Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Марипов: ЕАЭБ алкагында эркин соода алакасына жетишүүбүз керек


Улукбек Марипов (солдон үчүнчү). ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммитинде. Ысык-Көл. 19-август, 2021-жыл.

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында эркин соода алакасын куруу зарылдыгын Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бүгүн, 20-августта Ысык-Көлдө өтүп жаткан уюмга мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйынында билдирди. Марипов ЕАЭБдин максаты - уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономикасын өнүктүрүү экенин белгиледи. Бирок ошол эле учурда биримдиктин алкагында эркин товар жүгүртүүдө тоскоолдуктар уланып жатканын айтты.

"Жасалган кадамдарга карабай, биз дагы деле товар, акча жүгүртүүдө, жумушчу күчүн сарптоодо бирдиктүү экономикалык мейкиндикке туура келбеген тоскоолдуктарга туш келип жатабыз. Биздин мамлекет башчыларыбыз ички базардагы тоскоолдуктарды жок кылууда Евразия экономикалык комиссияны күчөтүүнү бир нече жолу белгилешкен. Ушундан улам, Евразия экономикалык комиссиясынын функциясын өзгөртүүгө көңүл буруу зарыл".

Марипов Евразия экономикалык комиссиясынын иши алсызданып кеткенин кошумчалап, келечекте ЕАЭБ аймагында эркин соода алакасын курууга үмүтү бар экенин билдирди.

Кыргызстандын өкмөт башчысы сөзүндө учурда дүйнөлүк экономиканы экология менен айкалыштыра өнүктүрүү биринчи орунга чыкканын белгиледи. Отурумдун катышуучуларын кийинки жылы Ысык-Көлгө Евразиялык экологиялык жана климаттык форум өткөрүүгө чакырды.

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйыны бүгүн, 20-августта кеңейтилген форматта уланды. Жыйын кечээ башталып, чакан форматтагы алгачкы жыйын жана эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөн. Өкмөт башчылар менен президент Садыр Жапаров жолуккан.

Бүгүн өкмөт аралык кеңештин кеңейтилген отурумунда 20 чакты маселе талкууланып, жыйынтык документтерге кол коюлат.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.

Уюмдун ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар.

Соңку жылдары ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирген.

Биримдик ичинде тоскоолдуктар алынбаса Кыргызстан сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүн караштырарын айтып чыккан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG