Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 20:49

Поэзия үчүн өлүм: оогандык акын кыздын катаал тагдыры


Иллюстрациялык сүрөт.

Надия Анжуман (1980 – 2005) Ооганстандан чыккан акын кыздардын бири. Ыр кайрыктарында ооганда аял болуу, эркиндик, адилетсиздик, теңсиздик тууралуу чыгыштын казал ("газель") формасында жазган.

Алгачкы “Айдагы гүл” аттуу китеби чыкккандан кийин коомчулук тарабынан кысымга алынып, күйөөсү сабап өлтүргөн.

"Кайрылган канаттарым..."

Ооганстанда 1996-жылдан 2001-жылга чейин "Талибан" бийликке келип, аялдардын окуусуна гана эмес көптөгөн нерселерге тыюу салуулар бар эле. Ага карабай кыздар тигүү цехинде университеттин профессору Мухаммед Али Рахьябанын жашыруун ачкан адабий курстарына барат. Ал жерден дүйнөлүк жазуучулар Шекспир, Бальзак, Достоевскийди жана башка классиктердин китептерин окуп, Надия кыздар арасынан биринчилерден болуп Герат университетининин филология факультетинин студенти болуп калат. Студент кезинде турмушка чыгат. Жолдошу адабиятчы болгондуктан түшүнүшүү жеңил болгон.

Акын кыз айрыкча Ооган аялдарынын баш көтөргүс тыюу салуулары айрыкча окуба, бирөөнү караба, үнүңдү чыгарба, жада калса шиш таканын үнү чыкса да жаза алышканына чыдаган эмес. Мындай кемсинтүүлөргө каршы алгачкы “ Ооган кызы” деген ырында абактарда гана сүйлөбөгөнгө тыюу салат, “Биз эмне абакта жашайбызбы?”, - деген маанидеги ыры абдан популярдуу болуп кетет. Анын казалдары эки саптан туруп, башка тилдерге жеңил которулган.

***

Мен бир бурчта капаста,

Караңгы, кайгыга кабылдым.

Кайрылган канаттарым, уча албайм.

Мен Ооган кызымын...

Демек, кыйкырышым керек!

***

Мени жок кылышты баарылап,

Рухумдагы поэзия шыбыры өлдү.

Кубанычтын маанисин менден издебе,

Баардыгы ичимде өчтү.

Эгер көздөрүмдөн жылдызды издесең,

алар эми жок.

...жөн гана жомокко айланды.

"Рухумдагы поэзия шыбыры өлдү"

Акын кыз ыр жазгандыгы үчүн 25 жашында адабиятчы күйөөсү тарабынан сабап өлтүрүлгөн. Анын “Айдагы гүл” аттуу китеби басылып чыккандан кийин окурмандары Ооганстан менен гана чектелбестен көптөгөн тилдерге которулган. Бул адабиятчы күйөөсүн гана кыжырдантпастан, талибдердин да каарына калат. Ооганстанда ыр жазган аял анын үстүнө сүйүү, эркиндик, теңсиздик жөнүндө жазгандарына үй-бүлөсү да каршы чыккан. Аруу кыздын сезими оргуштап, бардык ички кайрыктарын эки сапка батырып, жаңыртып айтып келген. Ошондо аял кишинин ыр жазганы болуп көрбөгөндөй чоочун, жат көрүнүш катары бааланып, күйөөсүнө “Сенин милдетиң - бул күнөөнү тазалоо”,- деп туугандары айтышкан. Бул кыйытма “өлүм” жыттанып турган.

Надияда ташкындап турган талант, атак-даңк, жаштык жана бир баласы бар болчу. Ал кыялдарыма жеттим дегенде талаш-тартыштын чордонунда калат. 2005 -жылдын ноябрында акын кыздын арзып баш кошкон күйөөсү алка-жакадан алып, иттей тепкилеп, сабап өлтүргөн.

Эртеси эч нерсе болбогондой өзү ооруканага алып барып “уу ичип алыптыр”, - деп уялбай элге жар салган. Денесинде ур-соккудан соо жери жок, көк-аланы көргөн дарыгерлер ишенген эмес. Үрөйдү учурган окуя боюнча күйөөсү кармалган.

Кийин акындын үй-бүлөсүнө жасалган жамааттын катуу басымынан улам, кыздын атасы дообуз жок деп арыз жазууга мажбур болот. Ооган соту акынды расмий түрдө өзүн-өзү өлтүргөн деген бүтүм чыгарган. Ал эми канкор күйөө баласы эч кандай жаза албастан кутулуп кеткен. Бул дагы өлгөнгө көмгөн кылгандай талантты тебелеп тепсөө, мазактоо эмей эмне!!!

Баш кесмек бар, тил кесмек жок

Чок баскандай чочуткан кандуу окуядан кийин Надия Анжумандын экинчи өмүрү башталды. Кырчындай кыялы кырды ашаарда кыркып салышкан акындын ырлары ооган гана эмес фарс тилдүү Иранга да чагылгандай тез тараган. Ырдан ыйга айланган армандуу окуя селт эттирсе да ыр саптары дүйнөнүн көп тилдерине которулган. Акын кыз эртеңкиге чоң үмүт артып, теңсиздиги үчүн күрөшкөн ооган аялдарынынын символуна айланып калды.

Акын кыз эмнеге өлтүрүлгөн? Аял болгондугу же акын болууга батынганы үчүнбү? Аял болуу да, акын болуу да анын күнөөсү беле?! Ал ар кандай адилетсиздикти, теңсиздикти тартынбастан жана жашырбастан айтканы үчүнбү?

Жоопсуз суроолор же аялдарды башка бирөөнүн "намысы" катары көргөн түшүнүк жана менталитет өлтүрдүбү? Ооган аялынын ыр жазышы, атүгүл аны жарыялоосу уят экен! Ким үчүн уят? Күйөөсү, үй-бүлөсү үчүнбү? Же коомчулук үчүнбү!

Акын кыздын кыялын, умтулуусун, кыйкырыгын жаш акын Нурзат Мокенованын эркин котормосунда окуп көрүңүз:

***

Ырдын эми пайдасы жок - керек беле жазыштын?

Убакытка ташталдым мен, ырдаймынбы... унчукпайм.

Жүрөгүмдү кескилешти, тепкилешти чынымды,

Мерез жандар шамдай көрүп "жалп" өчүргөн ырымды.

Байкабастыр эч кимиси тирүүмүнбү же өлүк,

Күлдүм балким, же кайгырдым - ортосунда бир өмүр.

Көңүл өчтү, үн дебеймин кайгы-торум жолумда:

Куру бекер мунун баары, каршы чыктым оюма.

Дуулдатып жүрөгүмдү жазгы шамал какпагын,

Билем сынган канатымды, күчүм да жок, учпаймын.

Бирок, жакын эркиндигим, алыс-жакын уккула!

Талкалаймын "түрмөлөрдүн" дубалдарын тирелген!

Гүл эмесмин эң бир назик - Оогандын бир кызымын.

Согуш мени талкалаган, дүйнөм менин азалуу.

Эми арга жок, кыйкырамын!

бүткүл аалам түшүнсүн,

Ырдап турам аялдардын эркиндигин, теңдигин.

Мезгил Исатов, акын

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG