Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Рахмон тажиктерди бийликке кошууну "Талибандан" талап кылды


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайшини кабыл алган учуру. 25-август, 2021-жыл.

Тажик президенти Эмомали Рахмон Ооганстанда бардык этностордун кызыкчылыгын камтыган өкмөт куралбаса, Тажикстан “Талибанды” тааныбай турганын жарыялады. Батыш өлкөлөрү Кабул аэропортунда террордук чабуул болушу мүмкүндүгүн эскертип, Ооганстандагы өз жарандарын аба майдандан оолак болууга чакырды.

Анын бул айтканы Ооганстандын түндүгүндөгү талибдерге каршылык көрсөтүү кыймылынын билдирүүсү менен үндөштү. Ооган тажиктерине болушкан Рахмондун бул туруму “Талибанды” колдоп жаткан Москванын кызыкчылыгына каршы келбейби" деген талкууга жем таштады. Бирок саясат талдоочулар Рахмондун кадамы Кремль менен макулдашылганын, Москва Ооганстандагы тирешкен эки тарап менен тең “ойноп” жатканын белгилешүүдө.

Рахмондун талабы, Москванын карааны, геосаясий жүрүштөрү

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон ушул аптада Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайши менен Дүйшөмбүдө жолугушкан учурда ооган өкмөтүнө башка этникалык топтордун өкүлдөрү киргизилбесе, аны тааныбастыгын айтты. Ал жаңы өкмөттү түзүүдө башка улуттардын, өзгөчө, ооган тажиктеринин кызыкчылыгы эске алышы керек деген маселе көтөргөнүн президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Орусиянын президенти Владимир Путин Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Москвадагы жолугушуудан кийин “Талибан” боюнча төмөндөгүдөй пикирин айтканы бар:

“Биз талибдер согуштук аракеттерди токтотконун жарыялаганын көрдүк. Коомдук тартипти жолго салууга киришти. Жергиликтүү жашоочулар менен чет элдик дипломаттардын коопсуздугуна кепилдик берүүгө убада кылды. Ушунун бардыгы ишке ашат деген үмүттөмүн. Бул жараян БУУнун Коопуздук кеңешинин координациясы астында эл аралык коомчулуктун ынтаасы менен көзөмөлдөнүп турушу керек. Дагы бир маанилүү учур. Террорчулардын чектеш өлкөлөргө киришине, айрыкча качкындар сыяктуу өтүп кетишине жол бербөө зарыл”,– деген Владимир Путин.

Ошондон көп өтпөй орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва Ооганстандагы тирешкен тараптардын бирин дагы жактабасын жана чыңалган чатакка аралашпай турганын жарыялаган.

Ал эми Кремлдин жакын өнөктөшү саналган Эмомали Рахмондун позициясы Москванын талибдерге карата мамилесинен айырмаланып турганы көрүнүп калды. Ал Ооганстанда инклюзивдүү өкмөт түзүүгө үмүт артарын белгиледи.

Рахмон расмий Дүйшөмбү талибдердин тажиктерге, өзбектерге, хазарларга жана башка этникалык азчылыктарга жасаган зомбулуктарын айыптады. Анын айтымында, Ооганстандагы мамлекеттик түзүлүш бардык топтордун көз караштарын эске алуу менен аныкталууга тийиш.

Кошкабат "оюн": Рахмонго бөлүнгөн роль

Орусиялык саясий илимдердин доктору Андрей Казанцев Рахмондун кадамын Москва менен макулдашылган деп эсептейт:

Андрей Казанцев. Борбор Азия боюнча орусиялык эксперт. Саясий илимдеринин доктору.
Андрей Казанцев. Борбор Азия боюнча орусиялык эксперт. Саясий илимдеринин доктору.

“Жирнов (Орусиянын Ооганстандагы элчиси Дмитрий Жирнов) түз эле кенже Масуддун аракеттеринин өзгөчө келечегин көрбөй турганын айтты. Ушуга байланыштуу Эмомали Рахмондун Тажикстан “Талибанды” эч качан тааныбайт, ал жетишилген макулдашууларды бузду” деп айтканы Орусиянын кызыкчылыгына канчалык каршы келет" деген талаш жаралууда. Мында бир топ божомолдор бар. Анын бири - Рахмондун бул кадамы Москва менен макулдашылган болушу мүмкүн. Тажикстан ооган тажиктерине курал-жарак жеткиргени анык болсо, ал дагы Орусия менен макулдашылган деген эксперттик пикирлер бар. Менимче, Рахмондун кадамы Москва менен макулдашылган болушу ыктымал”.

"Түндүк альянстын" түпкү союздаштары

Саясат талдочулар Орусия салттуу түрдө Тажикстан жана Өзбекстан аркылуу Ооганстандын түндүгүндөгү тажик, өзбек кошуундарынын “Түндүк альянсын” колдоп келгенин белгилешти.

Бул жактагы можахеддердин аскер башчылары Шах Масуд менен Абдул Рашид Дустум талибдердин таасирине каршы Ооганстандын түндүгүндө плацдарм түзүп, Борбор Азия менен Орусиядан аскердик, материалдык жана финансалык колдоо алып келгени ачык булактарда да жазылган.

Бирок бул жолу Орусия Ооганстанда бийликке келген талибдерге карата Кытай менен чогуу макулдашылган мелүүн позицияны карманганы айтылууда.

Ошондуктан Ооганстандагы талибдерге каршы күчтөр бул жолу аскердик жана саясий колдоону "Талибанга" жакын болуп жаткан Орусиядан же Кытайдан эмес, Бээжин жана Пакистандын бул чөлкөмдөгү олуттуу атаандашы Индиядан жана андан ары карай Батыштан издей баштаганы белгилүү. Талдоочулар талибдерге каршылык көрсөтүү кыймылынын буга чейинки кайрылуулары ага далил экенин мисалга алышууда. Талибдердин каршылаштары чөлкөмдөгү негизги оюнчулардын геосаясий кызыкчылыктарын эске алган деген тыянакты алардын соңку жүрүштөрүн талдагандан кийин чыгарышты.

"Талибандын" негизги өзөгүн Пакистандан тамыр алган пуштундар түзсө, ооган тажиктери башка этникалык азчылык топтору менен союздаштыкта алар менен көптөн бери тирешип келгени белгилүү.

Ошондуктан Кабулда бийлик кулары менен талибдердин буту баса элек жалгыз провинция - Панжшер өрөөнүндө ооган тажиктеринин "Талибанга" каршылык көрсөтүү кыймылы түзүлгөн. Аны бул өрөөндөн чыккан аскер кол башчысы, маркум Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд жетектейт. Ага Ооганстандын кулаган өкмөтүнүн биринчи вице-президенти, тажик тектүү саясатчы Амрулла Салих келип кошулганы кабарланган.

Тажик президенти Эмомали Рахмон 25-августта турумун ачыктагандын эртеси Ахмад Масуд экинчи билдирүү менен чыгып, талибдер башкалар менен эсептешүүгө тийиш экенин кайталады:

Ахмад Массуд. "Талибанга" каршы кыймылдын башчысы.
Ахмад Массуд. "Талибанга" каршы кыймылдын башчысы.

"Биз бир эле провинция үчүн эмес, бирдиктүү өлкө, эгемендик, бардыгынын кызыкчылыгын коргоо үчүн турабыз. Өлкөнү бир провинцияда туруп, коргойбуз. Бул жакта бизге тилектештер чогулууда. Анткени, "Талибан" биздин баалуулуктарды эске алып, бир гана сүйлөшүү жолу бар экенин түшүнүшү кажет. Согушканды каалабайбыз. Башка жол жок болсо, анда аягына чейин каршы турабыз. Бирок сүйлөшүүлөр аркылуу өз ара келишип, маселе чечүү ар кандай согуштагы жеңиштен маанилүү",- дейт Ахмад Масуд.

Бул арада “Талибан” жаңы өкмөт куроого киришип, өзүнүн ардагерлерин чечүүчү кызматтарга дайындап жатканы белгилүү болду. “Талибандын” жаңы өкмөтүнүн курамы расмий жарыялана элек. Бирок андагы чечүүчү кызматтарда талибдерден башка саясий күчтөрдүн жок экени айтылууда.

Серепчилер Ооганстанда “Талибандын” гана бийлиги орношу болочокто Тажикстан үчүн опурталдуу экенин белгилеп жатышат. Саясат талдоочулар ооган тажиктеринин кызыкчылыгы менен катар эле Тажикстандан чыгып кетип, "Талибандын" курамында жүргөн жүздөгөн тажик жоочулары расмий Дүйшөмбү үчүн чоң баш оору болушу мүмкүн экенин болжолдошууда.

Орусиялык саясат таанучу Андрей Казанцев табиятынан Рахмондун режимине коркунуч жараткан жагдайларды атады:

“Талибдер Рахмондун бийлигине чакырык таштаган маселени өзгөчө белгилешти. Анткени, алар тажик талибдеринен куралган “Ан-Насрулло” тобун Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен жериндеги чек араны кайтарууга койду деген маалыматтар бар. Мындай кырдаалда Тажикстан эмне кылышы керек эле? Албетте, Дүйшөмбү буга макул болбойт. Анан дагы бир учур. Ооган чек арасынын ары жагында дагы тажиктер жашайт. Тыгыз байланыш бар. Ошондо Рахмон эмне кылышы шарт? Эгерде ал башкача позицияны карманса, анда Тажикстандын ичиндеги мекенчилдик маанай ага каршы көтөрүлөт. Өзөгүн пуштундар түзгөн талибдер 90-жылдары тажиктерди көп кысымга алган. Көптөн бери келе жаткан пуштун-тажик тиреши азыр да кайра козголуп турат. Ушунун баары Рахмонго ташталган чакырык”,- деди саясий илимдеринин доктору, орусиялык талдоочу Андрей Казанцев.

25-августта басылмалар ишенимдүү булактарына таянып, Ооганстандагы жаңы өкмөттүн курамына молдо Абдул Кайюм Закир, Гүл Ага Исхакзай, Садр Ибрагим жана Хажимухаммад Идрис сыяктуу идеялык жактан светтик режимдер менен келишкис турумдагы талибдердин мурдагы жана учурдагы аскердик кол башчылары, казыначылары киргенин жазып чыгышты.

Кабул аэропортун тооруган коркунуч

Кабул аэропортунун айлана-тегереги дале кымгуут. Ооганстандан чыгып кетүүнү каалаган адамдардын агымы 15-августта "Талибан" ооган баш калаасына көзөмөлүн орноткондон бери тыйылбай жатат.

Шаршемби күнү аэропорттун сырткы дубалдарын бойлой казылган каналдагы тизеге жеткен сууну кечип, документтерин булгалап, аба майданга кирүүгө ашыгып турган жүздөгөн оогандыктардын видеосу тарады.

Аэропортту америкалык жана британ күчтөрү кайтарса, аба майданга алып бара турган жолду "Талибан" көзөмөлдөп жатат.

"Башка өлкөгө кетели десек, алар аэропортко киргизбей жатышат. Бир жагынан талиб жоочулары, экинчи жагынан чет өлкөлүк аскерлер тосуп турушат", - деп билдирди Кабулдун тургуну Ахтар Мухаммад.


Акыркы 12 күндүн ичинде бул аэропорттун айлана-тегерегинде башамаландык орун алып, бир нече адамдын өмүрү кыйылган. Белгисиз куралдуу топтор менен атышуу да болгон эле. Андан бери Кабул аэропортунда кол салуу болушу мүмкүн деген тынчсыздануулар жаралып келет.

25-августта АКШнын Кабулдагы элчилиги Ооганстандагы америкалык жарандарды аэропорттун аймагына келбей турууга, кокус аба майданга келгендери болсо, тез арада артка кайтууга чакырды жана буга "коопсуздукка байланыштуу коркунучтарды" жүйө келтирди. Аны улай Улуу Британия менен Австралия да ооган жергесиндеги жарандарына ушундай шашылыш кайрылуу жолдоп, аэропорттун аймагында террорчул чабуул болушу мүмкүндүгүн эскертти.

"Биздин каттамдарга байланыштуу так кеңешибиз: Хамид Карзай атындагы эл аралык аэропортко келбегиле! Эгер аба майдандын аймагында болсоңор, коопсуз жерге барып, кошумча маалыматты күткүлө. Ооганстанда дагы деле өтө олку-солку жана кооптуу абал өкүм сүрүп жатат. Адам көп топтолгон жерлерде коркунуч бар жана зомбулук чыгып кетиши ыктымал. Террорчул чабуул болот деген өтө жогорку деңгээлдеги коркунуч кала берүүдө", - деп билдирди 26-августта Австралиянын тышкы иштер министри Мэрис Пэйн.

Кабул аба майданы. 25-август, 2021-жыл.
Кабул аба майданы. 25-август, 2021-жыл.

Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден Ооганстанда эл аралык күчтөргө "Ислам мамлекети" террордук тобунун "Талибанга" каршы турган жергиликтүү бутагы коркунуч жаратып жатканын айткан.

Мындай эскертүүлөргө карабастан, аэропортто эл дале көп экенин Батыш өлкөлөрүнүн биринин дипломаты 26-августта билдирди. Азырынча Кабулда Ооганстандан чыгып кетүүнү көздөп жаткан Батыш мамлекеттеринин жарандарынын саны канча экени так белгисиз. Айрым маалыматтарга ылайык, ушул тапта Ооганстанда колунда АКШнын паспорту жана визасы бар кеминде 1,5 миңдей адам аба майданына кирүүгө аракет кылып жатат.

Аба майданга ашыккан чет элдиктер да, ооган жарандары да август айы аяктагыча өлкөдөн чыгып кетүүнү көздөп турушат. Буга чейин талибдер эл аралык күчтөр 31-августтан кийин да Ооганстанда кала беришине каршы экенин билдирип, эвакуация менен аскерлерди чыгаруунун мөөнөтү узара турган болсо, анда ал кызыл чектен өткөндүк болоорун эскерткен.

Президент Жо Байден бул маселеге "Чоң жетинин" лидерлеринин 24-августтагы виртуалдык жыйынында да токтолгон эле.

"Биз азыр эвакуацияны 31-август менен жыйынтыктачудай ыргакта турабыз. Канчалык эрте бүтсө ошончолук жакшы. Операция уланган ар бир күн биздин күчтөргө кошумча тобокелчиликтерди жаратууда. Бирок 31-августка чейин жыйынтыктоо маселеси "Талибандын" кызматташуусуна, алардын сыртка чыга тургандарга аэропортко кирүүгө уруксат беришине жана биздин операцияларга тоскоолдук жаратпашына жараша болот. Ошондой эле, мен Пентагон менен Мамлекеттик департаментке эгер зарылчылык жарала турган болсо, кошумча планды даярдоону тапшырдым", - деди Байден.


Талибдер Кабулду ээлегенден бери АКШнын жана анын өнөктөштөрү баш-аягы 88 миң адамды эвакуациялады. Алардын 19 миңи соңку 24 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетишти. Кошмо Штаттардын армиясы билдиргендей, учурда Кабул аэропортунан ар бир 39 мүнөт сайын бирден учак асманга көтөрүлүп жатат. Талибдер жаңы ооган өкмөтүн куроо маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда. Башта айтып өткөндөй, бир күн мурда "Талибан" кыймылынын жогорку даражалуу өкүлдөрү министрликтерге дайындалышты. Алардын ичинде Гуантанамо түрмөсүндө отуруп чыккан молдо Абдул Каюм Закир коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп бекитилгени кабарланып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG