Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 00:52

"Талибан" идеологиясынын Кыргызстанга коркунучу


Ооганстан. Август, 2021-жыл.

Ооганстандагы окуялардан улам жергиликтүү эксперттер Кыргызстандагы диний радикал топтордун коркунучу жөнүндө эскертип жатышат.

Ооганстандагы окуялардын улам өнүгүшү Кыргызстандагы диний чөйрөдө кызуу талкууланып жатат. Серепчилер өлкөдө тыюу салынган "Талибан" кыйымылынын Ооганстанда бийлик орнотууга аракети Кыргызстан эле эмес, Борбор Азияда диний абалга, башкача айтканда радикалдашууга таасир берерин айтып жатышат.

"Талибан" идеологиясы эмнеге коркунучтуу?

Юридика илимдеринин кандидаты, теолог Нурлан Исмаилов социалдык тармактарда "Талибандын" кадамдарын колдогондой маанай бар экенин айтат. Ал кырдаалдан пайдаланып чыныгы максатын жашырган радикал топтор диний сабатсыз коомго тор жаюуда деген пикирде.

Нурлан Исмаилов.
Нурлан Исмаилов.

“Акыркы кабарларда "Талибандын" иш-аракеттерин карап көрсөк, заманбап укуктук талаптарга, ислам эрежелерине коошпогон репрессиялар башталды. Эми мындан аркы кырдаал уюмдун иш-аракеттерине жараша болот. Азыр социалдык тармактардан көрүп жатасыздар, ошол уюмду жактырган адамдар бар экен. Бул деген эмне? Бул коомдо ушундай оору бар. Ал өтө таасирдүү боло албайт. Бирок, биз түшүндүрүү иштери аркылуу коркунучтун алдын алабыз”.

Исмаилов радикализмди ооздуктоо үчүн өлкөдөгү диний концепциянын кабыл алынышы маанилүү экенин белгилеп, анын кечигип жатканына тынчсызданат.

Дин таануучу, жаш окумуштуу Элмурат Кочкор уулу диний радикал топтордун идеологиясына үндөшкөн жааматтар өлкөдө өз түшүнүктөрүн сиңирип жатканына көп болгонун айтат. Жаш окумуштуу чек арадан бастырып кирген радикалдардан, аң-сезимге карата чабуул коркунучтуу деп эсептейт.

“Бир гана "Талибан" эмес, диний тайкы түшүнүктөрдүн фрагменттери өтө көп. "Ютубга" видеолору толуп кеткен байкелерден баштап, шакирттеринин сөздөрүн, аргументтерин карасак илим-билим, акыл, логикага туура келбейт. Бул өзү чоң коркунучтан кабар берип турат. Эмне үчүн кыргыз коомчулугунда “башты айран менен жуусам эмне болот? Мен үйлөнөйүн деген кызыма эмне деп айтам?” деген суроолор молдого берилип калды. Демек, молдолор бардык нерсени бакылдап сүйлөп калды. Логикага, илим-билимге туура келбеген нерсени исламга жабыштыруу туура эмес”, - деди Элмурат Кочкор уулу.

Өлкөдө радикализмге шарт түзгөн жагдай

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчисинин (муфтий) мурдагы орун басары, дин таануучу Кадыр Маликов Ооганстандагы абалдын өнүгүшү Борбор Азиядагы геосаясий кырдаалдан баштап, ички маселелерге чейин таасир берерин белгиледи. Ооганстанда диний башкарууну орнотуу ыктымалдуулугу демократиялык жана светтик башкарууга умтулган Борбор Азиядагы айрым өлкөлөргө кооптонуу жаратууда. Кадыр Маликовдун пикиринде, Борбор Азия өлкөлөрү жаңы коркунучтарды чукул алдын алуу үчүн күч органдарынын иш-аракетин күчөтөт. Бирок, өлкөдөгү социалдык, саясий абал радикал топтордун өз идеологиясын жайылтууга оңой шарт түзүшү ыктымал.

Кадыр Маликов.
Кадыр Маликов.

"Бардык террордук, экстремисттик кыймылдардын, топтордун максаты – светтик мамлекетти жок кылып, ислам мамлекетин куруу, улуттук мамлекетти талибдер катары сактоо же "Ислам мамлекети" (өлкөдө тыюу салынган уюм) сыяктуу халифат аймагына кошуу. Калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Кыргызстанда мамлекеттик улуттук курулуш толук бүтпөстөн, жолдун башында гана жүрүшөт. Ушул жолдо исламдын коомдогу, мамлекеттеги орду, ролу тууралуу маселе айрыкча азыркы Ооганстандын абалында маанилүү болуп турат. Тактап айтканда, диалог аркылуу жарандардын мамлекетке болгон ишенимин жогорулатуу, түрдүү диний топторду, атеисттерди, светтик көз караштагыларды мамлекеттин жана эгемендиктин алкагында бириктирүүчү фактор Борбор Азияга керек болуп турат".

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси (муфтий) Замир Ракиев акыркы жылдары калктын диний радикалдашуусун алдын алуу иш-чаралары күчөтүлгөнүн белгилеп, тынчсызданууга негиз жок экенине ишенет.

“Кудайга шүгүр, дүйнө жүзүндө радикалдашууга каршы турууга аракет кылып жатат. Анын ичинде бизде дагы колубуздун келишинче түшүндүрүү иштерин, ханафи мазхабын жайылтууга аракет кылып келе жатабыз. Мен элибиз билимдүү, мекендин баркын билет деп ойлойм. Жаман жолго барбайт”, - деди муфтий.

Буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов акыркы кырдаал боюнча Кыргызстан бардык коркунучтарга даяр турганын маалымдаган.

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

“Кандайдыр бир экстремисттик күчтөр ушул кырдаалдан пайдаланып Баткендеги чек ара маселесин курчутабыз десе, анда биз ага жол бербегенге аракет кылабыз. Биздин укук коргоо органдары, күч түзүмдөрү ушундай варианттарга да даярдыктарды көрүүдө. Мен өткөндө Баткенге барып келгем. Жоокерлердин маанайы жакшы. Кооптонууга негиз жок. Ооганстандагы кырдаал ошол өлкөгө гана тиешелүү. Болгону, качкындар боюнча маселе жаралышы мүмкүн. Алар деле Ооганстан менен чектеш өлкөлөргө келиши айтылып жатат. Бизге келе турган болсо даярдыктарды көрөбүз”.

Жергиликтүү айрым эксперттер эмнеге Ооганстандагы "Талибандын" Кыргызстандагы ыктымал идеологиясына тынчсызданып жатышат?

"Талибан" кыймылы 15-августта Кабулду ээлегенден кийин адам укуктары сакталарына убада кылган. Анткен менен талибдер өз эрежелерин таңуулап, жер-жерлерде “шариятка ылайык” деген өз түшүнүктөрүнө карап, айрым адамдарды өзүм билемдик менен жазалап жатканы жөнүндө кабарлар чыгып жатат.

Талибдер башкарган жылдар кандай болгон?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:14 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG