Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Мишустин орус тилинин Кыргызстандагы расмий макамынын маанисин белгиледи


Улукбек Марипов менен Михаил Мишустиндин жолугушуусу.
Улукбек Марипов менен Михаил Мишустиндин жолугушуусу.

Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Кыргызстандагы орус тилинин расмий макамынын мааниси чоң экенин белгиледи. Анын пикиринде, бул улуттар жана конфессиялар аралык ынтымакка оң таасирин тийгизет.

Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен жолугушууда айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Марипов өз кезегинде мамлекеттер ортосундагы соода-сатык, экономикалык байланыштарды чыңдоо керектигине токтолгон.

"Биз ушул жылдын январь-июнь айларында 1 млрд. 5,5 млн. долларды түзгөн жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,5%га көбөйгөн эки тараптуу товар жүгүртүүнү андан ары жогорулатууга басым жасоо менен активдүү биргелешкен иштерди жүргүзүүгө даярбыз", - деди ал.

Эки тарап Кыргызстан жана Орусиянын Кайчылаш жылынын жыйынтыктарын жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун алкагында мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Улукбек Марипов Кыргызстан менен Орусиянын Кайчылаш жылын жыйынтыктоо үчүн Михаил Мишустинди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын жана Орусиянын өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны 19-августта башталып, алгач чакан форматта жана эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөн. Өкмөт башчылар менен президент Садыр Жапаров дагы жолуккан.

20-августта өкмөт аралык кенештин кеңейтилген отурумунда жыйырмадай маселе талкууланып, бир нече жыйынтык документтерге кол коюлду.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG