Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Ооганстандагы бийлик үчүн күрөш


Талибдер ээлеп алгандан кийинки Кабулдун көчөлөрү.
Талибдер ээлеп алгандан кийинки Кабулдун көчөлөрү.

Ооганстанда чыңалуу күчөп, кырдаал оор бойдон кала берүүдө.

"Талибан" жаңы өкмөт качан жана кандай курамда болорун жарыялай элек. Ал арада талибдерге каршы чыккан кыймыл Ооганстандын Панжшер өрөөнүнө топтолууда. Анын башында тургандарга талибдер арачы салып, сүйлөшүү жүргүзүү аракетин көрүп жатканы кабарланууда.

Түбү көрүнбөгөн туңгуюк

"Талибан" Кабулду алган 15-августтан бери жүздөгөн ооган жарандары коопсуздугуна кооптонуп, чет өлкөгө чыгып кетүүнүн айласын издеп жатат. Батыш өлкөлөрүнүн аскерлери турган аэропортко баргандардын агымы азайган жок. Кабул аэропортунун айланасындагы сүрмө топтун тепсендиcинде калып 7 адамдын каза тапканы айтылды. Ал эми талибдер аэропортко кетчү жолдорду көзөмөлдөп, тосмолорду койгон.

"Биздин жетекчилик буга чейин бардыгына мунапыс жарыялаган. Ошондуктан мен аларга өлкөдө калуу өтүнүчү менен кайрылат элем. Биздин кимдир бирөөлөргө жеке өчүбүз жок. Мунапыс бардык өкмөттүк аткаминерлерге чыккан. Ошондуктан алар өлкөгө ак ниет кызмат өтөшү гана керек. Өз өлкөсүн таштап качкан оогандыктар башка жактан аброй таппайт. Биз алардан өлкөнү таштап кетпишин өтүнөбүз. Бизге ар бир жарандын өлкөдө калуусу жана алардын коопсуздугу маанилүү. Биз бирдиктүү жана эгемен өлкө курууга ниеттенебиз", - деди талибдердин өкүлү Абдул Кари Шаоиб.

АКШнын Кабулдагы элчилиги оогандыктарды америкалык тараптын атайы көрсөтмөсү болмоюнча аэропортко барбай турууга чакырды. Ал эми жарандык авиация башкармалыгы туруктуу каттамдар эбак токтогонун эскертти. Британиянын Коргоо министрлигинин атайын билдирүүсүндө, "Ооганстандагы абал оор бойдон калганы” айтылды. Бирок мындай абалга карбай, "Талибандан" качкан ооган жарандары менен чет өлкөлүктөрдү чыгаруу иши уланууда.

Евробиримдиктин Тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел АКШнын 31-августка чейин миңдеген адамды Ооганстандан чыгаруу планын "ишке ашыруу мүмкүн эмес" деп баалады.

Ал эми "Талибан" 31-августка чейин өкмөт түзүп, жоопкерчиликти алары туңгуюк. Анткени калк арасында талибдерге ишеним аз деп айтылууда.

"Мен антип ойлобойм, анткени алар буга чейин Дохада дагы бир топ убадаларды беришкен. Бирок ошол убадаларынын бирин дагы аткарышпады. Биз аларга эч качан ишенбейбиз",- дейт ысымын айткысы келбеген Кабулдун тургуну.

Талибдерге каршы кыймыл жанданды

Ооганстанда талибдер өкмөт түзүп, анын бийлиги таанылганча, буга чейин аны менен каршылашып, ага баш ийбеген өкмөттүк күчтөр менен можахеддердин топтору Панжшерде топтолгону жарыяланды. Каршылык кыймылын бул өрөөндөн чыккан аскер кол башчысы маркум Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд жетектейт. Ага биринчи вице-президент Амрулла Салих менен маршал Абдул Рашид Дустумдун тарапташтары келип кошулганы айтылды.

Ахмад Масуд эгерде талибдер сүйлөшүүдөн баш тартып, күч колдонууну тандаса, анда каршылык көрсөтүү кыймылы аягына чейин турарын айтты.

Ахмад Масуд. Талибдерге каршылык көрсөтүү кыймылынын башчысы.
Ахмад Масуд. Талибдерге каршылык көрсөтүү кыймылынын башчысы.

"Панжшер өрөөнүнүн элинин биримдиги күч. Алар өздөрүнө таңууланган идеяга, тоталитардык режимге каршы турууну, андан коргонууну жана керек болсо салгылашууну каалайт. Биз бирок мында бир эле провинция үчүн эмес, бирдиктүү өлкө үчүн, эгемендик үчүн, бардыгынын кызыкчылыгын коргоо үчүн турабыз. Өлкөнү бир провинцияда туруп, коргойбуз. Анткени бул жакка биз менен тилектештер чогулууда. Анткени "Талибан" биздин баалуулуктарды эске алып, бир гана сүйлөшүү жолу бар экенин түшүнүшү кажет. Анткени сүйлөшүп, өз ара келишүү ар кандай согуштагы жеңиштен маанилүү".

Бир кезде Ооганстандын түндүгүн көзөмөлдөгөн тажик жана өзбек тектүү кошуундардын башын бириктирген талибдерге каршылык көрсөтүү кыймылы “Түндүк альянстын” желегин кайра көтөрдү. Бирок анын курамында кандай күчтөр бар экени жана алардын талибдерге каршы туруу дарамети канчалык экени азырынча белгисиз.

Ооганстандык саясат талдоочу Абдул Хай Канит талибдер негизги күчтөр менен эсептешпесе, өкмөт түзүп, эл аралык колдоого ээ болушу кыйын дейт.

"Түндүк альянс" өз алдынча эч нерсе кыла албайт. Ал Ооганстандын бардыгын ала албайт. Ошондой эле "Талибан" дагы. Эгерде анын жаңы түзө турган өкмөтүндө "Түндүк альянстын" лидерлери болбосо, анда ал өкмөттүн бардык саясий күчтөрдү камтыган инклюзивдүү өкмөт болот деп айтууга болбойт. Ошондуктан "Талибан" сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө сигнал берип, саясий жана диний лидерлерин Панжшер өрөөнүнө жиберип, бир пикирге келүү үчүн мунаса табууга аракеттенип жатат. Бул нерсе жыйынтыгын берет. Алар да өкмөткө кирип, жаңы бийлик көп жактуу болот", - деди саясат талдоочу.

Ошол эле кезде "Талибан" жетекчилиги каршылык көрсөтүү кыймылы менен сүйлөшүп, диалогго барууга даяр экенин ортомчулар аркылу айттырганы кабарланды. Тынчтык сүйлөшүүлөрүн Ислам кызматташтыгы уюмунун арачылыгы жана ири державалардын катышуусу менен өткөрүү планы айтылды. Бирок анын шарттары азырынча белгисиз.

Бирок ошол эле кезде талибдер Панжшерге барып, каршылык кыймылынын лидерлерине согушсуз багынып берүү талабын койгону тууралуу да маалыматтар чыкты. "Талибан" кыймылы бул жагдай боюнча расмий маалымат тарата элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG