Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Пакистандык студенттер кыргыз коомчулугуна кайрылуу жасашты


Кыргызстандагы пакистандык студенттер.
Кыргызстандагы пакистандык студенттер.

Пакистандын Кыргызстанда билим алган студенттеринин федерациясы Фейсбуктагы баракчасына коомчулукка кайрылуу жасады. Анда чет элдик студенттер Кыргызстанга татыктуу, сапаттуу билим алуу үчүн келгенин, алар өлкөнү сыйлап, жергиликтүү элге эч качан акаарат кылбаганын жазышкан.

"Азыркы тапта Бишкектеги айрым адамдар пакистандык атуулдарга карата жагымсыз маалыматтарды таратууда. Баарыңыздарды чет элдик студенттерге жакшы мамиле кылууну суранабыз. Азыркы тапта Бишкекте жүргөн көп пакистандыктар студенттер эмес. Алар 15 күндүк карантинге алынып, Дубайга же башка өлкөлөргө кетчүлөр. Пакистандыктар Кыргызстанда жыйырма жылдан бери жашап келет. Канча ирет өлкөгө зыян келтиргени катталды эле? Пакистандыктардын жашоо образы айрымдардын ачуусун келтирип жатат. Бул глобалдык көйгөйбү?", - деп жазылган.

Ооганстандагы Талибан кыймылы бийликти басып алгандан кийин социалдык медианын айрым колдонуучулары Бишкекте ооганстандыктарга окшогон пакистандыктар көбөйгөнүн жазып чыгышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү Кыргызстанда социалдык медиада талкууланып жаткан "өлкөгө Ооганстандан келген качкындар көбөйдү" деген маалыматтарды төгүндөгөн.

Пакистан ислам мамлекетинин атуулдары Кыргызстанда 30 күн визасыз жүрө алат.

Бул өлкөдөн жети миңге чукул студент Кыргызстанда билим алат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG