Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:30

Абыкеев: Президент саясий куугунтукка аралашкан жок


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев "Азаттык" радиосуна президент Садыр Жапаров саясий куугунтукка аралашпай турганын билдирди.

"Президент берген убадасын аткарып, саясий куугунтукка убактысын короткон деле жок. Айрым бир саясатчылардын, саясатта жүргөндөрдүн одоно кылмыш иштери тууралуу маалыматты укук коргоо органдары такташы керек".

Бүгүн, 20-августта Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту жарандык активист, "Ханституцияга каршы" кыймылынын мүчөсү Тилекмат Кудайберген уулун Жазык кодексинин 310-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") боюнча актап, бирок 264-берене ("Массалык башаламандык") боюнча күнөөлүү деп таап, 1,5 жылга кести.

Ушул эле кыймылдын лидери Жеңиш Молдокматов май айында камакка алынган. Ага 2020-жылы октябрь окуяларында "башаламандык уюштурган" деген айыптар коюлууда. Молдокматов өзү "саясий куугунтукка" кабылганын билдирип келет.

Президент Садыр Жапаров июль айынын этегинде убактысын саясий куугунтукка коротпой турганын "Фейсбуктагы" баракчасына жазган.

Садыр Жапаров ушул жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо 79,2% добуш менен биринчи турда президент болуп шайланган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG