Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Азербайжандан келген вакцинанын мөөнөтү августтун аягында бүтөт


Кыргызстандагы коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү.
Кыргызстандагы коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү.

Азербайжан 17-июлда Кыргызстанга коронавируска каршы гуманитардык жардам катары AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасын жиберген.

Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова бул вакциналардын колдонуу мөөнөтү августтун аягында бүтөрүн "Азаттыкка" билдирди.

"Азербайжандан келген вакциналарды августтун аягына чейин толук колдонбосок, колдонуу убактысы бүтөт. Бүгүнкү күнгө чейин 10 миңдей дозасы сайылды. Калганын ай соңуна чейин колдонобуз. Ал эми COVAX программасы менен келген 220 миң доза AstraZeneca вакцинасын октябрга чейин колдонуу керек".

Ошондой эле Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары QazVac вакцинасынын 25 миң дозасын берген.

Өлкөдө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын "Спутник V", COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүүдө. Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган. Жалпы эмделгендер 946 миңден ашты. (BCh)

XS
SM
MD
LG