Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:47

Коррупциянын ооган армиясын кыйраткан күчү


Гераттагы ооган аскерлери. 2-декабрь, 2020-жыл.
Гераттагы ооган аскерлери. 2-декабрь, 2020-жыл.

Ооган армиясынын талибдерге өтө тез багынып бериши көп аскердик аналитик жана саясат таануучулар үчүн күтүүсүз окуя болду. АКШ жана НАТО ооган армиясына акыркы 20 жыл бою миллиарддаган долларларды салганына карабай аскерлер эч каршылыксыз багынып беришине эмне себеп болду?

2021-жылдын июль айында АКШнын президенти Жо Байден журналисттердин «Талибан» кыймылы Ооганстандагы бийликти басып алышы мүмкүнбү деген суроосуна: «Жок, анткени ооган армиясында 300 миң аскер бар. Алар толук жабдылган жана заманбап армия катары эң мыкты даярдыктан өткөн. Ал эми «Талибандын» болгону 75 миң жоочусу бар», - деп жооп кайтарган.

Анткен менен АКШ өз аскерлерин чыгарып жатканда эле ооган армиясы талибдерге каршылык көрсөтпөй эле багына баштады. Бир нече аптанын ичинде куралдуу кыймыл шаарлардын биринин артынан экинчисин алып, 15-августта Кабулга кирип барды. Талибдердин карамагына бир гана Панжшер провинциясы өткөн жок.

Кагазда бар, жашоодо жок аскерлер

Британиянын Guardian басылмасы жазгандай, америкалык генералдар ар дайым ооган армиясынын, атайын кызматтарынын жана полициянын кудуретин көтөрмөлөп келген. Соңку 20 жылда АКШ ооган күч кызматтарынын жабдыгына жана даярдыгына 88 млрд. доллар салган.

АКШнын тийиштүү органдары өткөн айда билдиргендей, америкалык аскерлердин ооган армиясынын кудурети тууралуу отчеттору негизсиз позитивдүү болчу. Ал эми Байден, аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу чечим кабыл алып жатканда, аскерлер даярдаган жалган маалыматтарга таянган болушу мүмкүн. Ак үйдө Ооганстандагы коррупциянын деңгээли тууралуу эч кандай маалымат жок болчу. Заманбап Ооганстанды иликтөө борборунун эксперти Никита Мендкович бул тууралуу мындай деди:

"Ооганстандын мурдагы жетекчилиги ооган армиясына бөлүнгөн каражаттын үчтөн бир бөлүгүн жеп койчу. Анын ичинде курал-жабдык жана аскердик экипировка дагы бар эле. Булактардын маалыматына караганда, аскердик бөлүктөрдүн ички курамынын 20% жөн гана «жок адамдар» болгон. Алар жөн гана тизмеде бар, алар үчүн айлык бөлүнчү. Бирок алар чындыгында жок эле. Талибдер бир корпусту басып алганда ички курамдын жарымы гана болгону аныкталган. Калгандары реалдуу жашоодо жок болчу, алар кагаздарда гана болгон", - дейт.

88 миллиард доллардын эмнеге корогону азырынча так белгисиз. Тиешелүү көзөмөлдөөчү мекемелер бул тууралуу жакын арада АКШ Конгрессине отчет бергени турат. Бирок азыртадан эле батыш медиалары Кабулдагы коррупциялык схемалар тууралуу байма-бай жаза баштады.

"Бул коррупциялык схемаларга ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү, министрлер, алардын орун басарлары, жергиликтүү бийликтин мүчөлөрү да аралашкан. Ошондой эле чет элдик контингенттердин да өкүлдөрүнүн катыштыгы тууралуу маалыматтар чыккан", -дейт Украинадагы Келечек институтунун аналитиги Илия Куса.

Журналисттердин маалыматына ылайык, баарынан көп НАТО коалициясынын аскерлери үчүн бөлүнгөн күйүүчү май уурдалып келген. Инспекторлордун эсебинде, НАТОнун аскерлери Ооганстанда турган жылдары жалпысынан 155 миллион долларлык күйүүчү май өөнөлгөн.

АКШнын Коргоо министрлигине караштуу Stars and Stripes гезитинин журналисти Д.П Лоуренстин айтымында, уурдалган май көмүскө базарда сатылып турган.

"Жалалабаддагы америкалык офицер ооган армиясынын керектөөсү үчүн алып келинген күйүүчү майды такай уурдап турушканын мага айтып берген. Жыйынтыгында аскердик операцияларды ишке ашыра албай калышчу. Бул бир эле окуя эмес, кеңири жайылган көрүнүш болгон. Көп америкалык инспекторлор белгилегендей, Ооганстанда америкалыктар жүргөн кезде миллиондогон долларлык күйүүчү май уурдалган. Аны кайра көмүскө базарда сатышчу".

Армиядан качкан аскерлер

Уурдоо жана коррупциядан башка эксперттер дагы бир көйгөйдү белгилешет. 2017-жылдан баштап Ооганстандын өлкөдөн чыгып кеткен президенти Ашраф Ганинин талабы менен америкалык аскерлер ооган жоокерлеринин арасындагы жоготуулар жана качып кеткендер тууралуу отчетторду жарыялабай калышкан.

Төрт жылдан кийин гана пайда болгон сандарга көз чаптырсак, 100 миңдей дезертир катталган. Америкалык инспекторлор белгилендей, жыл сайын АКШ каражатына окуп, даярдыктан өткөн ооган аскерлердин үчтөн бири качып кетчү. Алар качкан сайын, жаңыларды кабыл алып кайра баштан даярдоого туура келчү.

«Абдан көп акча жөн гана текке корогон же уурдалчу. Жыл өткөн сайын коррупциянын деңгээли күч алып, ага каршы олуттуу деле күрөш жүрбөгөн», - дейт аналитик Илия Куса.

Ооганстан көп жылдардан бери дүйнөдөгү жемкорлукка белчесинен баткан мамлекеттердин катарында турган. Transparency International уюмунун тизмесинде бул мамлекет эң акыркы орундардын биринде, 165-тепкичте турат. Батыш мамлекеттери миллиарддаган долларларды салган жылдары кырдаал өзгөргөн эмес.

«Биз аларга эмне керек болсо баарын бердик. Айлык төлөп турдук. Авиация бердик, ошол эле маалда «Талибандын» авиациясы жок. Биз алар өз келечеги үчүн күрөшсүн деп баарын бердик. Бирок биз аларга өз келечеги үчүн күрөшө ала турган эрк бере алган жокпуз», - деди АКШ президенти Жо Байден талибдер Кабулду алгандан кийин жасаган билдирүүсүндө.

"Талибан" Кыргызстан үчүн коркунучтуубу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:23 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG