатканын айтышууда. Алардын бири Кундуз шаарынын тургуну, казак тектүү ооганстандык жаран Абдуллах (аты өзгөртүлдү). Ал бутунан жараат алганын, бирок ооруканада дарыгерлер баш болуп бардык кызматкерлер качып кеткенин "Азатыкка" айтып берди.

"Мен Кундуздагы базарда соода кылам. Талибан шаарга кирип келгенде борбордук базарда бомба жарылып, жаракалардын бири бутума тийди. Кундузда клиника жок. Анан Кабулга машина менен качып келдим. Үч күн ооруканада жаттым. Дарыгерлер бүгүн келген жок. Алар талибдерден коркуп качып кеткен. Азыр бир үйдө жашырынып отурам", - деди Абдуллах.

Ал үйүндө жубайы, үч кызы жана бир уулу менен турарын, акыркы үмүтү казак өкмөтүнөн келе турган жардам экенин айтып кейиди.

"2016 -жылдан бери Казакстанга кетүүгө аракет кылып жатам, бирок бара алган жокмун. Мен Казакстанга барып, чоң атамдын эли менен жашагым келет. Ооганстанда жашоо кыйын болуп калды. Мага Казакстанга аялым менен барууга жардам бериңиз", - дейт Абдуллах.

Халиме Седеф.
Халиме Седеф.

Ал эми Ооганстандын Жевизжан провинциясында жашаган өзбек тектүү депутат Халиме Седеф "Азаттыкка" талибдер анын үйүнө келип суракка алганын жана үй-бүлөсүн коркутканын билдирди.

"Мен Ооганстандын парламентинин депутатымын. Азыр айламды таппай отурам. Күнүгө талибдер үйүмө келип коркутуп жатат. Менден башка мамлекеттик кызматкерлердин баарын алып кетишти. Түрк тилдүү мамлекеттерден жардам сурадым, бирок жооп жок. Эгер мен жакын арада өлкөдөн чыгып кетпесем, бутага алынамбы деп коркуп отурам", - дейт ооганстандык депутат Седеф.

15-августта талибдер Кабулду алган маалда банкта кезек күтүп отурган белгилүү режиссер, "Ооганфильм" компаниясынын жетекчиси Сахраа Карими соцтармактардагы баракчасынан көчөдөгү башаламандыкты түз чагылдыра баштаган. Ал шаарга чыгып "Талибан шаарга кирди, биз кача баштадык. Бул боевик кинодон үзүндү эмес, бул Кабулдагы чындык. Дүйнө мунун баарын карап турат" деп абалды сүрөттөгөн.

36 жаштагы Сахраа Карими соцтармактардын активдүү колдонуучусу катары, көчөдөгү башаламандыкты видеого тартып баракчаларында көрсөтүп турган. Аэропорттон түшкөн сүрөттөрдү Инстаграмда бөлүшүп, ооганстандыктар дагы эле чыдамсыздык менен жардам күтүп жатканын жазган. Белгилүү режиссер аял ошол эле күнү талибдерге каршы тилектештикке чакырган кат жарыялады.

17-августта Карими Түркия жана Украинанын Кабулдагы элчиликтеринин атайын операциясы аркылуу Ооганстандан Украинага чыгарылганы белгилүү болду.

Ал ортодо Талибандын расмий өкүлү Забихулла Муджахид Кабулду басып алгандан кийин өткөргөн алгачкы маалымат жыйынында өлкөдө аялдардын укуктары шариятка ылайык сакталарын билдирди. Деген менен талибдердин убадаларынан күмөн санаган аялдар аз эмес.

Алардын бири Ооганстандын мамлекеттик телеканалынын алып баруучусу Шабнам Давран шаршембиде Твиттерден жумушунан кол жууганын жарыялады.

"Мен алты жылдан бери журналистмин. Дүйшөмбүдө жагдай кооптуу болуп турса да жумушума бардым. Талибдер мени кеңсеге киргизбей коюшту. Алар мага "режим өзгөрдү, сизге уруксат жок, үйүңүзгө барыңыз" деп кууп чыгышты. Мен дүйнөдөн жардам сурайм, анткени менин өмүрүм коркунучта", - дейт ооганстандык журналист билдирүүсүндө.

Кабулда жана башка ири шаарларда базарлар, дүкөндөр жана башка соода жайлары жарым-жартылай иштегени менен ишканалар, банктар, мамлекеттик мекемелер жабык турат.

Жоочулар Кабулдун аэропортуна кирчү бардык көзөмөл-өткөрмө бекеттерди ээлеп, ага өлкөдөн учуп кетүүгө уруксаты бар оогандыктарды да киргизбей жатканы айтылууда. "Талибандын" жана НАТОнун өкүлдөрүнүн ырасташынча, аэропорттун айланасында соңку күндөрү 12 адам өлтүрүлдү..

Ооганстандагы кырдаал: Борбор Азияга таасири кандай болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:51:30 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG