Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Советтик аскер: Панжшерди алуу оңой болбойт


Панжшер өрөөнүнөн чыккан аскер кол башчысы Ахмад Шах Масуддун портрети. Панжшер провинциясы, 23-август, 2021-жыл.

Панжшер өрөөнүнөн чыккан аскер кол башчысы Ахмад Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд Al Arabiya телеканалына курган маегинде Панжшер провинциясын талибдерге бербей турганын, эгерде аймакты басып алуу аракети болсо, айыгышкан каршылык болорун айтты.

“Биз Советтер Союзуна каршы турганбыз. Эми “Талибанга” да каршылык көрсөтөбүз”,-деди ал. Ахмад Масуддун айтымында, анын тегерегине чогулган куралдуу топтор регионду “Талибандын” көзөмөлүнө өткөрүү сунушунан баш тартты. Алар өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Панжшер капчыгайына топтолууда.

Панжшер — “Талибандын” бийлиги орной элек жалгыз аймак. Ал жакка талибдерге каршылардын баары чогулуп жатат. Каршылык көрсөтүү кыймылын Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салех жетектеди. 15-августта өлкөдөн президент Ашраф Гани качып чыккандан кийин Салех өзүн мамлекет башчысы катары жарыялап, жоочуларга багынбай турганын айтты. Панжшерге учурда 9 миңдей куралдуу күч топтолгону айтылууда.

Жекшембиде Ахмад Масуд жаңы өкмөт менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирген. "Талибан" дүйшөмбүдө социалдык тармактардагы билдирүүсүндө Панжшер капчыгайына куралдуу аскерлерди жөнөтө турганын кабарлаган.

Панжшерге маршал Абдул Рашид Дустумдун тарапташтары келип кошулганы дагы айтылып жатат. Панжшер үчүн салгылаш оңой болбосун айткандар да бар. Советтик аскерлер Ооганстанга кирген мезгилде ушул Панжшер аймагында кызмат өтөгөн Кыргызстандагы Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Жолдошбек Бейшеев менен маектешип, аймактын шарты жана өзгөчөлүгү тууралуу сурадык.

- Мен 1981-1983-жылдары Советтик армиянын катарында Ооганда кызмат өтөгөм. 1982-жылы чоң аскердик операция менен киргенбиз. Ошол мезгилде "Панжшердин арстаны" деп атагы чыккан аскер башчысы Шах Масуддун бийлиги жүрүп, ошонун аскерлери көзөмөлдөп турчу. Анын жеке аскерлери деп айтсак болот. Ошол куралдуу күчтөрү менен карачу.

Чорикар өрөөнүнөн чыккандан кийин Панжшер капчыгайы башталат. Ооганстандын борбордук стратегиялык аймагында жайгашкан десек болот. "Панжшер" деген сөз - бул беш шер (беш арстан) дегенди түшүндүрөт. Бул капчыгайга беш чоң капчыгай кошулат. Ошондуктан ушинтип аталып калган. Чоң-чоң аскалуу болгондуктан кирип-чыгуу өтө кооптуу. Ошондуктан бул капчыгайга советтик аскерлер киргенде толук көзөмөлүнө алалган эмес. Масштабдуу аскердик операция менен кирип, негизги аймактарын гана ээлегенбиз. Кышында кар түшкөнгө чейин туруп, анан чыгып кеткенбиз.

Капчыгайдын борбордук аймагында Рухи деген жери бар. Ошол жерде СССРдин аскерлери туруп калган. Кийин советтик аскерлер чыгып кеткенден кайра эле өзүлөрүнүн мыйзамдары менен жашап калышты. Панжшер капчыгайы Ооганстан үчүн өтө маанилүү аймак десек болот. Бул капчыгайды сырттан келип оңой менен эч ким алалбайт деп айта алам. Ал жер үчүн канын-жанын беришет. Ушундай бир өзгөчө анан маанилүү капчыгай. Анын аягы барып Пакистандан чыгып кетет.

Панжшер, 2014-жылы тартылган сүрөт.
Панжшер, 2014-жылы тартылган сүрөт.

- Панжшер Ооганстандагы отуз төрт провинциянын бири эмеспи. Айрым маалыматтарда 150 миңден ашык калк отурукташканы айтылат. Негизинен кайсы этникалык топтор жашайт?

- Биз барган учурда пуштундар, түндүк тарабында өзбектер бар болчу, тажиктер көп. Түндүк тарабында генерал Абдул Рашид Дустумдун аскерлери жайгашкан болсо, калган жагында пуштундар менен башка майда уруулар, тажик тектүү Шах Масуддун аскерлери болчу. Ал тарапка "Талибан" эч көзөмөл жүргүзчү эмес. Талибдер түштүк тарапта Кандагар багытында болушчу. Американын аскерлери бул капчыгайга толук көзөмөл кылуу үчүн ээлешкен. Алар чыгып кетери менен кайра эле өзүлөрүнүн мыйзамдары, эрежелери менен жашап башташты.

Азыр деле Панжшер капчыгайы үчүн салгылашуу оңой болбойт деп ойлойм. Ал капчыгайга оңой эле көзөмөл жүргүзөм деп ойлогондор жаңылышат. Көп жоготуулар болушу мүмкүн. Ал жердегилердин табияты ошондой.

Панжшерге “Талибан” бийлигине каршылардын баары чогулуп жатат. 23-август, 2021-жыл.
Панжшерге “Талибан” бийлигине каршылардын баары чогулуп жатат. 23-август, 2021-жыл.

Эми окуя кандай өнүгөт, аны мен айталбайм . Балким, алар четтен колдоо албаса "Талибдерден" Ооганстанды бошотобуз дешкени да ишке ашпашы мүмкүн. Эки тарап ортомчулардын жардамы менен аракеттер болуп, сүйлөшүүгө олтуруп, маселесин тынч чечип алышы деле мүмкүн. Болбосо бул капчыгайга көзөмөл жүргүзүү аракетинен баштап жаңжал күчөп кетиши мүмкүн. Жоготуулар да көп болуп кетет. Бул эми геосаясат.

Биз барганда деле Ооганстанга Советтик аскерлер кириш керек беле же жокпу деген талаштуу суроолор коюлган. Биз СССРдин түштүк тарабында тынч жашоо болушу үчүн, ооган элине жардам берүү максатында киргенбиз. Милдетибизди, коюлган тапшырмаларды чын ниет менен аткарганбыз. Албетте, бул чоң геосаясат болгон. Эми Американын аскерлери чыгып кеткенден кийин Түштүк Азия өлкөлөрүнө кооптуулук жаралат деген божомолдорду айтып жатышат. Бирок, бул аймакта да ШКУ, ЖККУ бар. Союздаштар менен биргеликте аймакта тынчтыкты камсыздоо үчүн сүйлөшүү жолдору же күч менен камсыздаганга болот.

- Панжшер саясий-стратегиялык жактан Ооганстан үчүн кандай мааниге ээ?

- Эми андай-мындай деп айталбайм. Бирок ошол Шах Масуд аймакты көзөмөлдөп турган учурда "бул биздин жерибиз, коргошубуз керек, башка бут баспаш керек" деп маанай жараткан жергиликтүүлөргө. Ошондуктан Шах Масуд "Панжшердин арстаны" деген лакап ысым алган. Сырттан бастырып киргендерге катуу каршылык кылышкан. Анан булар партизандык согуш жүргүзүшкөн. Кээде ачык кол салууга да барышкан. Советтик армиянын ошончо күчүнө каршылык көрсөтүп турушкан.

- Убагында СССР кубаттуу аскер күчтөрү менен дагы бул аймакты толук көзөмөлдөй алган эмес беле?

- Көзөмөл жүргүзүлгөн, бирок тээ капчыгайдын төрүнө, Пакистан тарабына кол жеткен эмес. Капчыгайдын борбордук бөлүгү Рухи деген жерди толук көзөмөлгө алып турганбыз. Кээ бир майда капчыгайлар менен жылгаларга да киргенбиз. Бирок алардын бизге кереги жок болчу. Бизге ошол аймакка совет аскерлери, аскер кербендери кирген учурда кол салуу болбосун деп гана көзөмөлдөп туруу тапшырмасы коюлган болчу. Биз чыгып кеткенге чейин ал жерде өзүлөрүнүн аскердик бөлүктөрү түптөлүп калган. Кийин алар өзүлөрү коопсуздукту көзөмөлгө алып калышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG