Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 04:30

"Окуялар, адамдар": демократиялык кыймылдын жаралышы


"Ашарчылар" менен КДКчылардын жыйындарынын бири. 1991-жыл.

Кыргызстан эгемендигинин 30 жылдыгы алдында өткөнгө кайрылуу, демократиянын башаты тууралуу кеп кылуунун ыгы келип турат.

Демократиялык кыймылдын башында турган жазуучу, саясий ишмер Казат Акматовдун “Окуялар, адамдар (Миң бир күн)” тарыхый-документалдуу баянына токтолобуз.

Суук бөлмө

Казат Акматов “Окуялар, адамдар ( Миң бир күн)” тарыхый-документалдуу баянын 1996-жылы жазган. Эгемен өлкө анда революция делген күчтөп бийликти алмаштырууну башынан өткөрө элек кез. “Ашууда ат алмашпайт” жүйөсү күчүндө, туңгуч президент үчүнчү шайлоодон өтүп, экинчи мөөнөтүн аткарып жаткан. Опсуз чоң тарыхый окуялардын күбөсү болгон улуу жазуучу Кыргызстанга демократиянын келиши тууралуу “Окуялар, адамдар (Миң бир күн)” чынчыл китебине момундай кириш сөз жазган:

“Дегеним, бул окуя кыргыз – кыргыз болгону эл башына бир келген эң улуу, эки келгис окуя. Кыргыздын тагдыр-тарыхында мындан улуу окуя болгон эмес чыгар, арийне болбойт дагы. Себеби, мындай доор эки келбейт бир келет. Эпадам замандын бир заманында мындай окуя кыргыз башына дагы бир жолу келсе анда тарых аны экинчи жолу деп айтат. Биринчи деп айтпайт. Айттым го, бул болмушту баян этип менден башка дагы да бирөөлөр жазып жатышкандыр. Жазсын. Мен да жазам. Анткени менин бул окуяга түзмө-түз тиешем бар. Кезинде бул иштин болмогуна өз акылым, күчүм менен аралаштым, өз колум жасаштым.”

Казат Акматов.
Казат Акматов.

Иштин башталышы 1989-жылдын декабрына туш келип атпайбы. Горбачевдук “кайра куруу” (“перестройка”) күчөп, Балтика боюндагы республикалар СССР курамынан чыгуу маселесин коюп, Москвада эл депутаттарынын жыйындары түз эфирден көрсөтүлүп, коммунисттик империя күүлдөп турган чагы. Ачык-айкындык коммунисттер партиясынын айыбын ачып, күн сайын биринен экинчиси ачык мурда айтылбаган жаңылыктар жаап турган.

Совет бийлиги кантип миллиондорду жок кылганы, тап күрөшү, эл душманы, ачарчылык, саясий куугунтук, Молотов менен Риббентроптун жашыруун келишими ачыкка чыгып, коомдук турмуш азан-казан түшүп жаткан чак эле. Анан Кыргызстан жазуучулар союзунун суук бөлмөсүндө иштеп отурган катчыга ишеним арткан кишилер келип калышты. Анын үстүнө Казат Акматовдун “Мезгил” романы “оруска каршы” деп табылып, сыйлыкка көрсөтүлгөн автор кызматынан алынып, саясий куугунтук жегендер катарында болчу.

Келгендер "качанга чейин Кыргызстан “белгисиз республика” болуп кала берет, аракет кылбайлыбы, чогулбайлыбы" деп келишкен экен. Келгендер адабиятчы, сынчы Абдыганы Эркебаев, философ Асейин Исмаилов болчу. Ошол күндөн тарта бири-бирине ишенич арткан кыргыз интеллигенттери Казат аганын иш бөлмөсүндө жолугуша баштайт.

Чогулуп пикир алмашууну баштаган үчөөнө Төлөмүш Океев, Бексултан Жакиев, Турар Койчуев, Эдилбек Сарыбаев кошулуп, жыйын кыйла жанданат. Алгачкы жетөөнө жаңы адамдар кошулуп, бирок да саясий маселелерге келгенде чакан топ бөлүнүп кетишкен. Антишке себеп - компартияны сындоонун кереги барбы, суроосунан чыгып бир тобу кескин сын айткандарды жактырбай, башында бириккендер тарап кетишет.

Казат аганын айтуусунда, биринчи чогулгандар “сүйлөп, ой чаргытып, акыл айтууга маш, ал эми иштеп натыйжа чыгарууну башкалардан” күткөн адамдар экен. Кыргызстанда демократиялык кыймылдын башталышы өлкө эгемендик алганга чейин эле башталган.

Жаңы конуштар

Тарыхый-документалдуу баянда ошол кездеги шаардык кыргыздарды нааразы кылган жагдай жаап-жашырылбай ачык жазылган. Ал турак жай маселеси эле. Борбордон же Орусиянын башка шаарынан келгендер “жаш адис” аталып, бир жылга жетип-жетпей үй алып калышса, кыргыздардын социализм куруп берген бекер үйлөргө жетишүүсү он жылдап созулчу. Завод-фабрикалардан жакшы жумушка орношо албай, анан да үй жагынан кысылган кыргыздар жумушчулук кесипке умтулбай калган.

“Кайра куруу” күчөп турганда үй салууга шаар четинен жер басып ала баштаган жаштарды борбордук басылмалар “баскынчылар” деп атап, капыс ишке шаардыктардын мамилеси эки ачакей эле. Фрунзедеги үйлүү-жайлуу калктын көбү орус тилдүүлөр болчу. Мурда орусиялык падышалык колониялык бийлик кыргыздарды дыйканчылыкка ыңгайлуу, суулуу жерлерден тоого сүрүп салса, андайга негиз катары “Степное Положение” деген документти пайдаланышкан. Совет бийлиги тушунда кыргыз жаштарынын шаарда орун-очок алышына “прописка” тоскоол болчу. Чыдамы түгөнгөндө жер басып алган жаштардын маанайын чөгөргөн коркунуч турган.

“Эртең ээлеген жеримден куулуп чыгып маскара боломбу, же жерим үчүн күрөшүп жатып түрмөгө кетемби, же кан төгүлүп майып боломбу деген коркунучтун чеңгелинде жүрөгү мыкчылып өңүнөн кан-сөлү качып турду”, - деп жазат Казат Акматов.

Республиканын ири шаарларында жер басып алуу бир жылдан кийин Ошто улуттар аралык кагылышууга себепкер болду. Бул кезде Кыргызстан демократиялык кыймылынын таасири артып, бийлик аны менен азыноолок эсептеше баштаган.

Кыргызстан эгемендүүлүгү ири шаарларда жаштардын жер басып алышынан башталган. Ири шаарлардын четиндеги жайнаган жаңы конуштар, анан да бул ишке байланышкан 1990-жылкы “Ош окуясы” “Окуялар, адамдарда” кенен сүрөттөлгөн.

“Ош алааматы боюнча миң киши эскерме жазса – миң түрлүү жазат. Анткени ар кимдин көргөнү-билгени, сезгени-туйганы ар башка эмеспи”, дейт Казат Акматов. Жазуучу көркөм иликтөөсүндө туңгуч президентти шайлоо “легендарлуу парламентте” кандай өткөнүн жаап-жашырбай ачык сүрөттөгөн.

“Жердешчилик, уруучулук, жок эле дегенде көчө-көчөгө бөлүнө калып талашып-тартышмай эл болгондун баарында эле бар деңиз. Кыргыз да андан кур кол эмеспиз, кудая шүгүр. Анын үстүнө тагдыр өзү бир элди шумкар учкус бийик тоонун эки жагына жайгаштырып койгонун кара. Ошондон улам “түндүк-түштүк” деген ажырым сөз пайда болуп аны керек болгон учурда нечен кашайгырлар жата калып суу ичкендей пайдаланышат. Ушул ажырымга сала коюп санасак, 350 депутат дээрлик тепетең эки тарапка бөлүнүп чыга келет экен. Демек, опаң-чычаң ойногонго эң эле ылайыктуу. Бирок бир гана жаман жери бул опаң-чычаң балдардын оюну болсо кана. Ошентип саясий опаң-чычаңды ойной баштадык”,- деп жазат Казат Акматов.

Саясий оюндун натыйжасы ошол кездеги Кыргызстан компартиясынын баш катчысы президенттикке өтпөй, жаңы шайлоодо илимпоз Аскар Акаевдин мөрөйү үстөм чыгып, мамлекет башчысы болуп калды.

Аскар Акаев "Кыргызстан демократиялык кыймылынын" (КДК) мүчөлөрү менен жолугушканда айтылган сунуш, пикирлерди жазып алат. Соңунда эгиз бир туугандардай болуп калган демократиялык кыймыл менен мамилеси бузула койбостугун айтып тарайт.

“Бирок, тилекке каршы, тупатуура үч жылга аяк баскан кезде, же болбосо миң бир күндөн кийин” ортолук мамиле сууп, ажырым билинип калды.

Бийлик

"Кыргызстан демократиялык кыймылынын" (КДК) тарыхындагы дагы бир чоң сыноо 1991-жылдын 19-августундагы сарай кутумчулугу – ГКЧП, мамлекеттик төңкөрүш болгону, кыймыл мүчөлөрү аны биринчи күндөн жактырбай каршы чыгышканы эскерүү китепте кенен-кесир сүрөттөлгөн.

“Ошентсе да караламан элдин көпчүлүгү: “кудай, кудай баягы жыргал совет доору кайра келет экен” деп, ага жер-жердеги эски партактивдер шыкак берип, чындап келсе ГКЧПны колдогондор көпчүлүк болуп турган. Сөз чынынан бузулбайт, кыргыздын көбүнө “саясий эркиндик”, “өз алдынча мамлекет” деген түшүнүктөр жат болуп бүтүптүр. Ошонун баарынан көрө колония-колхоз болуп эле, ошол колхоздун данын, малын уурдап жеп оңой жан баксак жакшы эмеспи дегенге өтүп калыппыз. Мындай аң-сезимди сөөккө сиңире калыптап койгон узак мезгил, күчтүү идеология жана ээси жок, коллективдүү менчикти талап-булап жан бакмай ыкмасы эмей эмне? Ошонун айынан мына бүгүн жерди менчиктөөгө кара жанды карч уруп жекече иштөөгө эл шарт өтпөй, кыйналып атпайбы. Ошол кыйылып атып эки-үч жылдын ичинде колхоз-совхоздордун малын, техникасын бүт башкарма, деректирлерге, райондук, областтык чиновниктерге талатып-тонотуп жиберишип эми карапайым эл бармактарын тиштөөдө”.

"Кыргызстан демократиялык кыймылы" (КДК) да ичара ыдырап алгач демократиялык конгресс, ассоциация болуп, “демократтар деген жалпы аттуулар экиге бөлүндүк, жаманатты болдук, кайрылып кайра кошулгус ача жолго түшүп, акыры бытырап, бир каруу күчтөн биротоло калдык”, -дейт Казат Акматов.

Андан да өкүнүчтүүсү, президент менен коомдук уюмдун мамиле-катышынын сууп кетиши болду. “Экөө тең демократия жолунда бир басалы, жөлөк бололу, тирек бололу деген маанайда” эле.

Кыймыл мүчөлөрүнүн сынына чычалаган мамлекет башчысы кечээки тарапташтарына катаал жооп берип ортолук мамиле токтолду. Казат Акматов президентти жөндүү да, жөнсүз да сындаган айрым тарапташтарын курулай сындоодон башка эрмеги жок адамдар катары сыпаттайт.

“Менин КДКнын таза күчтөрү менен кызматташ болууга, аларды демократиялык реформаларды ишке ашыруу үчүн тартууга жасаган бир нече жолку аракетим ийгиликке жетишпегени” өкүнттү дейт. Президенттин тарых алдындагы милдети “Конституция, мыйзамдар, өзүнүн указдары жана ишмердиги менен элге саясий, экономикалык эркиндикти камсыз кылып, эл өзүн өзү азаптан куткарып кетүү үчүн толук жана ылдам шарт түзүү. Ушуну жасап берген президент эң жараган президент болмокчу”.

Жанатан бери кеп кылып жаткан китептин соңунда даркан сүрөткер “саясий партиялардын кыргыз кыртышында оболоп өсө албай жатканы тарыхый кемтигибиз. Демек, кыргыз коому али да болсо саясий плюрализмди эңсебейт, ага азырынча жогортон төмөн жүргүзүлгөн мамлекеттик бийлик гана жетиштүү.

Ошентсе да эртең эле башкача айтканда ХХI кылымдын астанасын аттаган соң кыргыз коому башынан кечирип турган тарыхый примитивин аттап өткөн көсөм элге айланарын эч ким тана албас”, деп илгери үмүт, изги тилегин билдире кеткен.

“Окуялар, адамдар (Миң бир күн)” жазылып жарык көргөндөн кийин Кыргызстан, эсеби маселен, үч “ыңкылапты” башынан кечирди. Туңгуч президенттин он беш жылдык башкаруусу кийинкисинде беш жылга кыскарып, андан соң бир жарым жыл, алты, үч жыл менен жыйынтыкталды.

Алтынчы президенттин башкаруусу канча жылга созулары белгисиз. Өлкө саясий туруктуулукка жете албай, Баш мыйзам менен мамлекет башчынын ишмердиги шайкеш келбей, Кыргызстан ушу тапта калтыс абалда турат.

Социализм тарыхый тактысынан жылмышып бараткан чакта демократияга өзгөчө үмүт артып, президенттик башкаруу өлкөнү алдыга баштап кетет, деген тилектер орундалбай, нааразы болгон топтор чогулуп келип мамлекет башчысын ээрден оодарып түшүү кадыресе ишке айланып баратат. Казат ага таамай белгилеген тарыхый примитив жаш өлкөнү бучкактап алдыга жылышына тоскоолдук кылууда.

"Мунабиянын өлүмү Казатты ментинен тайытты"
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:37 0:00

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG