Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 21:47

Караңгы эл кайгыдан арылбайт


Оогандык качкындар ымыркайын америкалык аскерлерге эвакуация үчүн берип жатат. Кабул. Август, 2021-жыл.

Ооганстанда талибдердин капилет бийликке келиши бүткүл дүйнө элин түпөйүл кылып, катуу тынчсыздандырып жатат. Алардын өкүмзордук бийлиги, динге жамынып жалпы ооган элин оозу-мурду жок кулпендеге айландыргысы келген ашынган репрессиялык-радикал саясаты Ооганстан бир канча доор артка, орто кылымдагы инквизициялык доорго кайтты деп ачык эле айтсак болот.

Эми бул өлкөдө адам укугу деген эч качан сакталбайт, динди өз пайдасы үчүн каалагандай бурмалаган бир ууч төбөлдөрдүн гана күнү тууйт. Алар каалаганын жасайт, каалаганын аткарат, элдин тагдырын каалагандай чечип, каалагандай калчайт. Кимдир-бирөө кыңк этип каяша кылып көрсүн, аёосуз жазаланат.

Мен муну «ислам мамлекети», «ислам халифаты» деген кандай балакет экендигин аздыр-көптүр жон териси менен сезген, андай кысымды бир кыш башынан өткөргөн адам катары айтып жатам. Элүү жылдык өмүрүмдө алардын үйүрүнөн (аларды бөлөкчө атоого мүмкүн эмес) жапайы, наадан, караңгы адамдардын жамаатын көрө элекмин. Бүгүн Ооганстандагы эркин ой жүгүртүп, эркин жашагысы, өз келечегин өзү аныктап, өз тагдырын өзү кургусу келген миллиондордун эртеңки күнү кандай болорун ойлогондо төбө чачым тик турат.

Талибдерди ачык эле актап-жактагандар, алардын бийликке келишине шилекейи чууруп кубангандар бизде да чыгып жатат (мүмкүн, алардын ичинен бизде да ушундай болсо экен деп тымызын самагандар да жок эмес). Аларды акыл-эстүү эле адамдар да колдоп-кубаттаганы мени катуу таң калтырууда.

1992-жылдын күзүндө басымдуу бөлүгү молдолордон турган тажик оппозициясы республиканын борбору Дүйшөмбү шаарын басып алды. Алар күнөөнүн баарын орус тилдүүлөргө, андан да тагыраагы коммунисттерге (каапырларга) жүктөп, башка көз караштагы адамдарды кысмакка ала башташты. «Тажикстан – тажиктердин жери!», «Тажикстан тажиктер үчүн гана!» деген ашкере шовинисттик маанайдагы ураандары көчөлөргө илип, орустарды ачык эле кууй башташты. Шаардын чоң көчөлөрүнүн биринде элди эки катар тизип, байкуш эки орус кызды жарым жылаңач кылып тияк-биякка бастырып: «Бизди, тажик элин жетимиш жыл эзип, кул кылган силер, силердин ата-бабаңар, аты-жытыңарды укпайлы, тез кетип жоголгула!», – деп аларды катуу кордошкондугун айтып беришкен эле көргөн-билгендер.

Ал эми бизде, Жерге-Талда буга чейин эл башкарып жүргөн аттуу-баштуу кишилерди штабдарына чакырып алып аёосуз уруп-согуп, айрымдарынын мал-мүлкүн тартып алышты. Бизге кошуна азыркы Рашт, мурдагы Гарм районунун аймагында Ясман деген капчыгай бар. Ошол капчыгай кадимки тозокко айланды. Нечендеген бейкүнөө кишилерди ошол жерге алып барышып, ит азабын көрсөтүп өлөрчө кыйнашкан. Ал жерден тирүү кайткандар аз эле болгон.

Чыдабай кетип каяша кылган, каршы турган канчалаган кыргыз-тажиктин намыска жараар эр азаматтары алардын колунан о дүйнө кетишти. Сакалдары сапсайып, көздөрү канталаган, күнү-түнү колунан автоматын түшүрбөгөн можахеддер аз күндө элдин үшүн алып бүттү. Калктын баарын мечиттерге, чайканаларга намазга чакырып, намазга келбегендерди (же убагында келе албай калгандарды) ур-токмокко алышты.

Ар бир айылдын элинин тизмесин алып, мечитте намаз окулуп жатканда капилет кирип барып, намазды бузуп адамдарды санап киришчү. Араларында өздөрү намазды билбегендер, намаз дегенден таптакыр түшүнүгү жоктор да бар эле. Атүгүл баңгилери да жок эмес болучу. Алардын көпчүлүгү үчүн сакал да, сырткы кийим да, намаз да чүмбөт гана эле.

Кайсы бир күнү Жаңы-Шаар айылынан эки киши жүйөлүү себеп менен (бири тумоолоп калган экен) намазга келе албай калат. Можахеддер дароо үйлөрүнө жетип барып, машинелерине салып штабдарына алып кетет. Алтымыштан өтүп калган аксакалдарды адегенде чапкылап-койгулашат. Кийин башкаларга эскертүү катары эки күн эртеден кечке райборбордун көчөсүн шыпыртат.

Көп өтпөй алар намазга келбегендерди жазалоонун жаңы ыкмасын табат: намазга катыша албай калгандарга бир койдон айып төлөтөт. Ошентип, баарынан тажаган эл алардын «сакалчан», ал эми зордук менен окулган намазды «кой намаз» атай баштайт.

Можахеддердин ынсап-ыймансыз жосуну муну менен эле чектелбейт, алар кылдан кыйкым таап, элге көрбөгөн азап-тозокту көрсөтөт, болбогон шылтоо менен канча кишилердин мал-мүлкүн (машинесине чейин) тартып алат. Кээ бирөөлөрдүн бойго жеткен кыздарын күчтөп аялдыкка алат. Ар кандай себеп менен жесир калган келиндерди күйөөгө тийүүгө мажбурлашат. Адамдарды бири-бирине аңдытып, элди өзүнө-өзүн тыңчы кылып коёт. Алардын айтканын кылбагандар кутулбас куяга калчу. Ошентип, элдин да ыркын бузушкан.

Жерге-Талдын Өмүрбай аттуу чоң устасы райондун борборундагы ашкере асемдеп курган чоң чайкана азыр да ошол калыбында турат. Адамды чымчыкты аткандай атып көнгөн немелерди сындап койгону үчүн аны атып салышкан. Өмүр бою бала окутуп, канча муунду тарбиялап өстүргөн пенсия жашындагы жыландылык Хафуржан Хоркашев деген мугалимди балдарынын, айылдаштарынын көзүнчө дарга аскан. Алардын кылмыштары муну менен эле тыйылып калган жок. Район аралык күрөштөрдө ар дайым баш байге алып жүргөн тубаса кара күчтүн ээси Асо палван, РИИБ башчысы Хушанов, Айдар палван, Доот палван сыяктуу Жерге-Талдын ар намыстуу эр-азаматтары алардын колунан набыт болушту. Бир нече милиция кызматкери да мыкаачылык менен өлтүрүлдү.

Ал эми иш жүзүндө акыйкаттыкты, калыстыкты камсыз кылууга тийиш болгон райондун казы болмушу төрт-беш аял алып, канча жаш кыздардын убалына калды (акыркысында 16 жаштагы кызга үйлөнгөн дешет). Можахеддердин дагы бир командири, нечендеген бейкүнөө адамдардын канын төккөн канкор беш аял алып, бешинчисинде өзүнөн 35-40 жаш кичүү, 15 жаштагы кызынын классташына үйлөнгөн. Ал жылдарда динди жек көргөн жаштар көбөйгөнү анык факт.

Талибдер башкарган жылдар кандай болгон?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:14 0:00

Мен эмне үчүн буларды айтып, жазып жатам? Бүгүн бизде да талибдердин жеңишин майрамдап куттуктагандар, «ураалап» төбөсү көккө жетип сүйүнгөндөр болуп жатат. Мен аларга көзүңөрдү ачкыла демекчимин. Кимиси болбосун – талибби, можахедби – эч кимиси жакшылык алып келбейт. Алар үчүн дин – бийликке жетүүнүн амалы гана. Ооган элинин шору - билимсиз караңгылыгында, ошондуктан кырк жылдан ашуун мезгилден бери ар түрдүү саясий тирештердин азабын тартып келүүдө. Элди ошондой аңга түрткүсү келгендердин эми бизде да пайда болгону кооптондурбай койбойт.

Бүгүн биз жашап турган доордо, адам турмушу улам татаалданып, дүйнөгө үстөмдүк кылууга умтулган диний идеологиялардын аракети күчөп жаткан учурда бир колуна адамды адам болууга чакырган ыйык китепти кармап, экинчи колуна ошол эле адамдын канын төгүүгө даяр турган автоматты алып күрөшкө чыгуу, акыл-эске сыйбаган абсурд да болуп эсептелет.

Анткени, бүгүн ишенимге киргизүү куралдын күчү менен эмес, акыл-парасаттын, рухтун, ыймандын жардамы аркасында ишке ашырылуусу керек. Албетте, бизге дин керек. Бирок саясатташпаган, бийликке умтулбаган, автомат менен Ыйык Куранды жуурулуштурбаган, адамдын дилин, жан дүйнөсүн тазалап, жашоонун бийик маани-маңызы тууралуу ойлоого түрткөн, адамгерчиликти, чынчылдыкты туу тутуп, ак жашоого багыттаган дин керек. Ошондо гана жаңыланабыз, рухубуз агарып, адамдын нарк-насилибиз өсөт, ошондо гана кишиче жашоого, адамдын атын булгабай ыйык сактоого умтулабыз».

Мен бул пикиримди 1999-жылы «Ажыдаар» деген китебимде жазган экенмин. Ошондо айтылган ойлорум азыр да өз орчундуулугун жогото элек деп эсептейм.

Аким Кожоев, жазуучу

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG