Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Талибдердин лидерлери жана саясаты


"Талибандын" саясий кеңсесинин башчысы Абдул Гани Барадар баштаган топтун Ооганстанга барган учуру. 17-август, 2021-жыл. Талибдерге таандык телеканал тарткан видеодон алынган сүрөт.
"Талибандын" саясий кеңсесинин башчысы Абдул Гани Барадар баштаган топтун Ооганстанга барган учуру. 17-август, 2021-жыл. Талибдерге таандык телеканал тарткан видеодон алынган сүрөт.

Ооганстанда "Талибан" кыймылы 15-августта башкалаа Кабулду ээлегенден бери согушкерлердин лидерлери тууралуу талкуулар да кызыды. Талибдердин лидерлери кимдер жана алардын өмүр-таржымалы кандай?

Азыр кыймылдын өкмөтүн ким жетектей турганы белгисиз. Талибандын саясий кеңсесинин башчысын молдо Абдул Гани Барадар башкарып жатат. Кабулду алгандан кийин ал талибдер өзүнүн гана каалоосун таңуулоодон баш тарта турганын айткан.

Абдул Гани Барадар
Абдул Гани Барадар

«Мен бардык можахеддерден талап кылып, аларга кеңеш айтам. Биз жетишкен бул уникалдуу, күтүүсүз жагдай Кудайдын жардамы менен болду. Бирок бул нерсе бизди текебер кылбашы керек. Бизде мурда эч качан бүгүнкүдөй жоопкерчилик болгон эмес. Биз элдин коопсуздугун камсыздап, анын келечекке болгон үмүтүн актап, ага кызмат кылууга күн сайын даяр болушубуз абзел».

Мындай кепилдикке карабай, талибдер өз эрежелерин таңуулап, жер-жерлерде “шариятка ылайык” деген түшүнүктөрүнө карап, текшерүүлөрдү жүргүзүп, айрым адамдарды өзүм билемдик менен жазалап жатканы айтылууда.

Барадар ооган аралык тынчтык сүйлөшүүлөрдө талибдердин делегациясын жетектеп жүргөн. 2018-жылдан баштап байма-бай Орусияга жана Кытайга барган талибдердин делегациясынын башында турду.

Абдул Гани Барадар Ооганстанды үчүнчү өлкөлөргө кол салуу үчүн пайдаланууга жол берилбестигин айтып, бардык күчтөрдүн катышуусундагы, бардыгына ыңгайлуу өкмөт түзүү идеясын көтөрүп келген.


Абдул Гани Барадар жана башка согушкерлер "Талибандын" негиздөөчүсү - молдо Омордун шакирттери. Молдо Омор өз кезегинде катаалдыгы жана мыкаачылыгы менен аты чыккан. Ал болжол менен 2013-жылы өлтүрүлгөн.

Молдо Омор.
Молдо Омор.

Омордун башка шакирттери да акыркы окуялардан кийин ар кай жакта жашырынып жүргөн жеринен Ооганстанга кайтып келип, жоочулардын очогу болгон Кандагарда жаңы өкмөт түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканы кабарланды.

Талибдер Ооганстанда биринчисинде төңкөрүш аркылуу бийликке келип, 1996-жылы ага чейин бийликтен кулатылган мурдагы президент Мухаммад Нажибулланы бир тууганы менен кошо эл алдында мыкаачылык менен өлтүргөнү белгилүү.

1996-жылдан 2001-жылга чейинки талибдердин беш жылдык башкаруусу учурунда Ооганстанда телекөрсөтүүгө, киного, музыкага, искусствого тыюу салынып, кыздардын билим алышы чектелген.

Талибдер башкарган жылдар кандай болгон?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:14 0:00


Тарыхый жана маданий эстеликтер талкаланып, ташбараңга алуу, манжаларын кесүү жана эл алдында кыйнап, мазактоо сыяктуу жосундар ишке ашкан.

Мындан сырткары "Ал-Каида" сыяктуу террорчул уюмдар Ооганстандан түнөк таап, жоочулар лагерлери уюштурулуп, алар дүйнөнүн ар кайсы жеринде жардырууларды ишке ашырып, дүрбөлөң кылганы эл аралык медиада чагылдырылып турду.

Жоочулардын азыркы жогорку башкы кол башчысы болжол менен 1961-жылы Кандагарда айылдык имамдын үй-бүлөсүндө туулган Хайбатулла Ахунзада. Ал молдо Омордун жетекчилиги маалында шарият сотторунун бирин жетектеп турган. 2013-жылы Омор өлгөндөн кийин кыймылды Ахтар Мансур жетектеген. Ал 2016-жылы өлтүрүлүп, анын ордун Ахунзада ээлеген.

Ачык булактарда анын аскердик, саясий, диний-укуктук иштерди жана тармактык түйүндөрүн караган төрт орун басары бар экени көрсөтүлгөн.

"Талибан" кыймылы Катардын борбору Дохада негизделгени айтылып жүрөт.

Мындан сырткары талибдер Ооганстанда билим берүүгө, маданиятка жана сөз эркиндигине мамиле мурдагыдан айырмаланып, жумшак, бирок шарияттын алкагында болорун убада кылды.

Азыр эл аралык коомчулукту жана Ооганстандын кошуналарын кызыктырып жаткан дагы бир жагдай - талибдердин маңзат соодасына мамилеси. "Талибан" Ооганстанда маңзат өстүрүүгө жана сыртка сатууга каршы экенин жарыялап, анын ордуна башка айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоого жардам керек экенин билдирди. Бирок тыюу кандай жол менен ишке ашары азырынча белгисиз.

“Борбор Азиядагы баңгизат саясаты” борборунун башчысы, эс алуудагы полковник Александр Зеличенко талибдер мурда да баңгизат колдонууга тыюу салып, бирок апийим өстүрүп, героин өндүрүүнү чектебегенин эске салды. Зеличенконун пикиринде, талибдердин бул жолку чечими чоң сыноодо турат:

«Эгер "Талибандын" мурда бийликке келген кездеги тажрыйбасын эске алсак, алар анда “акыл-эсти тунарткан баңгизатын колдонуу- арам, күнөө” дешкен. Ошентип, аны колдонгондор менен күрөшө баштаган. Бирок, логикалык жактан алганда, маңзат колдонууга тыюу салынса, аны өндүрүүгө да жол бербеш керек болчу. Алар бул тармакты дээрлик үч жыл ачык калтырып, анан маңзат өндүрүүчүлөрдөн салык алууга аракет жасашкан. Азыр эми мага жакканы, талибдер кескин түрдө маңзат өндүрүүгө тыюу салынарын жана анын мыйзамсыз экенин жарыялашты. Иш жүзүндө кандай болорун эми көрөбүз. Азыр дал апийим жыйналып жаткан мезгил. Алар аны менен бюджетти толтурууну көздөйбү же маңзатка каршы күрөшүп, чын эле наркотрафикти жабабы?», - деп суроо салды Зеличенко.


Бир катар мамлекеттер, эл аралык уюмдар талибдерден кооптонуп дипломаттарын, жарандарды Ооганстандан чыгарууда. Ошол эле кезде Орусия, Кытай жана Пакистан жоочулардын кыймылы менен сүйлөшүү жүргүзүп, элчиликтерин калтырган. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өз өлкөсүндө тыюу салынган "Талибан" кыймылынын убадалары үмүт берерин айткан, бирок Москва азырынча талибдердин бийлигин таанууга шашпай турганын белгилеген.

Сергей Лавров "Талибандын" жоочулары менен эмес, анын саясий канатынын башчылары менен диалог жүргүзөрүн айткан жайы бар. Бирок ал кыймылдын куралдуу түзүмү менен саясий канатынын ортосундагы иделогиялык айырмачылык эмнеде экенин чечмелеген эмес.

"Талибан" кыймылынын ишмердүүлүгүнө Кыргызстанда да тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG