Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Демократ жазуучу Казат Акматов дүйнө салды


Казат Акматов: КДКны кантип түптөдүк?
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:35 0:00

Казат Акматов: КДКны кантип түптөдүк? Бул видео маек 2014-жылы 11-июнда жазуучунун өз үйүндө жазылган. Маектешкен: Бурулкан Турдубек кызы.

Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, мамлекеттик ишмер Казат Акматов 74 жаш курагында дүйнө салды.

Жазуучулар Бирдигинин маалыматына караганда учурда маркумду акыркы сапарга узатуу тажиясына камылгалар көрүлүп, комиссия түзүлүп жатат.

Казат Акматов 1941-жылы Ысык-Көлдөгү Бостери айылында туулган. Жогорку билим алгандан кийин чыгармачылык менен мамлекеттик ишти кошо ала жүргөн.

1990-жылы Кыргызстан демократиялык кыймылын түптөгөндөрдүн бири, легендарлуу парламенттин жана Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышынын депутаты болгон. КДКны кантип түптөгөндүгү тууралуу бир жыл мурда "Азаттыкка" берген кеңири маегинде айтып берген эле.

Эң башкысы кыргыз адабиятына баа жеткис салым кошкон залкар жазуучулардын бири. Совет мезгилинде “Мезгил” романы советтик системага каршы чыгарма катары бааланып, куугунтукка кабылган.

Жазуучунун “Күндү айланган жылдар”, “Мезгил”, “Мунабия”, “Архат” романдарынын алды көптөгөн тилдерге которулуп, дүйнөлүк деңгээлде окурмандарын тапты.

Жазуучулар Союзунун маалыматына караганда залкар жазуучу “Кыргызстан баатыры” наамына көрсөтүлүп жаткан.

“Азаттыктын” жамаатты маркумдун жакындарына көңүл айтат.

XS
SM
MD
LG