Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:18

ГКЧП кутумуна 30 жыл


Кыргызстан демократиялык кыймылы, 1991.
Кыргызстан демократиялык кыймылы, 1991.

ГКЧПнын август кутумуна (путч) 30 жыл болду. 1991-жылы 19-августта КПСС БКнын мүчөлөрүнүн тобу эгемен республикалар шериктештигин түзүүгө жол бербөө максатын көздөп, кутум уюштурган. Мындай келишимге СССРдин курамына кирген республикалардын жетекчилери 20-августта Ново-Огареводо кол коюшмак.

Ошол учурду ал кездеги Жогорку Советтин (легендарлуу парламенттин) төрагасы Медеткан Шеримкулов “Азаттыкка” берген маегинде минтип эскергени бар:

“20-августта союзга кирген бир топ өлкөлөр, анын ичинде Кыргыз ССРи дагы “жаңы союздук келишимге” кол коймок болчубуз. Таң эрте биринчи рейс менен премьер-министр Насирдин Исанов Москвага учуп кеткен. Ал эми кечки рейс менен мен жана Аскар Акаев экөөбүз Москвага учмакпыз. Бирок ГКЧПга байланыштуу биз барбай калдык.”

ГКЧПнын өзгөчө абал киргизүү аракети ишке ашпай, атүгүл бул окуя СССРдин тез ыдырап, курамындагы республикалардын эгемен өлкө катары кайра түзүлүү жараянын тездеткен.

СССРдин курамындагы бир топ республикалардан айырмаланып, Кыргызстанда эгемендикке умтулган улуттук аң-сезим эрте ойгонгон жана 1990-жылдын башында эле демократиялык кыймылдар пайда болуп, коммунисттик режимди кулатуу аракеттери башталган. 1990-жылдын аягында легендарлуу парламенттин Кыргыз Республикасынын президенти кылып Аскар Акаевди шайлап алышын дал ушул коомдук кубаттуу аң-сезимдин таасирине байласа болот.

Ушундай жагдайда кыргызстандык демократтарда Кремлдеги кутум өз алдынча аракеттерди быт-чыт чыгарып койбос бекен деген чочулоолор болгон. Маселен, “Жаштык жарчысы” гезити ошол кезде демократтардын бири Таалайбек Ылайтегиндин: “Биздин негизги милдет – коммунисттердин ушак-айыңдарына ишенбей, сабырдуулукту сактап, болуп жаткан өзгөрүүлөргө сергек мамиле кылуу, эгерде шарт талап кылса өзүбүздүн президентибизди сактап калууга даяр бололу” деген пикирин жазган.

Чынында эле Борбор Азия аймагында биринчилерден болуп жеткен жеңишин алдырып ийүү коркунучу бар болчу. Анткени коомчулукта да, бийликте да коммунисттик жана демократтык көз караштар тирешип турган.

Мына ушундай шартта демократтар дароо билдирүү таратып, анда СССР Жогорку Советинен саламаттыгы начар деп жарыяланган президент Михаил Горбачевдун өз кызматына чукул киришүүсүн, окуяны мамлекеттик төңкөрүш деп баалап, катышкандарга чара көрүүнү, Союздук Ново-Огарево келишимине кол коюуну талап кылышкан.

Ошондой эле, Кыргызстандын аймагында жайгашкан СССР аскер күчтөрүнүн ыктымал аракеттерине каршы турууга белсенген демократтардын катарында кеминде 20 миң киши турганы тууралуу айтылган.

Демократтардын мындай батылдыгын, коргонуу үчүн бийликтен курал сураганын “Азаттыкка” курган маегинде ошол кездеги ички иштер министри Феликс Кулов да тастыктады.

Куловдун айтымында, Кыргызстандагы ички аскерий күчтөр да, танктар да Москванын башкаруусунда болчу. Ага жараша президент Аскар Акаев баш болгон расмий бийлик кезинде ГКЧПга кескин каршы чыга алган эмес:

"...Президент ГКЧПны колдобой койгону бизге негиз болуп берди. Бирок ГКЧПга каршы да эч ким чыккан эмес анда. Эч кандай каршы маанайдагы билдирүүлөр болгон эмес..."

19-августтагы кайрылуусу тууралуу Аскар Акаев өзү “Азаттыкка” курган маегинде айтканы бар:

"Мына мен ошол эле 19-августта элге кайрылып, бул мамлекеттик төңкөрүш, бул советтик авторитаризмди сактап калуу аракети деп, Кыргызстандын калкын чакырдым".

Бирок мындай кескин билдирүүнү Аскар Акаев 19-августта эмес, ГКЧП жеңилгендиги тастыкталган мезгилде, 21-августтагы кайрылуусунда жасаганы айтылып жүрөт.

Токсонунчу жылдары түзүлгөн Кыргызстан Демократиялык кыймылынын (КДК) лидерлеринин бири Жыпар Жекшеев ГКЧПнын он жылдыгына байланыштуу берген маегинде Акаевдин алгачкы билдирүүсүн минтип баалаган эле:

"Президент катары Акаев биринчи мамилесин билдириш керек да. Азыркыга чейин күлкүм келет, эч кандай тарыхый позициясы жок ал жерде. ГКЧП жеңип кетсе, алардын да кишиси болгусу келген, экинчи жактан алар жоопко тартылып кетсе, бияктын да кишиси болгусу келген маанайда да. Мындайча айтканда кереги жок, таасири жок билдирүү жасаган".

Жекшеев ошондой эле КДКдан кийин жасаган Жогорку Советтин (легендарлуу парламенттин) төрагасы Медеткан Шеримкуловдун билдирүүсү Акаевдикинен алда-канча таасирдүү чыкканын айткан. Анда Шеримкулов ГКЧПнын иштерин “антиконституциялык, мыйзамга туура келбеген мамлекеттик төңкөрүш” деп эсептеген.

Маалыматтарга караганда, президент Аскар Акаев ГКЧП маселесин Жогорку Советтин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Коопсуздук комитетинин төрагасы Жумабек Асанкулов, ички иштер министри Феликс Кулов, президенттик администрация башчысы Эднан Карабаев менен 19-августта түшкө жуук талкуулап, калкка президенттин атынан кыскача кайрылуу жасоо менен чектеле туруу чечимине келишкен. Ошол эле учурда жетекчилердин чакан жыйынында пассивдүү позицияны кармап турууну биринчилерден болуп Шеримкулов сунуштаганы айтылып келатат.

Шеримкулов ошол жолугушууну маегинде минтип эскерген: “Ошол эле 19-августта мен телефон аркылуу Акаев менен макулдашып, анын кабинетинде республиканын бир нече жетекчилери жолугуп, ГКЧПга болгон мамиле жөнүндө өз ой-пикирлерибизди алышып, өзүбүздүн саясий багытыбызды, позициябызды макулдашкан болчубуз. Ошондо биз Кыргыз Республикасынын 1990-жылдын 15-декабрында кабыл алынган “Суверендүүлүк жөнүндөгү” декларациянын негизинде республикабыздын көз карандысыздыгын сактап калабыз деген ойго келген элек.”

ГКЧПнын кутумуна байланыштуу аны ачык колдоду деген негизде президент Аскар Акаев Кыргызстандын Коопсуздук Комитетинин төрагасы Жумабек Асанкулов дароо кызматтан алган.

90-жылдары түптөлгөн кыргызстандык демократтар болсо өздөрүнүн 91-жылдагы ГКЧПга каршы туруму Кыргызстандын эгемендикке умтулуусу күч экенин далилдеди деген терең ишенимде. КДК кыймылына ал кезде Казат Акматов, Жыпар Жекшеев, Топчубек Тургуналиев теңтөрагалык кылган. Кыймыл демократиянын башатында туруп, өнүгүүнүн кызыкчылыгы үчүн элге кубат берип, бийликке таасир этип турган.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG