Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:57

Мунабия: "Биз дем алган ава улам тунуп, тазарып..."


Казат Акматовдун "Мунабия" жана “Шахид кыз” чыгармаларынын англисче котормосунун мукабасы. 2015.

Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматовдун (1941  — 2015) “Мунабия” аттуу сүйүү темасында жаңы дың бузган аңгемеси тууралуу адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты Бекташ Шамшиевдин сереби.

Казат Акматовдун “Мунабия” аңгемеси 1980-жылдардын башында жарыкка чыккан. Буга чейин улут адабиятында жашамал адамдын ышкы сезимин алдыга жаюу салты жайыла элек болчу.

Жоош тагдыр

Кийин бул мотив Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар күнүндө” Раймалы менен Бегимайдын ышкысы аркылуу баяндалды. Чакан аңгемеге сыйдырылган көркөм-философиялык маани-мазмун Казат Акматовдун “Мунабия” аңгемесинин эстетикалык жамалын ушу кезде да жоготпой, жаңы окурмандарын таап келатат.

Адабияттын аки-чүкүсүн иликтеген адистердин ырасташынча, нукура көркөм чыгарманын тулку боюнан бир да чекит же үтүрдү алып коюш мүмкүн эмес.

Андагы ар бир сөз чыгарманын маани-мазмунун арттырып, көп катмарлуу идеясын, автору алдыга жайган адабий сырын ичине камтып турат. Белгилүү адабиятчы, профессор Дилбар Чокоеванын ырасташынча, чыгармада бир чулу ой, бүкүлу идея камтылган.

- Бул чыгарманаы окуп атканда качан негизги окуяга жетем деп кете берет элем. Байкап көрсөм, негизги окуя “чү” деген жерден эле башталат экен. Башынан аягына чейин бул бир көркөмдүк максатты көздөп жазылган чыгарма.

К.Акматовдун "Мунабия" чыгармасынын негизинде тартылган көркөм тасма. Режиссёру - Т.Кулмендеев.
К.Акматовдун "Мунабия" чыгармасынын негизинде тартылган көркөм тасма. Режиссёру - Т.Кулмендеев.

Жанызак, каармандын “жоош Узак” атасы менен жашап жүргөн Мунабия, аларга карата айылдаштардын, туугандардын мамилеси, конфликт чыңалып жүрүп отурат да кошок аркылуу Мунабия ачылып, аны менен кошо жоош уста ачылат, сүйүү деген улуу сезим ачылат. Аягында каарман Мунабия жаркын апам, сиз ушундай эмессизби дейт.

Бул ысым авторго да аябай таасир берген болуу керек. Тегерек-четтегилердин текши баары Мунабияга терс мамиле кылганы байкалат. Айрыкча каармандын жеңеси. Кийин сөөк үстүндө кошулган кошоктон кийин адамдар Мунабияны түшүнүп, баасын алат. Мунун баары психологиялык жактан ичтен даярдалат.

Кебез кар, ак боз үй, аза

Казат Акматовдун “Мунабия” аңгемеси акыйкатта да, бар тарабы келишкен чыгарма. Анын сюжетинде чиеш окуялар, ачкан сайын түрүлүп чыга берчү табышмактуу жүрүштөр деле жок. Чыгармада айылдагы жоош уста менен жашамал аялдын ышкы сезими сүрөттөлөт.

Ал сезим Жанузак устанын аялы кайтыш болуп, жесил калгандан кийин гана башталган жүрүш эмес. Экөөнүн мамилеси жашыраак кезинде эле башталып, зергер устанын эң мыкты сөйкөсүнүн Мунабияга берилип, анын айынан эки аялдын көпчүлүк алдында урушуп кетишкени, апасына болушам деген баласы – үчөө тең Жанузактын камчысын жегени эскерилет.

“Жоош устанын” аялы өлүп үйдө жалгыз калган кезинде мурдагы ышкысынын ачыкка чыгып калышы туугандарын, айрыкча инисинин аялы Ажикенин ачуусун келтирет. Ал аял абысыны өлөр алдында Мунабияны үйүнө бут бастырбашын керез кылып кеткенин айтып, кайнагасынын кылыгын жактырбайт. Аны теске салыш үчүн шаардагы уулун чакырат. Жакындарынын каршылыгынан тажаган зергер уста булардан өлүп гана кутуларын айтып, ийге келбейт.

Мына ушул чатактан аз өтпөй Жанузак каза болуп, айыл аксакалдары анын керезин эстеп сөөк узатуу зыйнатына Мунабияны да чакыртышат. Чыгармадагы кульминациялык чечилиштин кандай өткөнүн чогуу угалы:

“Улам бир жаңы киши унчугуп келген сайын боз үйдөгү аялдар аркы-терки үн созуп калышат. Бир маалда чыны-чайнек көтөрүп, ары-бери чуркап сырттагы келиндер күбүр-шыбыр боло токтой калып жол карай башташты. “Келатат” деген үндөр тигинден-мындан угулат. Мунабия биздин үйдү көздөй келатканын уккан соң тигинде-мында жамбаштап жаткан эркектер да сөздөрүн токтотуп, баштарын соксойтуп, алдемне болор бекен деген шойкомдо делдейип калышты. Мунабиянын келиши ушул азыр жарданып тургандардын ар кимисинин өзүнчө: бирине намыс, бирине уят, бирине ачуу, бирине таба, бирине күлкү, а бирине болсо тимеле карандай кызык болуп турду бейм. Жеке мен өзүм кантээримди билбей, сөздүн чыны мына мобул жогоруда санаган сезим-туюмдарымдын бардыгы бирдей чогулуп келип бир убакта көңүлүмө жыйылып алган сыяктуу апкаарып да, чаташып да, бир чети чатак чыгып кетпегей эле деген ойдо кооптонуп турдум.

К.Акматовдун "Мунабия" чыгармасынын негизинде тартылган көркөм тасма. Режиссёру - Т.Кулмендеев.
К.Акматовдун "Мунабия" чыгармасынын негизинде тартылган көркөм тасма. Режиссёру - Т.Кулмендеев.

Эмнегедир ушул тушта шамалы жок, уйгу-туйгусу жок, тып-тынч мемиреп туруп эле асмандан аппак болуп кебез кар жаай баштады. Кара жердин бети агаргандан-агарып, биз дем алган ава улам тунуп, тазарып, дене боюбуз кадим салкын сууга чайкагандай таптаза.

Мунабия боюна жараштыра узун этектүү чымкый кара көйнөк кийип, чачылуу кара шалы жоолукту башына шалкы салынып, ээн жолдун дал ортосу меен түптүз басып жалгыз келаткан экен. Жарданган эл бала-бакыра аралаша сөөк жаткан боз үйдүн эшигинен чыга далай жерге эки жең болуп созулуп кеткен. Ошол эки жеңдин учуна келген тушта Мунабия башын саал бир жагына кыйшайтып, апакай узун шадылары менен ийнинен куюлуп түшкөн жоолугунун эки учун көкүрөгүнө кымтып алып, үн чыгара кетти. Кыязы кечээтен бери, атамдын өлгөнүн уккандан тарта үйүндө жалгыз отуруп ыйласа керек, көздөрү каканактап шишип, он талаалап жаш аккан бети-башы балбырап көөп чыгыптыр. Мунабиянын келатканын угаары менен Ажике жеңем боз үйдөгү үн чыгара баштаган аялдарды тыя салып, сыртка жүгүрүп чыкты. Мен эрксизден алга жүткүндүм. Балээ болуп эки аял чырлаша кетпесин дедим окшойт. Мунабия жаш төгүлгөн көздөрүн ирмебестен Ажике жеңемди көздөй түптүз келе жатат. Жеңем болсо тоо тоскон азаматча муштумдарын бекем түйүп, өзүнөн биротоло кетип алыптыр. Болпогой эткээл денеси жел урган көксотого окшоп титирейт. Айтору бир балээ башталарына көрүнүп калды окшойт. Же Мунабия токтоп калабы, же жеңем жол бошотобу. Бирок экөө тең андай кылбады, же жеңем бетме-бет тирешип калды. Ошол тушта кудай жалгап кайсы бир аксакалдын чыңкылдаган ачуу үнү абаны жарып кеткени:

- Алдагы эси жок катынды жол бошот дегиле ой, азага келген кишинин жолун тоспойт!

Асылбек байкем да көрсө чукул жерде экен, аксакалдын үнү чыкканчакты арада шып жетип келди да аялын жеңден тартып кетти. Ажике жеңем жакшы эле моюн бербей күйөөсү кармаган жеңин жулуп алып Мунабияны көздөй тап коёюн дегичекти Мунабия аны кыжалат бир карап алгандай болду. Ошондо ичиндеги тиреп турган пружинасы сынып калган өңдүү шылкыя түштү жеңем. Көздөрүндөгү эмелеки чакыраңдаган ачуу оттору негедир дароо өчүп кетти. Жеңемдин ошол кебетеси менин санаамды дароо тынчыткансыды, жеңем дайыма эле ушундай болуп жүрсө деген каалоо келип кетти оюма. Бирок анда дагы эле кайраттын көрөңгөсү калган экен. Мунабия боз үйгө кирип кетээр менен бетин аткып үзүп алды. “Уялбай баягы жылы акем жоготкон алтын сөйкөнү тагынып келген тура!” – деди анан ал карап тургандарга жардам сурагансып жалооруп. Бирок эч кимден жооп болбоду.”

Кошоктун сыйкыры менен табигат өзгөрүп жаткансыды

Жанузак устаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты ышкы сезимин айласыз жашырып, башкалар билип калбасын деп корунуп, бир келген өмүрдү өкүт менен өткөргөн эки адамдын тирүүлөр алдындагы арманы, бири жактырып, көпчүлүгү кодулаган улуу сезимди жарыя айткан, сүйүүнү даңазалаган өзүнчө бир окуяга айланат.

“Ыйлап демин суутуп алгандан кийин Мунабия да аялдарга кошулуп кошок кошо баштады. Адегенде көптүн ичинен анын үнүн биз ажырата алган эмеспиз. Бир убакта тыңшасак мурда биз угуп жаткандан башка бир муңайым үн өзүнчө бөлүнүп, башкалардан бөтөнчөрөөк угулат. Бара-бара ошол үн өстөндөгү улам арбып, улам арты түрүлүп аккан жазгы суу сыяктуу коюуланып, ичи толо арман күүгө шыкалып, барган сайын муңканып, чыйралып жүрүп отурду. Ыргагы да, сөздөрү да башкаларга окшобойт, кантсе да алар мурда-кийин жамандыкта айтыла жүрчү көнүмүш сөздөр эместей. Ошон үчүн боз үйдүн сыртында отуруп-турган эркектер да кобурларын токтотуп, алиги сөөк үстүндөгү чыккан жалгыз үнгө кулак төшөшкөнсүйт. Элди билбейм, менин бүт көңүлүм ири алды Мунабиянын ушул азыр атама айтып турган сөздөрүнө байланды. Бир отургуч алып алдым да үн чыккан тушка ыктай олтуруп, ысык чалган көздөрүмдү бекем жумдум:

Жанузак, адашып келип дүйнөгө,

Жанузак, алдыбыз чырмоо тор болду.

Жанузак, ажырым ойноп күлө албай

Жанузак, алтындай өмүр кор болду.

Жанузак, жер астына сен кетсең,

Жанузак, артыңдан удаа жетермин.

Жанузак, жер алдында жок болсоң,

Жанузак, армандуу болуп кетээрмин.

Жанузак, булуттуу көктө жок болсоң,

Жанузак, бул турмуштан кечээрмин.

Жанузак, жаземдүү тагдыр кор экен,

Жанузак, жазмыштын күчү зор экен.

Жанузак, жайыңа кеттиң күтүп ал,

Жанузак, о дүйнө бизге доор экен.

Ый бүткүчөктү баштарын жерге кулатып дым отурган элдин жону аппак болуп кетти. Жер аппак, боз үй аппак, асман аппак. Кошоктун күчүнө мен ошондо айран болдум. Кошоктун сыйкыры менен табигат өзгөрүп жаткансыды мага. Кара жоолук салынып боз үйдүн ирегесинде турган аялдар да ак башыл болуп бир башкача шоолаланып көрүндү көзүмө. Кирпик көтөрүп байкап турсам алардын чынында эле ушул мүнөттө Мунабиянын тагдырына диттери биригип, ага кошула баарынын тең аялдык жааты козголуп, баарысы тең адамдык, аялдык бийик ант-шертти бир кол менен тутамдап чогуу турушкансыды. “Көрдүңөрбү, аял деген кандай асылзат болот. Көрдүңөрбү, аял деген көңүлү бапестеген адамына кандай берилет. Тирүүсүндө да, о дүйнө кеткенде да аял андай адамын бийик урматтап көкөлөтө алат” дешкенсип, ошонусу менен алар мына ушул саатта бизден, эркектерден кыйла жогору көтөрүлүп тургандарын өздөрү да сезип жатышты окшойт. Мындайда деле божур-божурун токтотпогон арыдагы карыялар баш болуп бүт өчөйүп, эркек журту баш көтөрбөй дагы бир аз отурган соң, боз үйдүн ичи түйшөлө түштү да бүт тулкусуна суйсала төгүлгөн кара жоолугун ийиндерине бош таштаган Мунабия сыртка чыга келди. Мен жакты карагансыды, бирок мени көргөн жок ал, карыялар жакты карагансыды, бирок аларды да көргөн жок ал. Тек гана эмеле жер бетин жаба калган аппак карга таңыркап тургансыды да ылдый, үйүн көздөй жалгыз басып жөнөдү.”

Казат Акматов. 17.02.2010.
Казат Акматов. 17.02.2010.

Казат Акматов кыргыз адабиятына такшалган калемгер катары кирген. Башка курбалдаштарынан айырмаланып ал биртоп жылдар жаш жазуучу, келечегинен үмүттөндүргөн калемгер сыпатын деле албай, алгачкы “Эки сап өмүр”, “Боз улан”, “Ала-Тоо кары” сындуу чыгармаларында турмуш чындыгын кылдат туюнган сүрөткер болуп таанылган.

Кийинки “Мезгил”, “Күндү айланган жылдар”, “Боз чымчык”, “Архат” романдары, “Миң бир күн. Окуялар, адамдар” публицистикасында, “Ажырашуу” драмасында жазуучунун көркөм диапазону кыйла кеңейгенин далилдеди.

Философия илимдеринин доктору, профессор Жамгырбек Бөкөшев Казат Акматовдун чыгармачылык жолундагы мына ушул көркөм табылга кокус көрүнүш эмес, чыгармачылык эволюциясындагы күтүлгөн окуя болчу деген пикирде.

- Чоң жазуучу башкалар элес албаган нерсенин артында жаткан чоң маани-мазмунду түшүнүп, аны окурмандарына жеткирет. Тарыхта, күндөлүк турмушта болуп келген нерсенин, коомдук пикирде эки ача бааланып келген нерсенин маанисин ачып берген. Аны түшүнгөндөр, жактырбай терс баалагандар бар. Адамды адам кылып кылып турган касиетке байланыштырып, аны ачып берип, анын ысык-суугун, ак-карасын бирге карап, өзгөчө феномен катары карап, стандарттан, белгилүү бир алкактан чыккан, таза сүйүү, чыныгы махабат табиятынан кандай болорун ойлонуп келип, ичтен ачып берген. Философиялык жагынан алганда, адам турмушундагы өзгөчө бир окуя катары аны бийик көркөмдүктө ачып бериш Казат Акматовдун тагдырына туш келди. Муну биз убагында толук баалап айта албай калдык окшойт. Чындап карай келгенде, бул кыргыз прозасындагы өзгөчө бир кадам болгон.

Казат Акматовдун “Мунабия” аңгемеси кыргыз адабиятындагы кол менен саналчу саналуу жанрдын мыкты үлгүлөрүнүн катарында турат.

Жазуучунун турмуш чындыгын жымсалдатпай, катаал реализмди туу тутуп, сүрөткерлик жолунда дайыма чындык менен акыйкатка умтулуп келиши артында калтырган адабий мурасынын экинчи өмүрүнө ыңтайлуу жол чабууда.

Өмүрүнүн соңку жылдарында сүрөткердин бир кыл чыгармаларынын чет тилдерге которула башташы, мыкты кара сөз туундуларын орус тилине өзү оодарып, улут көркөм сөз өнөрүнүн таралуу мейкинин кеңейтүү аракети кыйла жемиштүү болду.

P.S.

"Азаттык" үналгысынан маалымат.

Маркум Казат Акматов (23.12.1941, Бостери — 14.09.2015, Бишкек) - Кыргызстандын көрүнүктүү коомдук ишмери, жазуучу, драматург, публицист эле. Ал Кыргыз эл жазуучусу. Кыргызстандын легендарлуу Жогорку Кеңешинин депутаты (1990-1994), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, "Кыргызстан" Демократиялык Кыймылынын (КДК) теңтөрагаларынын бири (1990-1993) болгон.

Анын "Мунабия" чыгармасынын негизинде тартылган ушул эле аталыштагы көркөм тасманын дүйнөлүк премьерасы Түштүк Кореяда Эл аралык Пусан Азия фильмдери фестивалында (Пусан ш., 13.10.2017) көрсөтүлүп, эл аралык коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды.

Тасманын режиссёру - Таалайбек Кулмендеев.

Башкы ролдордо: Гульзинат Суранчиева, Мээрим Атантаева, Назым Мендебаиров, Сакен Карабаев.

Сценарий: Казат Акматов, Таалайбек Кулмендеев.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG