Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:56

"Талибан" чет элдик күчтөрдүн Ооганстанда калышына каршы чыкты


Ооганстан. Британ жоокери (солдо) жана америкалык аскер Кабул аэропортунда. 22-август, 2021-жыл.
Ооганстан. Британ жоокери (солдо) жана америкалык аскер Кабул аэропортунда. 22-август, 2021-жыл.

"Талибан" чет өлкөлүк күчтөрдүн 31-августтан кийин Ооганстанда калышына каршы экенин эскертти. Бир күн мурда АКШ президенти Жо Байден бул маселе боюнча талкуулар жүрүп жатканын айткан. Панжшер провинциясында талибдерге каршы күчтөр топтолуп жатканы кабарланууда.

Кабул аэропортунда миңдеген адамдар Ооганстандан чыгып кетүү үчүн күнү-түнү кезек күтүп турушат. 14-августтан бери бул аэропорт аркылуу 28 миңдей киши эвакуацияланды. Аба майданга жете албай жаткан оогандыктардын саны да аз эмес.

"Талибан" чет элдик күчтөрдүн Ооганстанда калышына каршы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:59 0:00


"Мен Газниден Кабулдун аэропортуна келдим. Эч кандай документим жок. Бул жакта кырдаал жакшы эмес. Ошондуктан чет өлкөгө кетким келет. "Талибан" аэропорттун босогосунда турат. Алар эч кимди өткөрбөй жатат", - деди ооган жараны Кудрат Уллах.



Аэропорттун ички бөлүгүн АКШ жана анын өнөктөштөрүнүн миңдеген күчтөрү көзөмөлдөп жатат. Талибдер аба майданга алып бара турган жолдорду кайтарып турат. Германиянын армиясы билдиргендей, 23-августта таң эрте белгисиз куралчан топ менен америкалык, немис жана ооган аскерлеринин ортосунда атышуу болуп, андан ооганстандык бир күзөтчү мерт болду. Азырынча атышууга эмне себеп болгону жана каза тапкан жоокердин тек-жайы белгисиз.

Кошмо Штаттар "Ислам мамлекети" террордук тобунун Ооганстандагы жоочуларынын аэропорттун аймагындагы болжолдуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирди. Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан мындай коркунучту "реалдуу жана курч" деп мүнөздөдү.

НАТОнун маалыматына ылайык, талибдер ооган баш калаасын ээлегенден бери бир жума ичинде Кабулдун аэропортунда жана анын айланасында кеминде 20 киши мерт болду. Алардын айрымдарына ок тийсе, кайсы бири башаламандык маалында тебелендиде калып каза тапкан.


АКШнын президенти Жо Байден эвакуация жараянын болушунча тез жыйынтыктоого аракет жасалып жатканын айтканы менен америкалык аскерлерди чыгаруу үчүн белгиленген 31-августка чейинки мөөнөт узартылышы мүмкүндүгүн четке каккан жок.

Жо Байден.
Жо Байден.

"Мөөнөттү узартуу боюнча өз ара жана армиянын ичинде талкуулар жүрүп жатат. Узартууга туура келбейт деп үмүттөнөбүз. Бирок, чамамда, бул жараяндын кайсы бөлүгүнө келип калганыбыз тууралуу талкуулар болот", - деди Байден.

Британ премьер-министри Борис Жонсон "Чоң жетинин" лидерлеринин 24-августтагы саммитинде Байденди бул мөөнөттү узартууга чакырат деп күтүлүүдө. Бирок "Талибандын" басма сөз өкүлү Сухейл Шахин Sky News телеканалы менен маегинде эгер америкалык аскерлер 31-августтан кийин да Ооганстанда кала турган болсо, анда ортодогу ишенимге доо кетерин, буга жооп кайтарылышы мүмкүндүгүн эскертти.

"Бул кызыл чек. Президент Байден алар бардык аскердик күчтөрдү 31-августка чейин чыгарып кетерин жарыялаган. Эгер узарта турган болсо, анда бул зарылчылык болбосо да, оккупацияны узарткандык болот", - деди Шахин.

Талибдер жаңы өкмөттү куроо боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаганы маалымдалды. Бирок 20 жылдан кийин кайра ооган бийлигин колго алып жаткан бул кыймыл өлкөнүн түндүк-чыгышында каршылыкка туш болууда.


Айрым маалыматтарга ылайык, ооган армиясынын калган-каткан бөлүгү узак жылдан бери "Талибанга" каршы күчтөрдүн очогуна айланган Панжшер аймагына топтолуп жатат. Аймакта Улуттук каршылык көрсөтүү кыймылы түзүлгөнү белгилүү болду. Аны бул өрөөндөн чыккан аскер кол башчысы маркум Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд жетектейт. Мындан тышкары Ашраф Ганинин өкмөтүндө вице-президенттик кызматты аркалаган Амрулла Салех да бул аймактан баш калка тапты.

Ахмад Масуд талибдерге каршылык көрсөтүүгө даяр экенин белгилеп, бирок маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү керектигин айтты.

"Биз кайсы бир аймакка же провинцияга каршы күрөшкөн жокпуз. Биз бүтүндөй өлкөнү коргоп жатабыз. Биз "Талибан" алдыга жылуунун бир гана жолу бул сүйлөшүү экенин түшүнүшүн каалайбыз жана алар менен сүйлөшүп жатабыз", - деп билдирди Reuters жаңылыктар агенттигине Ахмад Масуд.

Ахмад Масуд.
Ахмад Масуд.


"Талибан" Панжшерге жүздөгөн жоокерлерин жөнөткөнү кабарланып жатат.
Ооганстандын түндүк-чыгышындагы кууш капчыгайда жайгашкан бул провинция талибдердин буту басып бара элек жалгыз аймак. Провинциянын көпчүлүк жашоочулары этникалык тажиктер.

Талибдер май айында АКШ жана анын өнөктөштөрү Ооганстандагы аскерлерин чыгара баштагандан бери ооган армиясына каршы чабуулдарын күчөтүп, июнь-июль айларында бир топ райондорду ээлеп алган. 6-августта алгачкы провинциясы борборун колго алып, андан тогуз күн өтүп-өтпөй Кабулга жетип келген.

Ошентип, 15-августта талибдер Кабулга кирип, Батыш өлкөлөрү колдогон өкмөт кулаган. Анын алдында ооган президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон.


Апрель айында АКШ президенти Жо Байден америкалык күчтөр Ооганстандан 11-сентябрга чейин чыгып кетерин жарыялаган. Кабул талибдердин колуна өткөнгө чейин АКШнын жана анын өнөктөштөрүнүн аскерлерин Ооганстандан чыгарып кетүү жараяны 31-августка чейин жыйынтыкталышы мүмкүндүгү кабарланып жаткан.

Талибдер башкарган жылдар кандай болгон?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:14 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG