Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:19

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү теңелди


Токтогул ГЭСи. Июнь, 2021-жыл.
Токтогул ГЭСи. Июнь, 2021-жыл.

20-августка карата Токтогул суу сактагычына секундасына 404 куб метр суу агып кирсе, дал ошончо суу кайра агып чыгууда. Бул маалыматты "Электр станциялары" ишканасы кабарлады. Ага ылайык, бүгүнкү күнү башкы чөйчөктө 11,9 миллиарддан ашык куб метр суу бар.

Былтыр августта суу сактагычта 14,5 миллиардга чукул суу топтолгон.

Быйыл март айынын аягында "Токтогулда" суунун көлөмү 8 миллиард куб метрге чейин азайган. Суу 6 миллиард куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертип келет.

Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында кыргыз өкмөтү быйыл август-декабрь айларында Түркмөнстандан 501,9 млн. кВт/саат электр энергиясын сатып алат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG