Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

"Талибан" Батыштын тарапташтарын куугунтуктай баштады


Ооганстан. Кабулда талиб жоочулары короо-жайларды кыдырууда. 18-август, 2021-жыл.
Ооганстан. Кабулда талиб жоочулары короо-жайларды кыдырууда. 18-август, 2021-жыл.

Талибдер Кошмо Штаттары менен НАТОго жардам берип, кызматташкан ооган жарандарын издеп таап, жазалоого киришип жатканы белгилүү болду.

Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюму үчүн даярдалган ыкчам документтин көчүрмөсү менен "Би-Би-Си" менен New York Times редакциялары таанышып чыккан.

Бул басылмалар талибдерде америкалыктар менен кызматташкандардын тизмеси даректери бар экенин жазды. Ошондой эле, аларды жоочулар суракка алып, жазалоого ниеттенип жатканы белгиленет.

Эгерде керектүү адамдар жеринде табылбай калса, анда талибдер алардын жакын туугандарын же үй-бүлө мүчөлөрүн өлтүрүп, же камакка алууга эскертүү берип жатканы айтылды.

Өзгөчө кулатылган өкмөттө иштегендер, аскер адамдары менен полиция кызматкерлери чоң коркунучка дуушар болгон. Айрыкча азыр Кабулдун аэропортунда өлкөдөн чыгып кетүүгө камданып тургандар “кара тизмеге” түшкөнү белгиленди.

Талибдер ошондой эле журналисттерди да издеп жатканы кабарланды. Ооганстандын батышында талибдер Deutsche Welle басылмасына иштеген журналисттин үйүнө барып, өзүн таппай, бирок бир тууганын өлтүрүп, экинчисин жарадар кылганы тууралуу бул медиакомпаниянын жетекчилиги маалымат таратты. Ага ылайык, талибдер учурда Германияда жүргөн журналистти издеп барышкан. Анын калган туугандары качып кутулган.

Deutsche Welle басылмасынын маалыматы боюнча, талибдер Кабулда жана бир провинцияда компаниянын үч кызматкерин издешкен.

Немис маалымат каражаттары Германиянын өкмөтүнө ачык кат жазып, Ооганстанда немис тилдүү басылмаларга иштеген журналисттерди жана алардын үй-бүлөсүн алып чыгып кетүү үчүн ыкчам түрдө визалык программа ачууга чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG