Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:12

Эл аралык казак-кыргыз айтышына катышчулар аныкталды


20-августта өткөн тандоо тур.
20-августта өткөн тандоо тур.

20-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган эл аралык айтыштын жана Талас шаарында өтүүчү республикалык айтыштын тандоо туру чогуу өттү. Бишкектеги “Манас” кинотеатрында өткөн тандоо туруна өлкө боюнча жалпысынан 44 акын катышты.

44 акындын ичинен 16 акын кийинки турга жолдомо алды. 16 акындын ичинен жогорку упай алган 8 акын 30-31-августта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүүчү эл аралык казак-кыргыз айтышына катышат. Эл аралык айтыш эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен бирге эле “Айтыш” коомдук фондунун 20 жылдыгына, кыргыздын белгилүү акыны Жеңижок Көкө уулунун 160 жана казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган. Бул айтышка төмөнкү 8 акын катышат:

Амантай Кутманалиев (70 упай)
Баян Акматов (70 упай)
Асылбек Маратов (70 упай)
Акматбек Султан уулу (70 упай)
Жылдызбек Төрөканов (70 упай)
Турат Жумаев (69 упай)
Кубат Тукешов (69 упай)
Мундузбек Борончиев (69 упай)

Ал эми 16 акындын ичинен төмөнкү 8 акын 22-23-августта Талас шаарында өтүүчү Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына арналган республикалык айтышка жолдомо алды. Алар:

Нурсултан Малдыбаев (69 упай)
Элмирбек Иманалиев (69 упай)
Абдували Акимбеков (68 упай)
Кадырбек Бейшенов (68 упай)
Шайлообек Отунчиев (67 упай)
Нурайым Бактияр кызы (67 упай)
Темирбек Матыбаев (67 упай)
Азамат Болгонбаев (66 упай)

Филармонияда өтүүчү эл аралык айтыштын байге фонду 3 млн. сомду түзсө, Таластагы республикалык айтыштын байгеси бир млн сом. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG