Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Атайын кызмат качкындар жөнүндө аңызды четке какты


Ооганстан- Пакистан чек ара бекети. Качкындар. 19-август, 2021-жыл.
Ооганстан- Пакистан чек ара бекети. Качкындар. 19-август, 2021-жыл.

Кыргызстанда ар кандай маалыматтар боюнча абал курчуганга чейин эле келген 1500 миңдей оогандык жүрөт. Атайын кызмат учурда Ооганстандан Кыргызстанга качкындар келген жок деп билдирди.

Оогандыктар жөнүндө маалымат

Ар кандай маалыматтар боюнча учурда Кыргызстанда жашап жаткан бир жарым миңдей оогандыктын арасында кыргыз жарандыгын алган, окуу, жумуш визасы менен өлкөдө жашоого укук берген документ жана качкын макамын ала албай жүргөндөр бар.

1999-жылдан бери Кыргызстанда жашап, “качкын” макамын ала албай жүргөн Ажмал Жамалдын сөзүнө таянсак, 1000дей оогандык кыргыз жарандыгын алган, убактылуу жашоого уруксаты бар жана расмий виза менен иштеп окуп жүргөндөр. 150дөй кишиде Бириккен Улуттар Уюму "качкындын мандат макамы" картасы бар. 300гө жакын оогандыктын паспортту, миграциялык картасы жана качкын мандаты жок. Башкача айтканда, мыйзамсыз жүргөндөр. Бул расмий эмес сандар экенин белгилей кетели.

Ал эми расмий маалымат боюнча Ооганстандын 73 жаранына Кыргызстанда “качкын” макамы берилген, дагы 67 оогандыктын башпаанек сураган өтүнүчү каралып жатат.

“Таптакыр документти жоктор ар кандай жумуштарда жалданып иштешет. Айрымдары курулушта, машине оңдогон жерлерде акча табат. Экспорт, импорт менен алектенген ишкерлер дагы бар. Ири ишкерлердин арасында дагы таптакыр документи жоктор бар. Менде БУУнын “качкындар мандаты” бар. Эч кандай документи жокторго кыйын болду”, - деди Ажмал Жамал.

Алты жылдан бери Кыргызстанда жүргөн ооган жараны Зарлашт Сармаст жогорку окуу жайды аяктап, эми магистратурада окуп жана иштеп жатат. Ал Кыргызстанда окуп жүрүп жайкы каникулга мекенине кеткен мекендештеринин арасында кайра келе албай жаткандар көп экенин айтып берди.

“Мен көпчүлүк студенттер менен сүйлөштүм. Виза алып, Кыргызстанга келүүдө көйгөй жаралууда. Мен Кыргызстандын өкмөтүнө жок дегенде студенттерге виза берип, кам көрүп жатканына ыраазымын. Бирок, ал жараян качан ишке ашаары боюнча маалымат жок. Студенттер визага тапшыруу үчүн эмне кылышы керек экенин билишпейт”.

Кыргызстанда 300дөй ооган студенти бар экени айтылган. "Ооган диаспорасы" коомдук бирикмеси кандайдыр бир маалымат бергенден карманып турушат. Ооганстандын Кыргызстандагы элчилиги дагы маалымат бере элек.

Кыргызстандыктарды кооптондурган көрүнүш

Журналист Канышай Мамыркулова социалдык тармактарда Пакистан, Индия, Ооганстан элине таандык кийимчен чет өлкөлүктөр Бишкек көчөлөрүндө көп жүргөнүн жазгандар, коомчулукта чочулоо болуп жатканын билдирди.

“Социалдык тармактарда ар кандай билдирүү жазып, сүрөттөрү менен жайгаштырып кооптонгондор көп. Мындай учурда атайын кызмат же тиешелүү органдар коомчулукту тынчтандыруу иретинде маалымат бериши керек. Чын эле көбөйүп кеттиби же окуялардан улам көзүбүзгө көрүнүп жатабы?”, - деди журналист.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы Кыргызстанда социалдык тармакта талкууланып жаткан "өлкөгө Ооганстандан келген качкындар көбөйдү" деген маалыматтарды төгүндөдү.

"Кыргызстандын Ооганстан менен жалпы чек арасы жок. Ошентсе да, кыргыз чек арачылары Ооганстандын Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чегиндеги абалды көзөмөлдөп турат. Коңшу өлкөлөр менен маалымат алмашуулар жүрүүдө".

УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек арасында коопсуздук көзөмөлдө деп ишендирди. Ооганстандын жарандарына Кыргызстанга кирүү үчүн виза режими жөнөкөйлөтүлгөн эмес.

Расмий маалымат боюнча жылына оогандыктар Кыргызстандан виза алуу үчүн 300дөн 500гө чейин документ тапшырышат. Алардын 300дөйү билим алуу үчүн документ бергендер.

Буга чейин Ооганстандагы абал курчуганына байланыштуу кыргыз бийлиги Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча Конвенциясына мүчө өлкө катары Ооганстандагы памирлик 1200дөй кыргызды кабыл ала аларын билдирген.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Кабулду талибдер ээлеп алгандан кийин Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза берүүгө даяр деген билдирүү тараткан.

Кыргызстандагы пакистандык эс алуучулар

Тышкы иштер министрлиги Kaktus.media басылмасына виза режими жөнөкөйлөтүлгөндөн кийин Кыргызстанга келген Пакистандын жарандарынын саны өскөнүн билдирди. Басылма мекемеге таянып 2019-2021-жылдары Пакистан жарандарына жылына 10 миңдей виза берилерин билдирди. Алардын көпчүлүгү билим алуу үчүн виза тапшыргандар.

Ал ортодо Пакистандын Кыргызстанда билим алган студенттеринин федерациясы "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылуу жасады. Анда чет элдик студенттер Кыргызстанга татыктуу, сапаттуу билим алуу үчүн келгенин, алар өлкөнү сыйлап, жергиликтүү элге эч качан акаарат кылбаганын жазышкан.

"Азыркы тапта Бишкектеги айрым адамдар пакистандык атуулдарга карата жагымсыз маалыматтарды таратууда. Баарыңыздарды чет элдик студенттерге жакшы мамиле кылууну суранабыз. Азыркы тапта Бишкекте жүргөн көп пакистандыктар студенттер эмес. Алар 15 күндүк карантинге алынып, Дубайга же башка өлкөлөргө кетчүлөр. Пакистандыктар Кыргызстанда жыйырма жылдан бери жашап келет. Канча ирет өлкөгө зыян келтиргени катталды эле? Пакистандыктардын жашоо образы айрымдардын ачуусун келтирип жатат. Бул глобалдык көйгөйбү?", - деп жазылган.

Пакистандын атуулдары Кыргызстанда 30 күн визасыз жүрө алат. Бул өлкөдөн келген жети миңге чукул студент Кыргызстанда билим алат. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев буларга токтолду.

“Виза режими жөнөкөйлөтүлгөн. Анын үстүнө Кыргызстандан Пакистанга аба каттамы ачылды. Бул эс алуучулар, акчасын бизге таштап кетет. Түшүнүү менен кабыл алуу керек”, - деди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин демилгеси менен кыргыз өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августунда кабыл алынган токтомуна ылайык, жеңилдетилген виза режими киргизилген өлкөлөрдүн тизмеси кеңейтилген. Ал тизмеге Алжир, Бангладеш, Египет, Индия, Иордания, Ливан, Марокко, Непал, Пакистан, Тунис, Шри-Ланка кошулган болчу.

Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы араб өлкөлөрүнүн резидент-жарандары үчүн жеңилдетилген виза режимин киргизген алгачкы өлкө болуп калды. Бул демилге туристтерди тартуу иш-чараларынын алкагында ишке ашкан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG